Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-11
Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталуучу долбоор үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Каранай айылындагы Н. Абдувасиев көчөсүнө асфальт төшөө боюнча долбоорго Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантына сунуштоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна негиз «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каранай айылындагы Н. Абдувасиев көчөсүнө асфальт төшөө боюнча жалпысы болуп 10 012 913 (он млн он эки миң тогуз жүз он үч) сомдук долбоорго өздүк салым катары айыл аймагынын 2025-жылдын бюджетинин эсебинен 1 000 000 (бир млн) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Калган 1 500 000 ( бир млн беш жүз миң) сом акча каражаты айыл аймагынын бюджетинин 2024-жылдан 2025-жылга калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |