Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-12
Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата бюджетин жана 2025-жылга карата бюджетинин чыгашалар бөлүгүн бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата бюджетин жана 2025-жылга карата бюджетинин чыгашалар бөлүгүн бекитип берүү жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын №30 Жайыт мыйзамына негиз, бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 766 600 (жети жүз алтымыш алты миң алты жүз) сом болуп бекитилсин.
2.Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 3/1 бөлүгүн жайыт инфратүзүмдөрүн жакшыртууга өткөрүлүп берилсин.
3. 2025-жылда Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү 6 айдын жана 9 айдын жыйынтыгы менен айылдык Кеңештин сессиясында каралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |