Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-июну № 377
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
6 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | 5866 | 948 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 134 | 21 |
| аймактык бөлүмдөрү | 163 | 43 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 5569 | 884 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмүн жана чектүү штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгына ылайык ишке ашырылуучу пилоттук долбоордун мезгилинде Ысык-Ата жана Өзгөн райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын убактылуу типтүү түзүмү колдонулат.";
2) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгына ылайык ишке ашырылуучу пилоттук долбоордун мезгилинде Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппаратынын штаттык санынын чеги ушул токтомдун 61-тиркемесине ылайык жөнгө салынат.";
3) жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 6-1-тиркеме менен толукталсын;
5) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 8-1-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде төмөнкүлөр белгиленсин:
- пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын эмгек акысына аткарылуучу иштердин көлөмүнүн көбөйгөндүгү үчүн эмгек акынын өлчөмүндө кошумча акы;
- пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын басма сөз-катчысынын кызматтык маянасы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сектор башчысынын деңгээлинде.";
2) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен өз ара аракеттенүүдө министрликтердин жана ведомстволордун райондук/региондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн милдеттерин жана түзүмдөрүн оптималдаштыруу боюнча иштерди жүргүзсүн, пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына тиешелүү сунуштарды киргизсин.";
3) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн ишине талдоо жүргүзсүн, борбордоштурулган бухгалтердик эсеп системасындагы отчеттук маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
| Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | |||||||||||
Райондордун аталышы | Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Аппарат жетекчи | Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Башкы бухгалтер | Башчынын катчысы | Материалдык бухгалтер/ чарба башчысы | Бардыгы |
Сокулук | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 5 | 4 | 2 | 18 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Панфилов | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 3 | 3 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Москва | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 3 | 2 | 16 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Кемин | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Ысык-Ата | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 6 | 4 | 2 | 19 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Аламүдүн | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 5 | 4 | 2 | 18 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Жайыл | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | 4 | 4 | 2 | 17 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Чүй | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 4 | 2 | 2 | 14 | 1 | 1 | 1 | 3 |
Бардыгы | 8 | 8 | 8 | 8 | 21 | 35 | 26 | 16 | 130 | 8 | 8 | 8 | 24 |
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгына ылайык ишке ашырылуучу пилоттук долбоордун мезгилинде Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппаратынын штаттык санынын чеги ушул токтомдун 81-тиркемесине ылайык жөнгө салынат.
Республика боюнча бардыгы:
Негизги персонал - 584, техникалык тейлөөчү персонал - 120, штаттык бирдиктер - 704, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Өзгөн жана Ысык-Ата райондорундагы райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду эске албастан бекитилген.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Өзгөн жана Ысык-Ата райондорундагы райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоордун мезгилинде Ош облусунун Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппаратынын ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | Кенже тейлөөчү персонал | |||||||||
Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Бөлүм башчы | Сектор башчы | Басма сөз-катчы | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бар дыгы | Бардыгы | Бардыгы |
1 | 1 | 3 | 4 | 1 | 1 | 6 | 7 | 3 | 27 | 3 | 9 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Өзгөн жана Ысык-Ата райондорундагы райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоордун мезгилинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппаратынын ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
Негизги персонал | Техникалык тейлөөчү персонал | Кенже тейлөөчү персонал | |||||||||
Башчы | Башчынын биринчи орун басары | Башчынын орун басары | Бөлүм башчы | Сектор башчы | Басма сөз-катчы | Башкы адис | Жетектөөчү адис | Адис | Бардыгы | Бардыгы | Бардыгы |
1 | 1 | 3 | 4 | 1 | 1 | 6 | 7 | 3 | 27 | 3 | 9 |
".