Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-июлу № 142
2025-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууну жана «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууну жана «Борбордук Азия - Кытай» форматынын катчылыгынын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобо ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун жана Жобонун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 19-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |