Редакцияот 12.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2025-жылдын 12-июну № 9

 

Чаек айыл аймагынын Көк-Ой айылы боюнча  “Ырыс” жана “Ынтымак” фермердик чарбаларына бөлүнгөн жер аянттарын ФПСтин жерлери боюнча Кыргызмамжердолбоорлоого жерге жайгаштыруу мамлекеттик институту тарабынан такталган карта боюнча жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 23-майындагы №128-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын тарабынан аныкталган контурларды  бекитип берүү боюнча  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-жана 34- беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл аймагынын Көк-Ой айылы боюнча “Ырыс” жана “Ынтымак” фермердик чарбаларына бөлүнгөн жер аянттарын ФПСтин жерлери боюнча Кыргызмамжердолбоорлоого жерге жайгаштыруу мамлекеттик институту тарабынан такталган карта боюнча жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 23-майындагы №128-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын тарабынан аныкталган контурларды  бекитип берүү боюнча  макулдук берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1. Чаек айыл аймагынын Көк-Ой айылы боюнча  “Ырыс” жана “Ынтымак” фермердик чарбаларына бөлүнгөн жер аянттарын ФПСтин жерлери боюнча Кыргызмамжердолбоорлоого жерге жайгаштыруу мамлекеттик институту тарабынан такталган карта боюнча жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 23-майындагы №128-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын тарабынан аныкталган контурларды  бекитип берүү боюнча  макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Муталиев