Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-10
Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун аткаруу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ноокат финансы башкармалыгынан каржылануучу долбоор үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат районунун региондорду өнүктүрүү фондунун аткаруу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Ноокат финансы башкармалыгынан каржыланып жаткан порт зал катары капиталдык ремонттолгон эски бакыт үйүнө спорттун шаймандарды алуу боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна негиз «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Спорт зал катары капиталдык ремонттолгон эски бакыт үйүнө спорттун шаймандарды алуу боюнча долбоорго 143 895 (бир жүз кырк үч мин сегиз жүз токсон беш) сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |