Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-8
“Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржылануучу долбоор үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Борбаш айылына “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жаткан комплекске өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна негиз «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылына “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жаткан комплекстин курулуш иштерине 799 200 (жети жүз токсон тогуз миң эки жүз) сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |