Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-июлу № 136
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишинин укуктук негизин белгилейт, аны түзүүнүн, чектерин белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн, ошондой эле иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
1-берене. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын статусу
1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы (мындан ары - "Тамчы" АФИА) - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу чектери бар Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагынын бөлүгү.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) төмөнкүлөргө карата талаптарды аныктоого тийиш:
1) "Тамчы" АФИАны ыңгайлаштырууга;
2) "Тамчы" АФИАнын контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга;
3) өзгөчө бажы режимине.
2-берене. "Тамчы" АФИА жөнүндө мыйзамдар
"Тамчы" АФИАнын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) "Тамчы" АФИАнын актысы - "Тамчы" АФИАнын аймагында субъекттердин, органдардын жана кызматкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт;
2) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор (ТЧЭБ) - англис укуктук тутумунун ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле жалпы укук тутумунун башка юрисдикцияларын колдонуу менен ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык талаш-тартыштарды чечүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм;
3) Башкаруу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) - мамлекеттин өкүлдөрүн жана инвесторлорду камтыган "Тамчы" АФИАнын жогорку жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу органы;
4) башкаруучу компания - "Тамчы" АФИАны натыйжалуу башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн башкаруу органы, ал "Тамчы" АФИАнын бардык субъекттеринин ишин координациялоону камсыз кылат, "Тамчы" АФИАны өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын контролдойт;
5) каттоочу - "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин түзүү, каттоо жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
6) "Тамчы" АФИАнын субъекттери - "Тамчы" АФИАда катталган жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жана башкаруучу компания тарабынан аныкталган тартипте "Тамчы" АФИАда ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияланган жактар;
7) финансылык жөнгө салуучу - виртуалдык активдерди кошуп алганда, финансылык чөйрөдөгү ишти жөнгө салуу менен байланышкан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу башкаруу органы;
8) инвестициялык резидент - башкаруучу компания тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келген инвестицияларды салууга, ишкердик иш жүргүзүүгө же экономикалык долбоорлорго катышууга байланыштуу "Тамчы" АФИАда атайын статус алган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
2. Ушул Мыйзамда, эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталбаган башка институттар, терминдер жана аныктамалар контекстте көрсөтүлбөсө, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кандай пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
4-берене. "Тамчы" АФИАнын ишинин принциптери
"Тамчы" АФИАнын иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) натыйжалуулук;
2) ачык-айкындык;
3) ак ниеттүүлүк;
4) кесипкөйлүк;
5) көз карандысыздык;
6) мыйзамдуулук.
5-берене. "Тамчы" АФИА
1. "Тамчы" АФИА Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу, өндүрүштү, транспорттук инфратүзүмдү, туризмди жана санаториялык-курорттук чөйрөнү түзүү жана өнүктүрүү максатында жана (же) ушул Мыйзамда аныкталуучу башка максаттарда түзүлөт.
2. "Тамчы" АФИАны түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, транспорттук жана башка инфратүзүмдү, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын иштөөсүнө байланышкан башка чыгымдарды, анын ичинде башкаруу органдарын күтүүнү каржылоо "Тамчы" АФИАнын өздүк бюджетинен, республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзөт.
Түшкөн каражаттардан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2-глава. Башкаруу органдары жана алардын ыйгарым укуктары
6-берене. "Тамчы" АФИАнын башкаруу органдары
1. "Тамчы" АФИАнын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кеңеш;
2) башкаруучу компания;
3) каттоочу;
4) финансылык жөнгө салуучу;
5) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор.
2. "Тамчы" АФИАнын органдары өз ишин ушул Мыйзамда жана "Тамчы" АФИАнын актыларында каралган ыйгарым укуктардын чегинде көз карандысыз жүзөгө ашырат.
3. "Тамчы" АФИАнын катышуучуларынын ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби ушул Мыйзам жана "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
4. "Тамчы" АФИАнын бюджетинин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо тартиби Кеңеш тарабынан белгиленет.
5. Ар бир башкаруу органы "Тамчы" АФИАнын актыларында каралган уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат.
Кыргыз Республикасы башкаруу органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
Бир дагы башкаруу органы кудуретсиз (банкрот) деп таанылышы (жарыяланышы) мүмкүн эмес.
6. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды кошпогондо, башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынан көз карандысыз жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарына отчет бербейт.
7. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби ушул Мыйзам жана "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
8. "Тамчы" АФИАга бөлүнүп берилген Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо тартиби Кеңеш тарабынан гана аныкталат.
7-берене. Кеңеш
1. Кеңеш Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн жана инвесторлорду камтыган, "Тамчы" АФИАнын жогорку жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу органы болуп саналат.
2. Кеңешти түзүүнүн тартиби, анын курамы, компетенциясы, ыйгарым укуктары, ошондой эле анын ишин уюштуруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Башкаруучу компаниянын жетекчисин кошуп алганда, Кеңеш Кеңештин төрагасынан, ошондой эле Кеңештин 9 башка мүчөсүнөн турат.
4. Кеңештин мүчөлөрүнүн минималдуу саны - 5.
Кеңештин мүчөлөрүн биринчи дайындоо Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрү тарабынан анын курамынан дайындалат.
Кеңештеги кийинки бош орундарды ээлөө, төраганын ыйгарым укуктарын узартуу же дайындоо Кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн кем эмес добушу менен жүзөгө ашырылат.
5. Министрлер Кабинети Кеңештин мүчөлөрүнүн (башкаруучу компаниянын жетекчисин кошуп алганда) башкаруучу компаниядагы башка иш менен өздөрүнүн кызмат ордун айкалыштыруу мүмкүндүгү сакталган шарттарды аныктоо боюнча Кеңештин ыйгарым укуктарына зыян келтирбестен Кеңештин мүчөлөрүнүн сый акысынын өлчөмүн макулдашат.
8-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары
Кеңешке төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) "Тамчы" АФИАнын саясатынын негизги багыттарын жана өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу;
2) "Тамчы" АФИАны ушундай түрдөгү коммерциялык жана финансылык борборлор үчүн мыкты эл аралык стандарттарга ылайык башкаруу;
3) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жана Борбор Азия өлкөлөрүндө алдынкы коммерциялык жана финансылык борбор катары "Тамчы" АФИАнын статусун колдоо;
4) максаттарга жетүү үчүн бардык зарыл болгон инфратүзүмдү, персоналды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана башка колдоо көрсөтүү;
5) "Тамчы" АФИАнын жылдык бюджетинин аткарылышын контролдоо;
6) өз функцияларын, милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн алынган каражаттарды өзүнүн кароосу боюнча чыгымдоо, анын ичинде башкаруу органдарына зарыл болгон каржылоону берүү;
7) ички жол-жоболорду аныктоо;
8) "Тамчы" АФИАнын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттенмелерди аткаруу.
9-берене. Кеңеште чечимдерди кабыл алуунун тартиби
1. Кеңештин төрагасы Кеңештин биринчи жыйналышын өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктайт.
Кеңеш өз жыйналыштарын зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрөт. Кеңештин жыйналыштарын өткөрүү датасы, орду жана убактысы жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин 48 сааттан кечиктирбестен Кеңештин мүчөлөрүнө кабарланууга тийиш.
2. Кеңештин жыйналышы, эгерде ага Кеңештин бештен кем эмес мүчөсү катышса, укуктуу (кворуму бар) болуп саналат.
Кеңештин жыйналыштарында чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде бул маселеге карата Кеңештин ошол мүчөсүнүн кызыкчылыктарынын кагылышуусу болсо, Кеңештин мүчөсүнө күн тартибиндеги маселе боюнча добуш берүүгө тыюу салынат.
Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
3. Кеңештин жыйналышын же Кеңештин органдарынын жыйналышын өткөрүү жөнүндө кабарламаны алган Кеңештин бардык мүчөлөрү кол койгон жазуу жүзүндөгү чечим Кеңештин талаптагыдай түрдө кабыл алынган чечими болуп эсептелет.
Кеңештин жыйналыштары кабарламага жана кворумга карата талаптар сакталган шартта видеоконференция байланыш форматында өткөрүлүшү мүмкүн.
10-берене. Кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жана ыйгарым укуктарын токтотуу
1. Коммерциялык иш, финансы, банк иши, юриспруденция, камсыздандыруу иши, бухгалтердик эсеп, капитал рыноктору чөйрөсүндө же башка кандай болбосун компетенцияда эл аралык тажрыйбасы бар адамдар Кеңештин мүчөлөрү болуп дайындалышы мүмкүн.
Кеңештин мүчөлөрү 5 жылга дайындалат. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чектелбеген санда узартылышы мүмкүн.
2. Кеңештин ар бир мүчөсү каалаган учурда ыйгарым укуктарын токтотуу болжолдонгон датага чейин 30 күн мурда Кеңештин төрагасына арыз берүү аркылуу ыйгарым укуктарынан баш тарта алат.
3. Кеңештин Төрагасы каалаган учурда Кеңештин каалаган мүчөсүнүн (башкаруучу компаниянын жетекчисин кошуп алганда) ыйгарым укуктарын токтото алат, эгерде:
1) ал өз ыйгарым укуктарын оорудан улам, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген (аракетке жөндөмсүз) деп таанылгандыгынын натыйжасында жүзөгө ашыра албаса;
2) ал кудуретсиз (банкрот) деп таанылса;
3) бул Кеңештин мүчөсү кылмыш жасоодо күнөөлүү деп таанылган соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;
4) башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн Кеңештин мүчөсүн алмаштыруу зарыл же керек болсо.
11-берене. Башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктары
1. Башкаруучу компаниянын жетекчиси Кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Башкаруучу компаниянын жетекчиси башкаруучу компаниянын ар күндүк иши үчүн Кеңеш тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде жооп берет.
Башкаруучу компаниянын жетекчиси Кеңештин талабы боюнча өзүнүн иши жөнүндө отчетторду кварталына бир жолудан кем эмес Кеңешке берип турууга тийиш.
2. Башкаруучу компанияга төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) "Тамчы" АФИАнын ишине жалпы жетекчилик кылуу;
2) "Тамчы" АФИАнын алдыңкы эл аралык финансылык, туристтик-рекреациялык жана көңүл ачуучу борбор катары өнүктүрүү жана илгерилетүү;
3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге ар жылдык чегерүүлөрдү жүргүзүү;
4) башка башкаруу органдары менен биргеликте зарылдыгына жараша "Тамчы" АФИАны жана анда мыйзамдуу жүзөгө ашырылып жаткан ишти жөнгө салуунун тиешелүү укуктук жана ченемдик режимин түзүүгө жана колдоого зарылдыгына, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алуу менен катышуу;
5) "Тамчы" АФИАны, анын ичинде башкаруунун башка органдарын жетиштүү каржылоону же жетиштүү каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
6) "Тамчы" АФИАда күзөт жана контролдоо-өткөрүү иши;
7) "Тамчы" АФИАны алдыңкы эл аралык практикага ылайык башкаруу жана аны жайылтууга көмөктөшүү;
8) жогоруда көрсөтүлгөн максаттардын кайсынысына болбосун жетишүү үчүн башкаруучу компания зарыл же керектүү деп негиздүү эсептеген башка милдеттер;
9) "Тамчы" АФИА максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инфратүзүмдү, жайларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;
10) эл аралык финансылык жана ишкер борборлор жана башка органдар, мекемелер жана уюмдар менен кызматташуу жана макулдашууларды (кызматташуу жөнүндө меморандумдарды) түзүү;
11) ушул Мыйзамга ылайык "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алуу;
12) "Тамчы" АФИАда иштөө үчүн жыйымдарды жана тарифтерди белгилөө жана алар боюнча, анын ичинде башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн, ошондой эле "Тамчы" АФИАда өз ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы алуу;
13) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин лицензиялоо;
14) өзүнүн ар кандай функцияларын аткаруу үчүн уюмдарды түзүү;
15) кызматкерлерди, консультанттарды жана ар кандай башка кызмат көрсөтүүчүлөрдү жалдоо;
16) ушул Мыйзамда каралган өзүнүн ыйгарым укуктарынын бардыгын же бир бөлүгүн кайсы бир үчүнчү жактарга жүктөө, атап айтканда Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча "Тамчы" АФИАнын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдалануу;
17) "Тамчы" АФИАнын колдонуудагы чектерин өзгөртүү сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу;
18) "Тамчы" АФИАнын жылдык бюджетин бекитүү;
19) "Тамчы" АФИАда күзөт жана контролдоо-өткөрүү органдарынын ишинин тартибин аныктоо;
20) "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин аныктоо;
21) "Тамчы" АФИАнын иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
12-берене. Каттоочу
1. Каттоочу "Тамчы" АФИАнын субъекттерин каттоого, "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин жүргүзүүгө байланышкан ыйгарым укуктарды, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын актылары же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Каттоочунун ишинин максаттары, ыйгарым укуктары жана функциялары, каттоочуну башкаруу тартиби, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
3. "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү уюмдардын уюштуруу-укуктук формалары, ошондой эле "Тамчы" АФИАда жеке жактардын ишкердик ишти жүргүзүү шарттары "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
4. Эгерде "Тамчы" АФИАнын актыларында башкача каралбаса, резиденттигине же чет мамлекет менен байланышуунун башка формасына карабастан, юридикалык жана жеке жактар мындай уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары) боло алышат.
"Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрине киргизүү үчүн каттоо номерлерин ыйгаруу, тариздөө жана пайдалануу тартиби башкаруучу компания тарабынан аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын укугу боюнча уюшулган, бирок "Тамчы" АФИАнын субъекти болуп саналбаган ар кандай уюм (ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин да, кабыл алынгандан кийин да) "Тамчы" АФИАнын актыларында аныкталган тартипте "Тамчы" АФИАнын субъекти болуп таанылышы мүмкүн.
13-берене. Финансылык жөнгө салуучу
1. Финансылык жөнгө салуучу виртуалдык активдерди кошуп алганда, финансы чөйрөсүндөгү иш-аракеттерди жөнгө салууга байланыштуу ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Финансылык жөнгө салуучу аталган ишти жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон жалгыз орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет бербейт.
3. Ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен "Тамчы" АФИАнын актылары финансылык жөнгө салуучунун башкаруу тартибин, ишинин максаттарын, ыйгарым укуктарын, функцияларын, ошондой эле финансылык жөнгө салуучуну башкаруунун тартибин аныктайт.
4. "Тамчы" АФИАнын актылары менен фонддук, валюталык же криптовалюталык биржалар, банктар же криптобанктар, брокерлер жана аларды түзүү жана иш жүргүзүү шарттарын аныктоого тийиш болгон ар кандай башка финансылык институттар уюштурулушу мүмкүн.
5. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, "Тамчы" АФИАнын финансылык институттарына карата банктар, баалуу кагаздар рыногу, виртуалдык активдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары колдонулбайт.
6. Ушул Мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.
7. "Тамчы" АФИАда баалуу кагаздарды, виртуалдык активдерди жана башка финансылык инструменттерди чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү, сатып алуу жана жабуу, ошондой эле аларды баалуу кагаздар, виртуалдык активдер жана/же башка финансылык инструменттер же валюталар катары таануу тартиби "Тамчы" АФИАнын актысы менен белгиленет.
14-берене. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор
1. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор өз өндүрүшүндө турган талаш-тартыштарда тараптардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат, ошондой эле ушул Мыйзамдын, "Тамчы" АФИАнын актыларынын жана тиешелүү талаш-тартыштарды чечүүдө колдонулууга тийиш болгон башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыз кылат.
2. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор "Тамчы" АФИАнын алкагында өзүнчө жана көз карандысыз башкаруу органы катары катталууга тийиш. Талаш-тартыштар боюнча чечимдерди кабыл алууну, административдик башкарууну жана операциялык ишти кошуп алганда, Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор өз ишин көз карандысыз жүзөгө ашырат. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор Кыргыз Республикасынын сот тутумуна кирбейт. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор өзүнүн жыйымдарын жана тарифтерин өз алдынча белгилейт.
3. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор өзүнө эки түзүмдү камтыйт:
1) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча комитет (мындан ары - Комитет);
2) талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү борборун кошуп алганда, арбитраждык борбор.
4. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун төрагасы Кеңеш тарабынан дайындалат жана бул Борбордун жетекчиси болуп саналат. Төрага ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн чексиз узартуу укугу менен беш жылга дайындалат.
5. Төрага Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун операциялык ишине жетекчилик кылат жана анын чегинен тышкары кандайдыр бир тышкы таасирге карабастан бардык аспекттерде иштейт. Төрага Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборго караштуу арбитраждык борбордун жана талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү борборунун жетекчиси да болуп саналат.
6. Комитеттин курамына Кеңеш тарабынан дайындалган төрага жана судьялар кирет. Төрага жана судьялар чет өлкөлүк жарандар болушу мүмкүн, алардын саны алты адамдан кем болбоого тийиш. Алар ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн чексиз узартуу укугу менен беш жылга дайындалат.
7. Комитет эки инстанциядан: майда иштер боюнча комитетти камтыган биринчи инстанциядагы комитеттен жана апелляциялык комитеттен турат. Апелляциялык комитеттин чечимдери акыркы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын кандайдыр бир башка сотунда кайра каралууга, көзөмөлгө алынууга же даттанылууга тийиш эмес. Комитеттин чечимдери бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарууга милдеттүү болуп саналат.
8. Кылмыш-жаза жана административдик иштерди кошпогондо, Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор бүтүмдөрдөн, келишимдерден, макулдашуулардан же башка юридикалык мааниге ээ болгон жагдайлардан келип чыгуучу жарандык жана коммерциялык талаш-тартыштарды кароого жана чечүүгө карата өзгөчө юрисдикцияга ээ. Мындай талаш-тартыштарга төмөнкүлөр кирет:
1) "Тамчы" АФИАда катталган юридикалык жана жеке жактардын, "Тамчы" АФИАнын башкаруу жана жөнгө салуу органдарынын жана алардын кызматкерлеринин ортосундагы талаш-тартыштар;
2) "Тамчы" АФИАда жүзөгө ашырылуучу жана ушул Мыйзам же "Тамчы" АФИАнын актылары менен жөнгө салынуучу ишке тийиштүү талаш-тартыштар;
3) бардык тараптар талаш-тартыш пайда болгонго чейин да, андан кийин да юрисдикцияны Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборго өткөрүп берүү жөнүндө макулдашкан шартта ("opt-in" опциясы) тараптардын макулдашуусу боюнча Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун кароосуна берилген талаш-тартыштар, анын ичинде "Тамчы" АФИАда жүргүзүлүп жаткан иш менен байланышпаган талаш-тартыштар.
9. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор тиешелүү талаш-тартыш Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордо каралган учурларда ушул Мыйзамды жана "Тамчы" АФИАнын актыларын чечмелөөгө өзгөчө юрисдикцияга ээ болот.
10. Талаш-тартыштарды чечүүдө Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор ушул Мыйзамды, "Тамчы" АФИАнын актыларын жана башка каалаган колдонулуучу укуктук актыларды жетекчиликке алууга милдеттүү, ошондой эле Комитеттин акыркы чечимдерин жана башка юрисдикциялардагы соттордун акыркы чечимдерин эске алууга укуктуу.
11. Комитеттин соттук чечимдери Комитет тарабынан берилген аткаруу барактарынын негизинде "Тамчы" АФИАда жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында мажбурлап аткарылууга тийиш. Мындай аткаруу барактары акыркы болуп саналат, даттанылууга тийиш эмес жана Кыргыз Республикасынын кандайдыр бир соту же органы тарабынан кайра каралышы же токтотуп турулушу мүмкүн эмес. Аткаруунун формасы, тили жана тартиби "Тамчы" АФИАнын актысы менен аныкталат.
12. "Тамчы" АФИАга Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук чечимдерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор "Тамчы" АФИАда жайгашкан жайларда жайгаштырылат жана өз ишин жүзөгө ашырат, бирок Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан жайларда жайгаштырылышы жана өз ишин жүзөгө ашырышы да мүмкүн.
14. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун иши, анын ичинде анын түзүлүшү, башкаруусу, юрисдикциясы, ыйгарым укуктары, курамы, колдонулуучу укугу, ошондой эле иштөө тартиби жана жол-жоболору ушул Мыйзам жана "Тамчы" АФИАнын Кеңеш тарабынан бекитилүүчү "Талаштарды чечүүнүн эл аралык борбору жөнүндө" актысы менен жөнгө салынат. Аталган акт Англия менен Уэльстин принциптерине жана укуктарына, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү боюнча алдыңкы эл аралык коммерциялык соттордун жана борборлордун стандарттарына негизделет.
3-глава. "Тамчы" АФИАнын актылары
15-берене. "Тамчы" АФИАнын актылары
1. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын тиешелүү максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон "Тамчы" АФИАнын актыларын ("Тамчы" АФИАнын актыларына өзгөртүүлөрдү жана "Тамчы" АФИАнын колдонуудагы актыларын жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды кошуп алганда) кабыл алат.
2. "Тамчы" АФИАнын актылары төмөнкү маселелер боюнча кабыл алынышы мүмкүн:
1) уюштуруу, каттоо, ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү же өз ишин жүзөгө ашыруучу субъекттердин статусу, "Тамчы" АФИАда юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн уюмдардын ишкердик ишин жүргүзүү шарттары;
2) "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү башкаруу органдарын, ошондой эле башка башкаруу органдарын түзүү, башкаруу, иштөө, алардын ыйгарым укуктары жана милдеттери;
3) банктык, финансылык, камсыздандыруу, брокердик ишти, анын ичинде виртуалдык активдер жана иштин башка түрлөрү чөйрөсүндөгү ишти, мындай ишти жүзөгө ашырууга укуктуу жактарга карата талаптарды белгилөөнү кошуп алганда, жүзөгө ашыруу;
4) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мамилелерге карата англис укуктук тутумунун ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле жалпы укуктук тутумдун башка юрисдикцияларын колдонуу;
5) "Тамчы" АФИАнын иши менен байланышкан башка маселелер.
3. "Тамчы" АФИАнын актылары "Тамчы" АФИАда, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын бардык субъекттери үчүн милдеттүү күчкө ээ.
4. "Тамчы" АФИАнын актыларын иштеп чыгуу, ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу, каттоо, колдонууга киргизүү, жарыялоо, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын колдонулушун токтотуу тартиби башкаруучу компания тарабынан аныкталат.
5. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын актыларын талашуу менен байланышкан бардык талаш-тартыштар боюнча жоопкер болуп саналат.
4-глава. Иштин уруксат берилген түрлөрү
16-берене. "Тамчы" АФИАдагы иштин уруксат берилген түрлөрү
1. Ушул Мыйзамдын жоболорун жана "Тамчы" АФИАнын актыларын эске алуу менен "Тамчы" АФИАда иштин төмөнкүдөй түрлөрү жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) финансылык, банктык жана инвестициялык иш;
2) бардык категориялардагы камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу иши;
3) баалуу металлдар, акциялар, облигациялар, баалуу кагаздар жана алардан алынган же ага байланыштуу башка финансылык жана виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн соода жана операцияларды кошуп алганда, бардык категориялардагы финансылык, фонддук жана товардык рыноктордогу, виртуалдык активдер рынокторундагы иш;
4) акча каражаттарын жана активдерди башкаруу, инвестициялык фонддордун иши, бизнестин бардык жаатында долбоордук каржылоону жана корпоративдик каржылоону берүү, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо;
5) фонддорду башкаруу, фонддор боюнча консультация берүү жана активдерди башкаруу боюнча иш;
6) пенсиялык фонддордун жана кредиттик уюмдардын иши;
7) камсыздандыруу, акцияларды соодалоо жана башка финансы рыноктору жаатындагы брокердик иши;
8) финансылык агенттөө жана корпоративдик каржылоону берүүнү уюштуруу, башка финансылык консультацияларды, инвестициялык кеңештерди берүү жана инвестициялык кызматтардын бардык түрүн көрсөтүү;
9) казино иши же кумар оюндарын өткөрүү менен байланышкан башка иш;
10) классификациялык жана башка баалоо кызматтарын көрсөтүү;
11) кесиптик кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде (бирок чектелбестен) аудит, бухгалтердик эсеп, салык салуу, консалтинг жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөр;
12) холдинг компанияларынын иши; трасттарды жана бардык түрдөгү ушул сыяктуу түзүмдөрдү түзүү, башкаруу жана администрациялоо;
13) туристтик агенттиктердин, иш-чараларды өткөрүү жана эс алууну уюштуруунун башка түрлөрү боюнча агенттиктердин иши;
14) саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү боюнча иш;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган коммерциялык иш.
2. "Тамчы" АФИАда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштерге жол берилбейт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, "Тамчы" АФИАнын субъекттерине "Тамчы" АФИАда да, анын аймагынан тышкары да иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө тыюу салынат:
- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, аларды казып алуу;
- курал-жаракты жана ок-дарыларды өндүрүү, оңдоо жана сатуу, курал-жаракты даярдоодо пайдаланылуучу жардыргыч заттарды өндүрүү жана сатуу;
- радиоактивдүү, ядролук жана башка кооптуу материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, зыянсыздандыруу, сатуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ташып келүү жүзөгө ашырылып жаткан өндүрүштүк максаттарда пайдаланылуучу алардын прекурсорлорун кошпогондо, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды ташып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу;
- алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү.
Министрлер Кабинети тарабынан социалдык маанилүү товарларды жана өнүмдөрдү ташып кирүүгө чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
17-берене. Лицензиялык-уруксат берүү иши
1. Башкаруучу компания жеке жана юридикалык жактарга "Тамчы" АФИАда "Тамчы" АФИАнын субъекттери катары каттоого уруксат берүү тартибин аныктайт, ошондой эле лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмегин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамга жана "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык лицензия алган жеке же юридикалык жак кошумча лицензияларды жана уруксаттарды алуунун зарылдыгы болбостон, "Тамчы" АФИАнын алкагында тиешелүү ишти жүргүзүүгө укуктуу.
3. "Тамчы" АФИАнын алкагында иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана "Тамчы" АФИАнын актыларында белгиленген тартипте көзөмөлдөөнүгө, жөнгө салынууга жана мажбурлоо чараларына тийиш.
5-глава. Өзгөчө укуктук режим
18-берене. "Тамчы" АФИАнын өзгөчө укуктук режими
1. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин жана (же) башкаруу органдарынын жана (же) алардын кызматкерлеринин ортосунда келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алууга укуктуу, анын ичинде:
1) жарандык-укуктук мамилелер, анын ичинде уюмдар болуп саналган "Тамчы" АФИАнын субъекттерине катышууга жана (же) аларды башкарууга байланышкан мамилелер;
2) жарандык-процесстик мамилелер;
3) финансылык мамилелер;
4) эмгек мамилелери;
5) башкаруу органдары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболору.
2. Эгерде мындай мамилелердин тараптарынын ортосундагы макулдашууда башкача макулдашылбаса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамилелер "Тамчы" АФИАнын актылары менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамда тикелей каралган учурларда башкаруу органдары ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алат.
4. "Тамчы" АФИАнын актылары англис укуктук тутумунун принциптерине, жалпы укук тутумунун башка юрисдикцияларынын, ошондой эле алдыңкы дүйнөлүк финансылык борборлордун жана атайын укуктук режими бар эркин зоналардын стандарттарына негизделүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна же эл аралык тартипке коркунучтардын келип чыгуусу үчүн шарттарды жоюу максатында "Тамчы" АФИАнын актылары "Тамчы" АФИАнын субъекттери үчүн айрым чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.
6. "Тамчы" АФИАга карата кылмыш-жаза жана административдик укук мамилелери ушул берененин 8-бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
7. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
8. "Тамчы" АФИАда уруксат берилген ишти жана "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык уруксат берилген аракеттерди жүргүзүү фактысы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу болуп саналбайт.
19-берене. Салык салуу
1. "Тамчы" АФИАда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык өзгөчө салык режими белгиленет.
2. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин "Тамчы" АФИАдагы иши Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 49 жылга салыктардын бардык түрүнөн бошотулат.
3. "Тамчы" АФИАнын субъекти мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалданып иштеген жеке жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткарат.
20-берене. Өзгөчө бажы режими
1. "Тамчы" АФИА Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бир бөлүгү болуп саналат.
2. "Тамчы" АФИАда эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулат.
Эркин бажы зонасы - "Тамчы" АФИАнын субъекттери бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн "Тамчы" АФИАнын чегинде товарларды жайгаштырган жана пайдаланган бажы жол-жобосу.
3. "Тамчы" АФИА ЕАЭБдин Бажы кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бажы контролу зонасы болуп саналбайт.
4. "Тамчы" АФИАнын субъекттери "Тамчы" АФИАда ушул Мыйзамдын жана анын негизинде кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо шартында чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын пайдалануу менен байланышкан чарбалык ишти жүзөгө ашыра алат.
21-берене. Өзгөчө валюталык режим
1. "Тамчы" АФИАдагы өзгөчө валюталык режим чет өлкөлүк валютаны жана виртуалдык активдерди эркин жүгүртүүнү, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын актылары менен белгиленген эрежелерге ылайык жеке жана юридикалык жактардын ортосунда кызматтарды көрсөтүүдө жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эркин жүгүртүүнү карайт.
2. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен эсептешүүлөрү келишимдин негизинде тараптардын макулдашуусу боюнча каалаган валютада жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кеңеш финансылык жөнгө салуучу менен макулдашуу боюнча "Тамчы" АФИАнын аймагында виртуалдык активдерди жана эсептешүүнүн башка усулдарын чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
22-берене. Өзгөчө визалык режим
1. "Тамчы" АФИАда иш жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына келген, "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин же башкаруу органдарынын кызматкерлери болуп саналган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, кирүү жана чыгуу эрежелерине ылайык беш жылга чейинки колдонуу мөөнөтү менен "Тамчы" АФИАга кирүү визасын алат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга визанын колдонуу мөөнөтүн узартуу башкаруучу компаниянын өтүнүчү боюнча "Тамчы" АФИАнын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. "Тамчы" АФИАга кирүүнүн жана чыгуунун жөнөкөйлөтүлгөн режими иштейт. Контролдоо-өткөрүү режими Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын колдонбостон башкаруучу компания тарабынан белгиленет. "Тамчы" АФИАда болуу тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен белгиленет.
23-берене. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу
1. "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана башкаруу органдары "Тамчы" АФИАда иш жүргүзүү үчүн чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды ага уруксат албастан тартууга укуктуу.
Ушундай жол менен тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасында ишке орношууга уруксат алуу милдетинен бошотулат.
2. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана башкаруу органдары тарабынан тартылган чет өлкөлүк жумушчу күчүн эсепке алууну жүргүзөт.
"Тамчы" АФИАда иштеген, ишке тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча башкаруучу компания тарабынан берилет.
3. Калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга берилүүчү маалыматтардын курамы, аларды берүүнүн мезгилдүүлүгү жана тартиби калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан аныкталат.
4. "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана башкаруу органдары ишке тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык башкаруучу компанияга берет.
6-глава. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин кепилдиктери
24-берене. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин кепилдиктери
1. "Тамчы" АФИАнын субъекттери "Тамчы" АФИАда иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык резиденттер сыяктуу жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланышат.
2. Кыргыз Республикасынын кайсы болбосун мамлекеттик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан "Тамчы" АФИАнын ишине жана "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин экономикалык иштерине кийлигишүүгө тыюу салынат.
7-глава. Корутунду жоболор
25-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-июлу № 136
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы"
атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. "Тамчы" АФИАнын органдары жана алардын ыйгарым укуктары
3-глава. "Тамчы" АФИАнын актылары
4-глава. Иштин уруксат берилген түрлөрү
5-глава. Өзгөчө укуктук режим
6-глава. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин кепилдиктери
7-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишинин укуктук негизин белгилейт, аны түзүүнүн, чектерин белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн, ошондой эле иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
1-берене. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын статусу
1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы (мындан ары - "Тамчы" АФИА) - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу чектери бар Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагынын бөлүгү.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) төмөнкүлөргө карата талаптарды аныктоого тийиш:
1) "Тамчы" АФИАны ыңгайлаштырууга;
2) "Тамчы" АФИАнын контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга;
3) өзгөчө бажы режимине.
2-берене. "Тамчы" АФИА жөнүндө мыйзамдар
"Тамчы" АФИАнын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) "Тамчы" АФИАнын актысы - "Тамчы" АФИАнын аймагында субъекттердин, органдардын жана кызматкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт;
2) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор (ТЧЭБ) - англис укуктук тутумунун ченемдеринин жана принциптеринин, ошондой эле мыкты эл аралык практикалардын негизинде ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык талаш- тартыштарды чечүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм;
3) Башкаруу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) - мамлекеттин өкүлдөрүн жана инвесторлорду камтыган "Тамчы" АФИАнын жогорку жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу органы;
4) башкаруучу компания - "Тамчы" АФИАны натыйжалуу башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн орган, ал "Тамчы" АФИАнын бардык субъекттеринин ишин координациялоону камсыз кылат, "Тамчы" АФИАны өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын контролдойт;
5) каттоочу - "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин түзүү, каттоо жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
6) "Тамчы" АФИАнын субъекттери - "Тамчы" АФИАда катталган жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жана башкаруучу компания тарабынан аныкталган тартипте "Тамчы" АФИАда ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияланган жактар;
7) финансылык жөнгө салуучу - виртуалдык активдерди кошуп алганда, финансылык чөйрөдөгү ишти жөнгө салуу менен байланышкан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
8) инвестициялык резидент - башкаруучу компания тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келген инвестицияларды салууга, ишкердик иш жүргүзүүгө же экономикалык долбоорлорго катышууга байланыштуу "Тамчы" АФИАда атайын статус алган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
9) "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестри - "Тамчы" АФИА тарабынан дайындалган адамдардын реестри, аны жүргүзүүнүн тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
2. Ушул Мыйзамда, эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталбаган башка институттар, терминдер жана аныктамалар контекстте көрсөтүлбөсө, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кандай пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. "Тамчы" АФИАнын ишинин принциптери
"Тамчы" АФИАнын иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) натыйжалуулук;
2) ачык-айкындык;
3) ак ниеттүүлүк;
4) кесипкөйлүк;
5) көз карандысыздык;
6) мыйзамдуулук.
5-берене. "Тамчы" АФИА
1. "Тамчы" АФИА Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу, өндүрүштү, транспорттук инфратүзүмдү, туризмди жана санаториялык-курорттук чөйрөнү түзүү жана өнүктүрүү максатында жана (же) ушул Мыйзамда аныкталуучу башка максаттарда түзүлөт.
2. "Тамчы" АФИАны түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, транспорттук жана башка инфратүзүмдү, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын иштөөсүнө байланышкан башка чыгымдарды, анын ичинде органдарды күтүүнү каржылоо "Тамчы" АФИАнын өздүк бюджетинен, республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы республикалык бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзөт.
Түшкөн каражаттардан республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. "Тамчы" АФИАнын органдары жана алардын ыйгарым укуктары
(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. "Тамчы" АФИАнын органдары
(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. "Тамчы" АФИАнын органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кеңеш;
2) башкаруучу компания;
3) каттоочу;
4) финансылык жөнгө салуучу;
5) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор.
2. "Тамчы" АФИАнын органдары өз ишин ушул Мыйзамда жана "Тамчы" АФИАнын актыларында каралган ыйгарым укуктардын чегинде көз карандысыз жүзөгө ашырат.
3. "Тамчы" АФИАнын катышуучуларынын ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби ушул Мыйзам жана "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
4. "Тамчы" АФИАнын бюджетинин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо тартиби Кеңеш тарабынан белгиленет.
5. Ар бир орган "Тамчы" АФИАнын» актыларында каралган уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат жана юридикалык жактын укуктарына ээ. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары "Тамчы" АФИАнын органдары алардын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон укук жөндөмдүүлүгүн пайдаланат.
Кыргыз Республикасы "Тамчы" АФИАнын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми "Тамчы" АФИАнын органдары Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
Бир дагы орган кудуретсиз (банкрот) деп таанылышы (жарыяланышы) мүмкүн эмес.
"Тамчы" АФИАнын ар бир органы көз карандысыз укук жөндөмдүүлүгүнө, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, эсептешүү жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өз атынан мүлктүк укуктарга ээ боло алат жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
6. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды кошпогондо, "Тамчы" АФИАнын органдары өз ишин Кыргыз Республикасынан көз карандысыз жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарына отчет бербейт.
7. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби ушул Мыйзам жана "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
8. "Тамчы" АФИАга бөлүнүп берилген Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо тартиби Кеңеш тарабынан гана аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Кеңеш
1. Кеңеш Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн жана инвесторлорду камтыган, "Тамчы" АФИАнын жогорку жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу органы болуп саналат.
2. Кеңешти түзүүнүн тартиби, анын курамы, компетенциясы, ыйгарым укуктары, ошондой эле анын ишин уюштуруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Кеңештин мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилүүгө тийиш.
Дагы караңыздар:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 609 "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
3. Кеңеш Кеңештин төрагасынан, ошондой эле Кеңештин 9дан көп эмес башка мүчөлөрүнөн, анын ичинде башкаруучу компаниянын жетекчисинен турат.
4. Кеңештин мүчөлөрүнүн эц аз саны, анын ичинде Кеңештин төрагасы жана башкаруучу компаниянын жетекчиси менен - 7 адам.
Кеңештин мүчөлөрүн биринчи дайындоо Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрү тарабынан анын курамынан дайындалат.
Кеңештеги кийинки бош орундарды ээлөө, төраганын ыйгарым укуктарын узартуу же дайындоо Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат.
5. Министрлер Кабинети Кеңештин мүчөлөрүнүн (башкаруучу компаниянын жетекчисин кошуп алганда) башкаруучу компаниядагы башка иш менен өздөрүнүн кызмат ордун айкалыштыруу мүмкүндүгү сакталган шарттарды аныктоо боюнча Кеңештин ыйгарым укуктарына зыян келтирбестен Кеңештин мүчөлөрүнүн сый акысынын өлчөмүн макулдашат.
6. Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо жана анын чечимдерин тариздөө үчүн Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин катчысын дайындайт, ал жөнүндө маалыматтар "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары
Кеңешке төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) "Тамчы" АФИАнын саясатынын негизги багыттарын жана өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу;
2) "Тамчы" АФИАны ушундай түрдөгү коммерциялык жана финансылык борборлор үчүн мыкты эл аралык стандарттарга ылайык башкаруу;
3) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жана Борбор Азия өлкөлөрүндө алдынкы коммерциялык жана финансылык борбор катары "Тамчы" АФИАнын статусун колдоо;
4) максаттарга жетүү үчүн бардык зарыл болгон инфратүзүмдү, персоналды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана башка колдоо көрсөтүү;
5) "Тамчы" АФИАнын жылдык бюджетинин аткарылышын контролдоо;
6) өз функцияларын, милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн алынган каражаттарды өзүнүн кароосу боюнча чыгымдоо, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын органдарына зарыл болгон каржылоону берүү;
7) ички жол-жоболорду аныктоо;
71) башкаруучу компаниянын жетекчисин дайындоо жана анын ыйгарым укуктарын токтотуу;
8) "Тамчы" АФИАнын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттенмелерди аткаруу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Кеңеште чечимдерди кабыл алуунун тартиби
1. Кеңештин төрагасы Кеңештин биринчи жыйналышын өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктайт.
Кеңеш өз жыйналыштарын зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрөт. Кеңештин катчысы Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин жыйналышын өткөрүү датасы, орду жана убактысы жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин 48 сааттан кечиктирбестен кабарлоого тийиш.
2. Эгерде Кеңештин жыйналышына алардын саны бир мүчөнү чыгарып салуу менен Кеңештин шайланган (дайындалган) мүчөлөрүнүн жалпы санына барабар болгон Кеңештин мүчөлөрү катышса, ал укуктуу (кворуму бар) болуп саналат.
Кеңештин жыйналыштарында чечимдер Кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде күн тартибиндеги маселе боюнча Кеңештин мүчөсүнүн кызыкчылыктарынын кагылышуусу болсо, Кеңештин мындай мүчөсүнө мындай маселе боюнча добуш берүүгө тыюу салынат.
3. Эгерде Кеңештин чечими Кеңештин төрагасы, Кеңештин катчысы тарабынан кол коюлган жана каттоочу тарабынан ырасталган протокол түрүндө таризделсе, ал талаптагыдай түрдө кабыл алынды деп саналат.
Кеңештин жыйналыштары кабарламага жана кворумга жана Кеңештин чечимин кийин протокол менен тариздөөгө карата талаптар сакталган шартта видеоконференция байланыш форматында өткөрүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жана ыйгарым укуктарын токтотуу
1. Коммерциялык иш, финансы, банк иши, юриспруденция, камсыздандыруу иши, бухгалтердик эсеп, капитал рыноктору чөйрөсүндө же башка кандай болбосун компетенцияда эл аралык тажрыйбасы бар адамдар Кеңештин мүчөлөрү болуп дайындалышы мүмкүн.
Кеңештин мүчөлөрү 5 жылга дайындалат. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чектелбеген санда узартылышы мүмкүн.
2. Кеңештин ар бир мүчөсү каалаган учурда ыйгарым укуктарын токтотуу болжолдонгон датага чейин 30 күн мурда Кеңештин төрагасына арыз берүү аркылуу ыйгарым укуктарынан баш тарта алат.
3. Кеңештин Төрагасы кайсы учурда болбосун Кеңештин кандай болбосун мүчөсүнүн (Кеңештин мүчөсү катары башкаруучу компаниянын жетекчисин кошпогондо) ыйгарым укуктарын токтото алат, эгерде:
1) ал өз ыйгарым укуктарын оорудан улам, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген (аракетке жөндөмсүз) деп таанылгандыгынын натыйжасында жүзөгө ашыра албаса;
2) ал кудуретсиз (банкрот) деп таанылса;
3) бул Кеңештин мүчөсү кылмыш жасоодо күнөөлүү деп таанылган соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;
4) башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн Кеңештин мүчөсүн алмаштыруу зарыл же керек болсо.
4. Башкаруучу компаниянын жетекчисинин Кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Кеңештин "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясынын жетекчисинин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган күнү күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктары
1. Башкаруучу компаниянын жетекчиси Кеңештин чечими менен дайындалат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотот.
Башкаруучу компаниянын жетекчиси:
- Кеңеш тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде башкаруучу компаниянын күнүмдүк иши үчүн жооп берет;
- Кеңештин талабы боюнча кварталына бирден кем эмес жолу Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө отчетторду берет;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана башка юридикалык жактар, чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар жана эл аралык финансылык институттар менен болгон мамилелерде "Тамчы" АФИАнын атынан чыгат;
- башкаруучу компаниянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын максаттарына жетүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат жана башка функцияларды аткарат.
2. Башкаруучу компанияга төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) "Тамчы" АФИАнын ишине жалпы жетекчилик кылуу;
2) "Тамчы" АФИАнын алдыңкы эл аралык финансылык, туристтик-рекреациялык жана көңүл ачуучу борбор катары өнүктүрүү жана илгерилетүү;
3) республикалык бюджетке ар жылдык чегерүүлөрдү жүргүзүү;
4) "Тамчы" АФИАнын башка органдары менен биргеликте зарылдыгына жараша "Тамчы" АФИАны жана анда мыйзамдуу жүзөгө ашырылып жаткан ишти жөнгө салуунун тиешелүү укуктук жана ченемдик режимин түзүүгө жана колдоого зарылдыгына, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алуу менен катышуу;
5) "Тамчы" АФИАны, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын башка органдарын жетиштүү каржылоону же жетиштүү каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
6) "Тамчы" АФИАда күзөт жана контролдоо-өткөрүү иши;
7) "Тамчы" АФИАны алдыңкы эл аралык практикага ылайык башкаруу жана аны жайылтууга көмөктөшүү;
8) жогоруда көрсөтүлгөн максаттардын кайсынысына болбосун жетишүү үчүн башкаруучу компания зарыл же керектүү деп негиздүү эсептеген башка милдеттер;
9) "Тамчы" АФИА максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инфратүзүмдү, жайларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;
10) эл аралык финансылык жана ишкер борборлор жана башка органдар, мекемелер жана уюмдар менен кызматташуу жана макулдашууларды (кызматташуу жөнүндө меморандумдарды) түзүү;
11) ушул Мыйзамга ылайык "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алуу;
12) "Тамчы" АФИАда иштөө үчүн жыйымдарды жана тарифтерди белгилөө жана алар боюнча, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн, ошондой эле "Тамчы" АФИАда өз ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы алуу;
13) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин лицензиялоо;
14) өзүнүн ар кандай функцияларын аткаруу үчүн уюмдарды түзүү;
15) кызматкерлерди, консультанттарды жана ар кандай башка кызмат көрсөтүүчүлөрдү жалдоо;
16) ушул Мыйзамда каралган өзүнүн ыйгарым укуктарынын бардыгын же бир бөлүгүн кайсы бир үчүнчү жактарга жүктөө, атап айтканда Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча "Тамчы" АФИАнын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдалануу;
17) "Тамчы" АФИАнын колдонуудагы чектерин өзгөртүү сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу;
18) "Тамчы" АФИАнын жылдык бюджетин бекитүү;
19) "Тамчы" АФИАда күзөт жана контролдоо-өткөрүү органдарынын ишинин тартибин аныктоо;
20) "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин аныктоо;
21) "Тамчы" АФИАнын иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Каттоочу
1. Каттоочу "Тамчы" АФИАнын субъекттерин каттоо, "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрин жүргүзүү, Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун (чечимдерин) ырастоо менен байланышкан ыйгарым укуктарды, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын актылары же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Каттоочунун ишинин максаттары, ыйгарым укуктары жана функциялары, каттоочуну башкаруу тартиби, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
3. "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү уюмдардын уюштуруу-укуктук формалары, ошондой эле "Тамчы" АФИАда жеке жактардын ишкердик ишти жүргүзүү шарттары "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
4. Эгерде "Тамчы" АФИАнын актыларында башкача каралбаса, резиденттигине же чет мамлекет менен байланышуунун башка формасына карабастан, юридикалык жана жеке жактар мындай уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары) боло алышат.
"Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрине киргизүү үчүн каттоо номерлерин ыйгаруу, тариздөө жана пайдалануу тартиби башкаруучу компания тарабынан аныкталат.
"Тамчы" АФИАнын органдары жана субъекттери үчүн түзүлүүчү каттоо номерлери ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү каттоо номерлери менен бирдей таанылат жана колдонулат.
5. Кыргыз Республикасынын укугу боюнча уюмдаштырылган, бирок "Тамчы" АФИАнын (ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин да, кабыл алынгандан кийин да) субъекти болуп саналбаган уюм "Тамчы" АФИАнын актыларында аныкталган редомициляция тартибинде "Тамчы" АФИАнын субъекти деп таанылышы мүмкүн.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык уюмду редомициляция тартибинде "Тамчы" АФИАнын субъекти деп таануу аны кайра уюштуруу же укук улантуу учуру болуп эсептелбейт, мындай уюмдун ага таандык болгон мүлккө карата укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле мындай уюмга карата үчүнчү жактардын укуктарын жана милдеттерин (анын ичинде мындай уюмга катышуу укуктарын) өзгөртпөйт.
7. Каттоочу "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрин жүргүзөт жана "Тамчы" АФИАнын актыларында каралган тартипте Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун (чечимдерин) ырастайт.
"Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилген адамдар өз ыйгарым укуктарын "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине тиешелүү жазуу киргизилген датадан тартып жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Финансылык жөнгө салуучу
1. Финансылык жөнгө салуучу виртуалдык активдерди кошуп алганда, финансы чөйрөсүндөгү иш-аракеттерди жөнгө салууга байланыштуу ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Финансылык жөнгө салуучу аталган ишти жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон жалгыз орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет бербейт.
3. Ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен "Тамчы" АФИАнын актылары финансылык жөнгө салуучунун башкаруу тартибин, ишинин максаттарын, ыйгарым укуктарын, функцияларын, ошондой эле финансылык жөнгө салуучуну башкаруунун тартибин аныктайт.
4. "Тамчы" АФИАнын актылары менен фонддук, валюталык же криптовалюталык биржалар, банктар же криптобанктар, брокерлер жана аларды түзүү жана иш жүргүзүү шарттарын аныктоого тийиш болгон ар кандай башка финансылык институттар уюштурулушу мүмкүн.
5. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, "Тамчы" АФИАнын финансылык институттарына карата банктар, баалуу кагаздар рыногу, виртуалдык активдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары колдонулбайт.
6. Ушул Мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.
7. "Тамчы" АФИАда баалуу кагаздарды, виртуалдык активдерди жана башка финансылык инструменттерди чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү, сатып алуу жана жабуу, ошондой эле аларды баалуу кагаздар, виртуалдык активдер жана/же башка финансылык инструменттер же валюталар катары таануу тартиби "Тамчы" АФИАнын актысы менен белгиленет.
14-берене. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор
1. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор өз өндүрүшүндө турган талаш-тартыштарда тараптардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат, ошондой эле ушул Мыйзамдын, "Тамчы" АФИАнын актыларынын жана тиешелүү талаш-тартыштарды чечүүдө колдонулууга тийиш болгон башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыз кылат.
2. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор "Тамчы" АФИАнын алкагында өзүнчө жана көз карандысыз орган катары катталууга тийиш. Талаш-тартыштар боюнча чечимдерди кабыл алууну, административдик башкарууну жана операциялык ишти кошуп алганда, Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор өз ишин көз карандысыз жүзөгө ашырат. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор Кыргыз Республикасынын сот тутумуна кирбейт. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор өзүнүн жыйымдарын жана тарифтерин өз алдынча белгилейт.
3. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор өзүнө эки түзүмдү камтыйт:
1) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча комитет (мындан ары - Комитет);
2) талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү борборун кошуп алганда, арбитраждык борбор.
4. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун төрагасы Кеңеш тарабынан дайындалат жана бул Борбордун жетекчиси болуп саналат. Төрага ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн чексиз узартуу укугу менен беш жылга дайындалат.
5. Төрага Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун операциялык ишине жетекчилик кылат жана анын чегинен тышкары кандайдыр бир тышкы таасирге карабастан бардык аспекттерде иштейт. Төрага Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборго караштуу арбитраждык борбордун жана талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү борборунун жетекчиси да болуп саналат.
6. Комитеттин курамына Кеңеш тарабынан дайындалган төрага жана судьялар кирет. Комитеттин мүчөлөрү (арбитрлер) чет өлкөлүк жарандар болушу мүмкүн, алардын саны алты адамдан кем болбоого тийиш. Алар ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн чексиз узартуу укугу менен беш жылга дайындалат.
7. Комитет эки инстанциядан: биринчи инстанциядагы комитеттен жана апелляциялык комитеттен турат. Апелляциялык комитеттин чечимдери акыркы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын сотторунда кайра каралууга, көзөмөлгө алынууга же даттанылууга тийиш эмес. Комитеттин чечимдери бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарууга милдеттүү болуп саналат.
8. Кылмыш-жаза жана административдик иштерди кошпогондо, Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор бүтүмдөрдөн, келишимдерден, макулдашуулардан же башка юридикалык мааниге ээ болгон жагдайлардан келип чыгуучу жарандык жана коммерциялык талаш-тартыштарды кароого жана чечүүгө карата өзгөчө юрисдикцияга ээ. Мындай талаш-тартыштарга төмөнкүлөр кирет:
1) "Тамчы" АФИАда катталган юридикалык жана жеке жактардын, "Тамчы" АФИАнын органдарынын жана алардын кызматкерлеринин ортосундагы талаш-тартыштар;
2) "Тамчы" АФИАда жүзөгө ашырылуучу жана ушул Мыйзам же "Тамчы" АФИАнын актылары менен жөнгө салынуучу ишке тийиштүү талаш-тартыштар;
3) бардык тараптар талаш-тартыш пайда болгонго чейин да, андан кийин да юрисдикцияны Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборго өткөрүп берүү жөнүндө макулдашкан шартта ("opt-in" опциясы) тараптардын макулдашуусу боюнча Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун кароосуна берилген талаш-тартыштар, анын ичинде "Тамчы" АФИАда жүргүзүлүп жаткан иш менен байланышпаган талаш-тартыштар.
Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун компетенциясына Тамчы" АФИАнын аймагында, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында эмес, чет өлкөлүк арбитраждык чечимдерди чет өлкөлүк арбитраждык чечим Тамчы" АФИАнын юридикалык жана жеке жактарына жана Тамчы" АФИАнын аймагында жайгашкан, ал менен байланышкан активдерге тиешелүү болгон даражада таануу жана аткарууга киргизүү маселелери кирет.
9. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор тиешелүү талаш-тартыш Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордо каралган учурларда ушул Мыйзамды жана "Тамчы" АФИАнын актыларын чечмелөөгө өзгөчө юрисдикцияга ээ болот.
10. Талаш-тартыштарды чечүүдө Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор ушул Мыйзамды, "Тамчы" АФИАнын актыларын жана башка каалаган колдонулуучу укуктук актыларды жетекчиликке алууга милдеттүү, ошондой эле Комитеттин акыркы чечимдерин жана башка юрисдикциялардагы соттордун акыркы чечимдерин эске алууга укуктуу.
11. Комитеттин чечимдери Комитет тарабынан берилген аткаруу барактарынын негизинде "Тамчы" АФИАда жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында мажбурлап аткарылууга тийиш. Мындай аткаруу барактары акыркы болуп саналат, даттанылууга тийиш эмес жана Кыргыз Республикасынын кандайдыр бир соту же органы тарабынан кайра каралышы же токтотуп турулушу мүмкүн эмес. Аткаруунун формасы, тили жана тартиби "Тамчы" АФИАнын актысы менен аныкталат.
12. "Тамчы" АФИАга Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук чечимдерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор "Тамчы" АФИАда жайгашкан жайларда жайгаштырылат жана өз ишин жүзөгө ашырат, бирок Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан жайларда жайгаштырылышы жана өз ишин жүзөгө ашырышы да мүмкүн.
131. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор, анын төрагасы, Комитеттин мүчөлөрү (арбитрлер), медиаторлор жана персонал функцияларын аткаруудагы же болжолдонгон аткаруудагы же болбосо кандай болбосун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы же болжолдонгон жүзөгө ашыруудагы кандай болбосун аракеттери (аракетсиздиги) үчүн ушул Мыйзамга, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыгуучу актыларга ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
14. Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун иши, анын ичинде анын түзүлүшү, башкаруусу, юрисдикциясы, ыйгарым укуктары, курамы, колдонулуучу укугу, ошондой эле иштөө тартиби жана жол-жоболору ушул Мыйзам жана "Тамчы" АФИАнын Кеңеш тарабынан бекитилүүчү "Талаштарды чечүүнүн эл аралык борбору жөнүндө" актысы менен жөнгө салынат. Аталган акт Англия менен Уэльстин принциптерине жана укуктарына, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү боюнча алдыңкы эл аралык коммерциялык соттордун жана борборлордун стандарттарына негизделет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. "Тамчы" АФИАнын актылары
15-берене. "Тамчы" АФИАнын актылары
1. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын тиешелүү максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон "Тамчы" АФИАнын актыларын ("Тамчы" АФИАнын актыларына өзгөртүүлөрдү жана "Тамчы" АФИАнын колдонуудагы актыларын жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды кошуп алганда) кабыл алат.
2. "Тамчы" АФИАнын актылары төмөнкү маселелер боюнча кабыл алынышы мүмкүн:
1) уюштуруу, каттоо, ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү же өз ишин жүзөгө ашыруучу субъекттердин статусу, "Тамчы" АФИАда юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн уюмдардын ишкердик ишин жүргүзүү шарттары;
2) "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү органдарды, ошондой эле башка органдарды түзүү, башкаруу, иштөө, алардын ыйгарым укуктары жана милдеттери;
3) банктык, финансылык, камсыздандыруу, брокердик ишти, анын ичинде виртуалдык активдер жана иштин башка түрлөрү чөйрөсүндөгү ишти, мындай ишти жүзөгө ашырууга укуктуу жактарга карата талаптарды белгилөөнү кошуп алганда, жүзөгө ашыруу;
4) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мамилелерге карата англис укуктук тутумунун ченемдерине жана принциптерине, ошондой эле мыкты эл аралык тажрыйбаларга тиешелүү;
5) "Тамчы" АФИАнын иши менен байланышкан башка маселелер.
3. "Тамчы" АФИАнын актылары "Тамчы" АФИАда, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын бардык субъекттери үчүн милдеттүү күчкө ээ.
4. "Тамчы" АФИАнын актыларын иштеп чыгуу, ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу, каттоо, колдонууга киргизүү, жарыялоо, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын колдонулушун токтотуу тартиби башкаруучу компания тарабынан аныкталат.
5. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын актыларын талашуу менен байланышкан бардык талаш-тартыштар боюнча жоопкер болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Иштин уруксат берилген түрлөрү
16-берене. "Тамчы" АФИАдагы иштин уруксат берилген түрлөрү
1. Ушул Мыйзамдын жоболорун жана "Тамчы" АФИАнын актыларын эске алуу менен "Тамчы" АФИАда иштин төмөнкүдөй түрлөрү жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) финансылык, банктык жана инвестициялык иш;
2) бардык категориялардагы камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу иши;
3) баалуу металлдар, акциялар, облигациялар, баалуу кагаздар жана алардан алынган же ага байланыштуу башка финансылык жана виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн соода жана операцияларды кошуп алганда, бардык категориялардагы финансылык, фонддук жана товардык рыноктордогу, виртуалдык активдер рынокторундагы иш;
4) акча каражаттарын жана активдерди башкаруу, инвестициялык фонддордун иши, бизнестин бардык жаатында долбоордук каржылоону жана корпоративдик каржылоону берүү, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо;
5) фонддорду башкаруу, фонддор боюнча консультация берүү жана активдерди башкаруу боюнча иш;
6) пенсиялык фонддордун жана кредиттик уюмдардын иши;
7) камсыздандыруу, акцияларды соодалоо жана башка финансы рыноктору жаатындагы брокердик иши;
8) финансылык агенттөө жана корпоративдик каржылоону берүүнү уюштуруу, башка финансылык консультацияларды, инвестициялык кеңештерди берүү жана инвестициялык кызматтардын бардык түрүн көрсөтүү;
9) казино иши же кумар оюндарын өткөрүү менен байланышкан башка иш;
10) классификациялык жана башка баалоо кызматтарын көрсөтүү;
11) кесиптик кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде (бирок чектелбестен) аудит, бухгалтердик эсеп, салык салуу, консалтинг жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөр;
12) холдинг компанияларынын иши; трасттарды жана бардык түрдөгү ушул сыяктуу түзүмдөрдү түзүү, башкаруу жана администрациялоо;
13) туристтик агенттиктердин, иш-чараларды өткөрүү жана эс алууну уюштуруунун башка түрлөрү боюнча агенттиктердин иши;
14) саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү боюнча иш;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган коммерциялык иш.
2. "Тамчы" АФИАда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштерге жол берилбейт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, "Тамчы" АФИАнын субъекттерине "Тамчы" АФИАда да, анын аймагынан тышкары да иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө тыюу салынат:
- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, аларды казып алуу;
- курал-жаракты жана ок-дарыларды өндүрүү, оңдоо жана сатуу, курал-жаракты даярдоодо пайдаланылуучу жардыргыч заттарды өндүрүү жана сатуу;
- радиоактивдүү, ядролук жана башка кооптуу материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, зыянсыздандыруу, сатуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ташып келүү жүзөгө ашырылып жаткан өндүрүштүк максаттарда пайдаланылуучу алардын прекурсорлорун кошпогондо, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды ташып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу;
- алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү.
Министрлер Кабинети тарабынан социалдык маанилүү товарларды жана өнүмдөрдү ташып кирүүгө чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
17-берене. Лицензиялык-уруксат берүү иши
1. Башкаруучу компания жеке жана юридикалык жактарга "Тамчы" АФИАда "Тамчы" АФИАнын субъекттери катары каттоого уруксат берүү тартибин аныктайт, ошондой эле лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмегин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамга жана "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык лицензия алган жеке же юридикалык жак кошумча лицензияларды жана уруксаттарды алуунун зарылдыгы болбостон, "Тамчы" АФИАнын алкагында тиешелүү ишти жүргүзүүгө укуктуу.
3. "Тамчы" АФИАнын алкагында иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана "Тамчы" АФИАнын актыларында белгиленген тартипте көзөмөлдөөнүгө, жөнгө салынууга жана мажбурлоо чараларына тийиш.
5-глава. Өзгөчө укуктук режим
18-берене. "Тамчы" АФИАнын өзгөчө укуктук режими
1. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин жана (же) "Тамчы" АФИАнын органдарынын жана (же) алардын кызматкерлеринин ортосунда келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алууга укуктуу, анын ичинде:
1) жарандык-укуктук мамилелер, анын ичинде уюмдар болуп саналган "Тамчы" АФИАнын субъекттерине катышууга жана (же) аларды башкарууга байланышкан мамилелер;
2) жарандык-процесстик мамилелер;
3) финансылык мамилелер;
4) эмгек мамилелери;
5) "Тамчы" АФИАнын органдары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболору.
2. Эгерде мындай мамилелердин тараптарынын ортосундагы макулдашууда башкача макулдашылбаса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамилелер "Тамчы" АФИАнын актылары менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамда тикелей каралган учурларда "Тамчы" АФИАнын органдары ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алат.
4. "Тамчы" АФИАнын актылары англис укуктук тутумунун принциптерине, мыкты эл аралык тажрыйбаларга, ошондой эле алдыңкы дүйнөлүк финансылык борборлордун жана атайын укуктук режими бар эркин зоналардын стандарттарына негизделүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна же эл аралык тартипке коркунучтардын келип чыгуусу үчүн шарттарды жоюу максатында "Тамчы" АФИАнын актылары "Тамчы" АФИАнын субъекттери үчүн айрым чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.
6. "Тамчы" АФИАга карата кылмыш-жаза жана административдик укук мамилелери ушул берененин 8-бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
7. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
8. "Тамчы" АФИАда уруксат берилген ишти жана "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык уруксат берилген аракеттерди жүргүзүү фактысы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Салык салуу
1. "Тамчы" АФИАда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык өзгөчө салык режими белгиленет.
2. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин "Тамчы" АФИАдагы иши Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 49 жылга салыктардын бардык түрүнөн бошотулат.
3. "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана органдары, анын ичинде жалданып иштеген жеке жактар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Өзгөчө бажы режими
1. "Тамчы" АФИА Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бир бөлүгү болуп саналат.
2. "Тамчы" АФИАда эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулат.
Эркин бажы зонасы - "Тамчы" АФИАнын субъекттери бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн "Тамчы" АФИАнын чегинде товарларды жайгаштырган жана пайдаланган бажы жол-жобосу.
3. "Тамчы" АФИА ЕАЭБдин Бажы кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бажы контролу зонасы болуп саналбайт.
4. "Тамчы" АФИАнын субъекттери "Тамчы" АФИАда ушул Мыйзамдын жана анын негизинде кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо шартында чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын пайдалануу менен байланышкан чарбалык ишти жүзөгө ашыра алат.
21-берене. Өзгөчө валюталык режим
1. "Тамчы" АФИАдагы өзгөчө валюталык режим чет өлкөлүк валютаны жана виртуалдык активдерди эркин жүгүртүүнү, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын актылары менен белгиленген эрежелерге ылайык жеке жана юридикалык жактардын ортосунда кызматтарды көрсөтүүдө жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эркин жүгүртүүнү карайт.
2. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен эсептешүүлөрү келишимдин негизинде тараптардын макулдашуусу боюнча каалаган валютада жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кеңеш финансылык жөнгө салуучу менен макулдашуу боюнча "Тамчы" АФИАнын аймагында виртуалдык активдерди жана эсептешүүнүн башка усулдарын чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
22-берене. Өзгөчө визалык режим
1. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин же органдарынын кызматкерлери болуп саналган, "Тамчы" АФИАда иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана кирүү жана чыгуу эрежелерине ылайык беш жылга чейинки колдонуу мөөнөтү менен "Тамчы" АФИАга кирүү визасын алат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга визанын колдонуу мөөнөтүн узартуу башкаруучу компаниянын өтүнүчү боюнча "Тамчы" АФИАнын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. "Тамчы" АФИАга кирүүнүн жана чыгуунун жөнөкөйлөтүлгөн режими иштейт. Контролдоо-өткөрүү режими Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын колдонбостон башкаруучу компания тарабынан белгиленет. "Тамчы" АФИАда болуу тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу
1. "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана органдары "Тамчы" АФИАда иштөө үчүн чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды уруксат албастан тартууга укуктуу.
Ушундай жол менен тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасында ишке орношууга уруксат алуу милдетинен бошотулат.
2. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана органдары тарабынан ишке тартылуучу чет өлкөлүк жумушчу күчүн эсепке алууну жүргүзөт.
"Тамчы" АФИАда иштеген, ишке тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча башкаруучу компания тарабынан берилет.
3. Калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга берилүүчү маалыматтардын курамы, аларды берүүнүн мезгилдүүлүгү жана тартиби калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан аныкталат.
4. "Тамчы" АФИАнын субъекттери жана органдары ишке тартылган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды "Тамчы" АФИАнын актыларына ылайык башкаруучу компанияга берет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-глава. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин кепилдиктери
24-берене. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин кепилдиктери
1. "Тамчы" АФИАнын субъекттери "Тамчы" АФИАда иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык резиденттер сыяктуу жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланышат.
2. Кыргыз Республикасынын кайсы болбосун мамлекеттик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан "Тамчы" АФИАнын ишине жана "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин экономикалык иштерине кийлигишүүгө тыюу салынат.
7-глава. Корутунду жоболор
25-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) саны менен жарыяланды
2. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алган |