Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-июну № 122
Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
39-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) коомдун финансылык отчету аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;".
2-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 22 - 24-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Чакан ишкердиктин субъекттери бухгалтердик эсептин отчеттуулугун жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелерге ылайык жүзөгө ашырат.
Чакан ишкердиктин субъекттери эсепке алуу саясатын бекиткен алардын жетекчи органдарынын чечими боюнча ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык финансылык отчеттуулукту ыктыярдуу негизде түзүүгө укуктуу.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн чакан ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү башка түшкөн каражаттары 30 миллион сомду түзгөн субъект түшүнүлөт.
Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон ашса, субъект чакан ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.
23. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн орто ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү башка түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейинкини түзгөн субъект түшүнүлөт.
Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон ашпаса, субъект орто ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.
Эгерде календарлык жылда түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон ашса, субъект орто ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.
24. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ири ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү болгон башка түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон жогору болгон субъект түшүнүлөт.
Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон ашпаса, субъект ири ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.";
2) 4-берененин 1-бөлүгүндө, 5-берененин 2-бөлүгүндө, 6-берененин 1-бөлүгүндө, 7-берененин 5-бөлүгүндө жана 17-берененин 4-бөлүгүндө түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-статьянын 3-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) коомдун финансылык отчету аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;";
2) 37-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "1-майынан" деген сөздөр "1-июнунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 38-статьянын 1-пунктунун 111-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111) аудитордук уюмду жана аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн бекитүү;";
4) 42-статьянын 5-пунктунун үчүнчү абзацында "коомдун аудиторунун" деген сөздөр "аудитордук уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 54-статьяда:
а) 1-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюмду тандоо жана аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо. Акционерлердин жылдык чогулушунда аудитордук уюм бекитилбеген учурда, директорлор кеңеши аудитордук уюмду тандоо жана бекитүү боюнча чечим кабыл алууга жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну жокко чыгаруу үчүн аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акынын өлчөмүн аныктоого укуктуу;";
б) 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аткаруу органынын, текшерүү комиссиясынын, эсептөө комиссиясынын, аудитордук уюмдун мүчөлөрү жана коомдун катчысы менен контракттарды түзүү;";
6) 57-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацында "коомдун аудиторунун" деген сөздөр "аудитордук уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 60-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "коомдун аудиторуна" деген сөздөр "аудитордук уюмга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 62-статьянын 5-пунктунда:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- директорлор кеңешинин же директорлор кеңеши жок болгон учурда аткаруу органынын макулдугу боюнча компаниянын каражаттарынын эсебинен көз карандысыз эксперттерди жана аудитордук уюмду тартууга;";
б) алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюмга суроо-талаптарды жөнөтүүгө жана аудитордук корутундуга же отчетко карата аудитордук уюмдун түшүндүрмөлөрүн алууга.";
9) 63-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аудитордук уюм аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде коомдун финансылык отчетторунун Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында көз карандысыз текшерүүнү жүзөгө ашырат.";
б) экинчи бөлүктө "көз карандысыз аудиторду" деген сөздөр "көз карандысыз аудитордук уюмду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аудитордук уюм коомдун директорлор кеңеши тарабынан тандалат жана коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен бекитилет.
Эгерде акционерлердин жалпы чогулушунда аудитордук уюм бекитилбесе, анда директорлор кеңеши кайрадан тандоо жүргүзөт жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырбастан аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акынын өлчөмүн аныктоо менен аудитордук уюмду бекитет.";
г) алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Акционер (акционерлер) финансылык отчеттуулуктун тууралыгын текшерүү жана тастыктоо үчүн башка көз карандысыз аудитордук уюмду тартууга укуктуу. Бул учурда аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө аудит жүргүзүүнү демилгелеген адамдын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
10) 64-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "64-статья. Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) жана аудитордук уюмдун корутундулары";
б) биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюм тарабынан.";
11) 65-статьянын 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 76-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацында "жана коомдун аудиторуна" деген сөздөр алып салынсын;
13) 77-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- финансылык отчеттуулуктун аудитине катышпаган эксперттин же аудитордук уюмдун ушул бүтүм боюнча отчету болсо.";
14) 82-статьянын 1-пунктунун онунчу абзацында "коомдун аудиторунун" деген сөздөр "аудитордук уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин жетимиш үчүнчү абзацында "аудитордук компанияны" деген сөздөр "аудитордук уюмду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 161-берененин 1-бөлүгүнүн онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- берилүүчү бухгалтердик отчетко карата аудитордук уюмдун (аудитордук уюмдун квалификациясына жана кесипкөй компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет) корутундусу;";
3) 20-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун экинчи абзацында "аудитордун (аудиторлордун)" деген сөздөр "аудитордук уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 29-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ачык компанияларга аудит жүргүзүү үчүн талаптарга жооп берген аудитордук уюм менен келишим түзүүгө;";
5) 364-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун "а" пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюмдун толук расмий аталышы;".
5-берене.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 7-декабры, № 147) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) аудитор - аудитордук иште 3 жылдан кем эмес иш стажы жана/же тажрыйбасы жана аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жак;";
б) 8-пунктта "жогорку окуу жайларынын жана" деген сөздөр алып салынсын;
в) 9-пунктта "сапатты контролдоо стандарттарынын" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 11-пунктта "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган, мамлекетте" деген сөздөр "башка мамлекетте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111) чет өлкөлүк аудитор - аудитордук ишти жүргүзүү укугун алган жана статусу башка мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан ырасталган башка мамлекеттин жараны;";
е) 15-пунктта "катышуучусу/уюштуруучусу" деген сөздөр "уюштуруучусу/катышуучусу/акционери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) сапатты башкаруу стандарттары - Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган, аудиттин, серептөөчү текшерүүлөрдүн, ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу башка тапшырмалардын же коштоочу кызмат көрсөтүүлөр боюнча тапшырмалардын сапатын башкарууда колдонулуучу сапатты башкаруунун эл аралык стандарттары;";
з) төмөнкүдөй мазмундагы 24 жана 25-пункттар менен толукталсын:
"24) башкаруучу өнөктөш - уюштуруучунун/катышуучулардын чечими же акционерлердин жалпы чогулушу менен дайындалуучу, Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген аудитор;
25) аудитордук уюмдун жетекчиси - башкаруучу өнөктөш/башкы директор/директор/аткаруучу директор.";
2) 3-берененин 2-бөлүгүндө "сапатты контролдоо стандарттары", "сапатты контролдоо стандарттарына" деген сөздөр тиешелүү түрдө "сапатты башкаруу стандарттары", "сапатты башкаруу стандарттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-беренеде:
а) 3-бөлүктө "катышуучуларына/уюштуруучуларына" деген сөздөр "уюштуруучуларына/катышуучуларына/акционерлерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Аудитордук уюмдар аудитордук корутундуга (отчетко) кол коюлган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аудиттин натыйжасында табылган финансылык отчеттуулуктун стандарттарын бузуулар жөнүндө аудиттелген жактарга бир мезгилде кабарлоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.";
4) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аудитор негизги жумуш орду боюнча аудитор катары өз ишин бир аудитордук уюм менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде жүргүзөт. Аудитор бир гана аудитордук уюмдун уюштуруучусу/катышуучусу/акционери болууга укуктуу. Аудитор кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү.
Аудитор же болбосо бир аудитордук уюмда эмгек мамилелеринде турган кызматкер бир эле мезгилде башка аудитордук уюмдун уюштуруучусу, катышуучусу же акционери болууга укуксуз.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Аудитор төмөнкү талаптарды бир мезгилде сактаган учурда гана аудитордук иш менен алектенүүгө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде туруу;
2) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде турган кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуу;
3) аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болуу.";
5) 7-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 2-пунктта "жана (же) аудитордук уюмдарга" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) аудитордук уюм ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде турган кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү;";
- 7-пунктта "сапатты контролдоо стандарттарына" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашырган аудитордук уюм башка аудитордук уюмдун - Кыргыз Республикасынын резидентинин уюштуруучусу/катышуучусу/акционери болууга укуксуз.";
в) 6-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ишкердик субъекттеринин, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүүдө текшерилүүчү мезгил башталгандан тартып аудитордук корутунду берилгенге чейинки мезгилде аудитордук уюмдун ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1, 4, 5 жана 7-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүсүнө тыюу салынат. Аудитордук уюмга ушул берененин 5-бөлүгүнүн 2, 3, 6, 8 жана 9-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүгө төмөнкүдөй шартта уруксат берилет, эгерде:";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) аудитордук уюмдун аудиторлорунун тобу финансылык отчеттуулуктун аудити кызматтарын көрсөтүүгө катышпаса/катышпаган болсо жана аудиторлор тобун бөлүштүрүү процесси документтештирилсе.";
г) 7-бөлүктө "катышуучулары/уюштуруучулары" деген сөздөр "уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 8-бөлүктүн биринчи абзацында жана 10-бөлүктө "сапатты контролдоо стандарттарына" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Аудитордук уюм аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын ички контролдоо үчүн жооптуу аудиторду дайындайт. Аудиттин сапатын контролдоо аудитте 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (ошол аудитордук уюмда же эл аралык бир тармакта турган уюмда иштеген) бар жана ошол аудитти жүргүзүүгө катышпаган аудитор же болбосо аудит боюнча адис, же келишимдик негизде башка аудитордук уюмдун аудитору тарабынан купуялуулукту сактоо менен жүргүзүлөт.
Аудиттин сапатын контролдоо боюнча аудитордук уюмдардын ички саясатынын жана жол-жоболорунун жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык өзүнчө тапшырмалардын деңгээлинде, ар бир өзүнчө тапшырманын тобокелдигин баалоонун негизинде аудиттин сапатын контролдоо жүргүзүлөт.";
ж) 12-бөлүктө "жыл сайын" деген сөздөр "үзгүлтүксүз негизде, бирок 2 жылда бирден кем эмес жолу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-беренеде "сапатты контролдоо стандарттары" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Аудитордук уюмдун жоопкерчилигин камсыздандыруу
Аудитордук уюм камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнүн натыйжасында зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелер боюнча өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү.
Аудитордук уюм камсыздандыруу келишимин түзбөй туруп аудитордук ишти жүзөгө ашырууга жана өзүнүн милдеттерин аткарууга укуксуз.
Аудитордук уюм келишим түзүлгөндөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
Аудитордук уюм аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн буйрутмачысынын талабы боюнча аудитордук уюмдун жоопкерчилигин камсыздандыруу полисин көрсөтүүгө милдеттүү.";
8) 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар жана/же аудитордук уюмдар кесиптик аудитордук бирикменин уюштуруучусу болуп саналат.
Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоосу бар аудиторлор, аудитордук уюмдар жана/же аудитордун квалификациялык сертификаты бар жактар кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат. Аудиторлор жана аудитордук уюмдар бир гана кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат.
Төмөнкү квалификациялык сертификаттардын биринен кем эмесине ээ болгон бухгалтерлер кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуп саналат:
- ушул Мыйзамга ылайык Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеги сертификат;
- Арачы/дипломдуу сертификаты бар бухгалтерлердин ассоциациясы (The Association of Chartered Certified Accountants - ACCA) тарабынан берилген "Дипломдуу сертификаты бар бухгалтер (Chartered Certified Accountant) " сертификаты;
- Англиянын жана Уэльстин Арачы/дипломдуу бухгалтерлер институту (The Institute of Chartered Accountants in England and Wales - ICAEW) тарабынан берилген "Ассоциацияланган дипломдуу бухгалтер (Associated Chartered Accountant)" сертификаты;
- CIPA (Certified International Professional Accountant: Сертификаты бар эл аралык кесипкөй бухгалтер) программасы боюнча сертификат.";
9) 14-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн категориялары;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) кесиптик аудитордук бирикменин ар кандай категориядагы мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;";
10) 17-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Комитеттердин төрагалары бир эле мезгилде Аудиторлор кеңешинин мүчөлөрү болуп саналат.";
11) 19-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 2, 3 жана 7-пункттарда "сапатты контролдоо стандарттарын", "сапатты контролдоо стандарттарынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "сапатты башкаруу стандарттарын", "сапатты башкаруу стандарттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4 жана 6-пункттарда "жогорку окуу жайлардын жана" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү.";
б) 3-бөлүктө "сапатты контролдоо стандарттарын" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 20-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) кесиптик аудитордук уюм тарабынан берилген, окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттелген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди тапшыргандыгы тууралуу ырастоочу документи бар;";
13) 26-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунда, 2-бөлүктө, 8-бөлүктүн 1-пунктунда "сапатты контролдоо стандарттарын" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) аудитордук ишти жүзөгө ашырууда аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу полиси жок болсо.";
14) 27-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жогорку окуу жайлардын жана" деген сөздөр алып салынсын;
15) 28-берененин 7-бөлүгүнүн биринчи абзацында "сапатты контролдоо стандарттарын" деген сөздөр "сапатты башкаруу стандарттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 29-берененин 1-бөлүгүндө "Аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө тиешелүү мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 11-беренесин кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 46 (3702) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 30-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |