Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-июлу № 410
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна
өзгөртүп түзүү жөнүндө
Көмүр казып алуу тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү, казып алынуучу продукциянын өлкөнүн рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына ылайык, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясын, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы коомдун уставдык капиталын 10 757 477 900 (он миллиард жети жүз элүү жети миллион төрт жүз жетимиш жети миң тогуз жүз) сом суммасында аныктоо менен мамлекеттин менчигиндеги акциялардын 100 пайызын сактоо менен «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун 8, 9-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинин «Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер» графасында:
– «В» категориясынын (олуттуу объектилер) 14-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6. «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
– «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
– «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомунун акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
– бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 15-июнундагы № 52 (3708) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу
cхемасы