Редакцияот 13.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 13-июнундагы № 31 VII

 

«Ваучердик каржылоонун механизмине пилоттук

апробациялоо жөнүндө»

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693-токтомунун негизинде, Жайылма айыл өкмөтүнүн берген маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,

 

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайылма айыл аймагындагы аз камсыз болгон 2 үй-бүлөнүн мектепке чейинки курактагы балдарын бала бакчаларга орноштурууга, төлөмдөрдү ваучердик каржылоо ыкмасында каржылоого уруксаат берилсин.

2. Жайылма айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2025-жылына ваучердик каржылоого 26400 (жыйырма алты миң төрт жүз) сом суммадагы акча каражаты бөлүнсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭОнун башчысы З.Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев