Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 16-марты № 156
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
55-беренесинде:
1-бөлүгү "айыл аймагынын" деген сөздөрдөн кийин "калктуу конуштарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу шаарларда аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кеңештери, кварталдык жана үй комитеттери формасында, айыл аймактарында кварталдык, үй жана көчө комитеттери формасында ишке ашырылат.";
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун ар кандай формалары аларды жергиликтүү кеңеште эсепке алып каттоо учурунан тартып өзүнүн статусуна ээ болот. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кеңеши формасындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна да ээ болууга укуктуу.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|