Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 8-июлу № 135
«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, Nº 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1093-берене менен толукталсын:
«1093-берене. Анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу
Жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылытарын бузууга алыш келген анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алыш келет.»;
2) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту «1092,» деген цифралардан кийин «1093,» деген цифралар менен толукталсын;
3) 456-берененин экинчи абзацы «1092» деген цифралардан кийин «1093,» деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-июлундагы № 51 (3707) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |