Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 26-июну № 127
Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү
3-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар
4-глава. Адамдардын ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүсү
5-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин каржылык камсыз кылуу
6-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин контролдоо жана көзөмөлдөө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Ушул Мыйзамдын максаты инсандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле менчигин коргоо жана кылмыштуу кол салуулардан коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ыкчам-иликтөө ишмердиги - ушул Мыйзам менен ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү, атайын күчтөрдү, каражаттарды жана усулдарды пайдалануу аркылуу ачык же жашыруун жүзөгө ашырылуучу иштин түрү;
2) жарандарды сурамжылоо - ыкчам кызматкер тарабынан изилденүүчү окуя же ага катышы бар адамдар тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтар белгилүү болушу мүмкүн болгон жаранды жекече сурамжылоо;
3) сураштырып билүү - ыкчам кызматкердин ыкчам-иликтөө ишинин милдеттерин чечүү үчүн маанилүү болгон иш жүзүндөгү маалыматты ыкчам, криминалисттик жана башка маалыматтар базасынан расмий алуусу;
4) инсанды окшоштуруу - шектүүнүн (текшерилүүчүнүн) өздүгүн дактилоскопиялык картотека, окуя болгон жерде калган издер, кандын, шилекейдин курамы, жыттын изи боюнча жана башка усулдар менен аныктоо;
5) атайын техникалык каражаттар - ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде телекоммуникациялык тарамдарда маалыматтарды табуу жана документтештирүү үчүн атайын функциялары, программалык камсыз кылуусу жана конструктивдүү өзгөчөлүктөрү бар түзүлүштөр, аппаратура, шаймандар, жабдуу;
6) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө - телекоммуникациялык тарамдарда, анын ичинде Интернет тармагында атайын техникалык каражаттардын жардамы менен укукка каршы иштин белгилерин, ошондой эле издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо боюнча конспиративдүү аракеттер;
7) ыкчам эксперимент - кылмыштуу ишти документтештирүү жана аларга бөгөт коюу максатында контролдо турган, ошондой эле белгисиз адамдардын укукка каршы аракеттерин тажрыйбалуу жол менен табууга мүмкүндүк берүүчү ыкчам-иликтөө кырдаалын моделдөө;
8) ыкчам аныктоо - жарандардан, кызмат адамдарынан шифрленген сурамжылоо жүргүзүү жана маалымдамаларды жашыруун сураштыруу, документтер менен таанышуу жолу аркылуу текшерилүүчү адамдын кылмыштуу иши жөнүндө маалыматтарды конспиративдүү чогултуу, анын байланыштарын аныктоо жана башка маалыматты алуу;
9) конфидент - ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте ыкчам-иликтөө органы (анын өкүлү катары - ыкчам кызматкер) менен конспиративдүү кызматташуу мамилесин түзгөн, жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жеке жак;
10) жашыруун ишканаларды жана уюмдарды түзүү - түзүлүүсүн (пайдаланууну) сыр сактоо менен ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин аткаруу үчүн ишканаларды же уюмдарды (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, жеке компанияларды, өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды, кызматтык жайларды ж.б.) түзүү (пайдалануу);
11) маалыматты мыйзамсыз алуунун техникалык каражаттарын издөө - мыйзамсыз пайдаланылуучу аудио, видео белгилөө, телекоммуникациялык тарамдардан, компьютерлерден, санарип технологиялык тутумдардан ж.б. маалыматтарды алуу каражаттарын табуу;
12) объекттерди санариптик таануу - ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашыруу максатында болгон маалыматтар базасынын негизинде адамды автоматтык түрдө идентификациялоого же верификациялоого, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин таанууга жөндөмдүү атайын программалык камсыз кылуунун жардамы менен жүргүзүлүүчү ыкчам-иликтөө иш-чарасы;
13) сүйлөшүүлөрдү жашыруун тыңшоо жана жаздыруу - видео, аудиотехниканы жана (же) атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен видеону жана кептик маалыматты конспиративдүү контролдоо жана анын мазмунун материалдык сактагычта белгилөө;
14) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу - телекоммуникациялык сервистин пайдалануучусунун кириш жана чыгыш чалуулары (туташуулары) жөнүндө маалыматты, ошондой эле телекоммуникациялардын операторлорунан башка маалыматтарды алып коюу;
15) контролдонуучу берүүлөр (текшерүүчү берүүлөр) - кылмыштарды натыйжалуу аныктоо, бөгөт коюу жана тергөө максатында эркин сатууга тыюу салынган же болбосо жүгүртүлүшү чектелген товарларды же предметтерди, ошого тете кылмыштуу жол менен алынган же өзүнө кылмыштын издерин сактап калган предметтерди же болбосо кылмыш жасоо куралдарын же каражаттарын контролдонуучу ташууларды түзүү;
16) контролдук сатып алуу (текшерүүчү сатып алуулар) - финансылык, чарбалык, ишкердик же соода ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келүүчү бузуулар жөнүндө ыкчам маалымат болгондо ыкчам кызматкер (ыкчам бөлүм) тарабынан товарды (керектөө жана сатуу максатында эмес) сатып алуунун жасалма түзүлгөн кырдаалы;
17) жайларды, имараттарды, курулмаларды жана жергиликтүү участокторду текшерүү - кылмыштын издерин, кылмыш жасоо куралдарын, кылмыштуу ишке катышы бар башка предметтерди же документтерди табуу максатында объекттерди ачык же жашыруун кароо;
18) почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо - кылмыштуу иш жөнүндө маалыматтарды табуу жана маалымат алуу максатында белгилүү бир кат-кабарларды конспиративдүү карап чыгуу;
19) телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу - кылмыштуу иш жөнүндө маалыматтарды табуу жана ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү башка маалыматтарды алуу максатында үн жазуучу жана (же) атайын техникалык каражаттардын жардамы менен телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү конспиративдүү угуп контролдоо, алардын мазмунун материалдык сактагычта белгилөө;
20) компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан маалыматтарды алуу - ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин чечүүгө өбөлгө түзүүчү маалыматты санарип дайындарын чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого же сактоого багытталган телекоммуникациялык тарамдардан, компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн конспиративдүү алуу;
21) ыкчам байкоо жүргүзүү - ыкчам-техникалык каражаттардын жардамы менен конспиративдүү, такай, түздөн-түз көрүп же кыйыр кабыл алуу жана ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашыруу үчүн маанилүү болгон кубулуштарды, окуяларды, жосундарды, фактыларды, процесстерди каттоо;
22) салыштырма изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу - кылмыштын же кылмыш жасаган адамдын изин сактап калган маалыматтын материалдык сактагычтарын, ошондой эле кылмыштуу кол салуулардын объекттери болгон же коомдук-коркунучтуу укукка каршы жосунду жана ага катышы бар адамдарды табуу каражаты болуп кызмат кылышы мүмкүн болгон башка предметтерди табуу жана алып коюу;
23) ыкчам киргизүү - ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашыруу үчүн ыкчам кызыкчылык объектинин чөйрөсүнө ыкчам кызматкердин же конфиденттин кирүүсү боюнча өз ара байланышкан аракеттердин жыйындысы же болбосо конспиративдүү уюмду (юридикалык жакты) түзүү;
24) жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү - мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттери
Ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч жаратуучу окуялар же аракеттер (аракетсиздик) жөнүндө маалыматтарды табуу;
2) кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу, ошондой эле аларды даярдап жаткан, жасап жаткан же жасаган адамдарды табуу жана аныктоо;
3) тергөө органдарынан жана соттон жашырынып, кылмыш-жаза куугунтугунан качып жүргөн адамдарды издөө, дайынсыз жоголгондорду издөө, жаш курагынан же ден соолугунан улам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда өзү жөнүндө аныктоочу маалыматтарды билдирүүгө жөндөмсүз адамдын өздүгүн аныктоо, таанылбай калган өлүк боюнча жеке маалыматтарды аныктоо;
4) ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын жана аларга купуя көмөк көрсөтүүчү адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларын жана алардын жакын туугандарын коргоону камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу.
4-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин принциптери
Ыкчам-иликтөө ишмердиги мыйзамдуулук, инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, конспирация, ачык жана жашыруун усулдарды жана каражаттарды айкалыштыруу принциптерине негизделет.
5-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин укуктук негизи
Ыкчам-иликтөө ишмердигинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары саналат.
6-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинде инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо кепилдиктери
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар (кызмат адамдары) ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө адамдын жана жарандын жеке жашоосуна кол тийбестик, кат алышууларын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн сыр сактоо, турак жайына, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрүнө кол тийбестик укуктарын сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Ушул Мыйзамда каралбаган максаттарга жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын аракети анын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө алып келди деп эсептеген адам бул аракеттерге ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу жогору турган органга, прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.
3. Ишти кароонун толуктугун жана ар тараптуулугун камсыз кылуу максатында ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу орган прокурордун же соттун талабы боюнча ыкчам кызыкчылык объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттык жашыруун кызматкерлери, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө купуя көмөк көрсөткөн же көмөк көрсөтүүчү адамдар, үчүнчү жактардын жеке жашоосу жөнүндө, ошондой эле ыкчам-иликтөө ишмердигин уюштуруу жана жүргүзүү тактикасы жөнүндө маалыматтарды жана мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн башка маалыматтарды кошпогондо, арыз ээсине берүүдөн баш тартылган маалыматтар жөнүндө маалыматты камтыган ыкчам-кызматтык документтерди берүүгө милдеттүү.
4. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын арыз ээсине зарыл маалыматтарды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими негизсиз деп таанылган учурда көзөмөлдөөчү прокурор же судья аталган органды жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон көлөмдө маалыматтарды берүүгө милдеттендириши мүмкүн.
5. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденбеген адамдарга карата алынган маалыматтар жок кылынат.
6. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга (кызмат адамдарына) төмөнкүлөргө тыюу салынат: ыкчам-иликтөө иш-чараларын мыйзамда белгиленген тартипте катталган кандайдыр бир саясий партиянын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын кызыкчылыктарында, алардын ишинин мүнөзүнө таасирин тийгизүү максатында жүргүзүүгө; ишкердик иш мыйзамсыз жүргүзүлгөн, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан, айлана-чөйрөгө экологиялык зыян келтирген, ошондой эле курулуш ченемдери жана имараттарды, курулмаларды жер титирөөгө туруктуу куруу эрежелери бузулган учурларды кошпогондо, ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө; мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, жарандардын жеке жашоосуна кол тийгистикти, жеке жана үй-бүлөлүк сырын, ар-намысын жана аброюн козгогон жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү процессинде белгилүү болгон маалыматтарды жарандардын макулдугусуз ачыкка чыгарууга; өтө зарыл болгон жана зарыл коргонуу, кылмыш жасаган адамды кармоо, мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызмат орду боюнча милдеттерди, негиздүү тобокелдик болгон, атайын тапшырманы аткаруу учурларынан тышкары, жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө реалдуу коркунуч жараткан аракеттерди жасоого; жарандарды укук бузууга тартууга жана түрткү берүүгө, жарандардын укуктарын чектеген зомбулукту, коркутууну, шантажды жана башка укукка каршы аракеттерди колдонууга, ыкчам-иликтөө материалдарын жасалмалоого, ошого тете билип туруп анык эмес же болбосо жалган маалыматтарды пайдаланууга.
7. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу орган (кызмат адамы) тарабынан жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганда жогору турган орган, прокурор же болбосо судья Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
8. Ушул Мыйзамды бузуу менен жүзөгө ашырылган ыкчам-иликтөө ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
2-глава. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү
7-берене. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары
1. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жарандардын конституциялык укуктарын чектебөөчү жана атайын тергөө аракеттери боюнча жүргүзүлүүчү болуп бөлүнөт.
2. Жарандардын конституциялык укуктарын чектебөөчү ыкчам-иликтөө иш-чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардан сурамжылоо;
2) сураштырып билүү;
3) инсанды окшоштуруу;
4) жашыруун ишканаларды жана уюмдарды түзүү;
5) ыкчам эксперимент;
6) ыкчам аныктоо;
7) маалыматты мыйзамсыз алуунун техникалык каражаттарын издөө;
8) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө;
9) объекттерди санариптик таануу.
3. Атайын тергөө аракеттери боюнча жүргүзүлүүчү ыкчам-иликтөө иш-чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) почталык-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу, аларды кароо жана (же) алып коюу (почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо);
2) сүйлөшүүлөрдү тыңшоо (телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу);
3) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты алуу;
4) компьютерлерден, серверлерден, телекоммуникациялык тарамдардан, ошондой эле башка түзүлмөлөрдөн маалыматтарды алуу;
5) адамдарды же жерлерди аудио-, видеоконтролдоо (видео, аудиотехниканы жана (же) атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен сүйлөшүүлөрдү жашыруун тыңшоо жана жаздыруу);
6) адамды же жерди байкоо (ыкчам байкоо);
7) адамдын ээлигиндеги же анын тескөөсүндөгү турак эмес жайларга же башка кыймылсыз мүлккө кирүү жана аны текшерүү (жайларды, имараттарды, курулуштарды, жергиликтүү участокторду текшерүү);
8) экспертиза жүргүзүү максатында салыштырма изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу (салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу);
9) кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыштуу ишти имитациялоо (ыкчам киргизүү);
10) контролдонуучу берүүлөр (текшерүүчү берүүлөр);
11) контролдук сатып алуу (текшерүүчү сатып алуулар).
Ушул бөлүктө каралган ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө санарип технологиялык тутумдар, видео жана аудио жазуулар, кино жана фото тартуулар, ошондой эле инсандын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу, ошондой эле иштеп чыгуу, өндүрүү, сертификаттоо, эсепке алуу, эсептен чыгаруу, сатуу, сатып алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат. Улуттук коопсуздук органдары маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды борборлоштурулган эсепке алуунун жүргүзүлүшүн камсыз кылат. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруу процессинде маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүүнүн жана анын чегинен тышкары ташып чыгуунун, ошондой эле иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, сертификаттоонун, эсепке алуунун, эсептен чыгаруунун, сатуунун, сатып алуунун белгиленген эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
6. Ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар тарабынан милдеттерди ишке ашыруу кызыкчылыгында телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан ыкчам-иликтөө иш-чаралары техникалык жактан улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
Телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө арналган санарип технологиялык тутумдардын, санарип ресурстарынын жана атайын техникалык каражаттардын ээси болуп улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
7. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө телекоммуникациялардын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сервистерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматты берүүгө;
2) өзүнүн телекоммуникациялык тарамдарында атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;
3) өзүнүн дайындар базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка көмөк көрсөтүүгө.
8. Телекоммуникациялардын операторлору телекоммуникациялык тарамдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, төмөнкүлөрдү камтыган талаптардын ишке ашырылышын камсыз кылат:
1) телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнүн тартибин;
2) телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын камсыз кылууга карата техникалык талаптарды;
3) телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн дайындарды берүү түйүндөрүнө карата талаптарды.
9. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү тактикасы мамлекеттик сырларды түзөт. Атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу телекоммуникациялардын операторлору жана башка адамдар аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
10. Телекоммуникациялардын операторлорунун телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон санариптик технологиялык тутумдар, санарип ресурстары жана атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылууга байланышкан чыгымдары телекоммуникациялардын операторлорунун каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.
11. Өзгөчө абал режими киргизилген шартта же массалык башаламандыктар, куралдуу чыр-чатактар мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде убактылуу токтотулуп турушу мүмкүн. Мындай мобилдик түзүлмөгө телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин же телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде уруксат берилет.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы жана ташылып келген мобилдик түзүлмөлөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү түрдө идентификацияланууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн негиздери
1. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сотко чейинки өндүрүш;
2) ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга белгилүү болгон төмөнкү маалыматтар:
- даярдалып жаткан, жасалып жаткан же жасалган укукка каршы жосундун белгилери, ошондой эле аны даярдап жаткан, жасап жаткан же жасаган адамдар жөнүндө;
- мамлекеттик, аскердик, экономикалык, маалыматтык жана экологиялык коопсуздукка коркунуч жаратуучу окуялар же аракеттер жөнүндө;
- алгачкы текшерүү, тергөө органдарынан жана соттон жашырынып же кылмыш жазасынан качып жүргөн адамдар жөнүндө;
- дайынсыз жок болгон же курагынан же ден соолугунан улам өзү жөнүндө аныктоочу маалыматтарды билдирүүгө жөндөмсүз адамдар жана таанылбай калган өлүктөрдү табуу жөнүндө;
3) алардын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза иштери боюнча тергөөчүнүн тапшырмалары, прокурордун көрсөтмөлөрү же соттун аныктамалары;
4) ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу башка органдардын ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер боюнча суроо-талаптары;
5) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу корголуучу адамдарга карата коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндө токтом;
6) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын суроо-талаптары;
7) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган мөөнөттө жана тартипте атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөр жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон жарандардын өздүгүн мүнөздөгөн маалыматтарды да чогултууга укуктуу:
1) улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча мамлекеттик сырларга уруксатты тариздөө (кайра тариздөө), ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө жогору коркунуч келтирүүчү объекттерди эксплуатациялоо менен байланышкан иштерге уруксат берүү жөнүндө;
2) ыкчам-иликтөө ишмердигине катышууга уруксат берүү же аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган материалдарга уруксат берүү жөнүндө;
3) ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоодо жана жүргүзүүдө адам менен кызматташтык мамилелерин түзүү жана аны сактоо жөнүндө;
4) ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын (кызмат адамдарынын) коопсуздугун камсыз кылуу боюнча.
9-берене. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн шарттары
Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, айрым адамдардын жарандыгы, улуту, жынысы, жашаган жери, кызматтык, социалдык жана мүлктүк абалы, коомдук бирикмелерге таандыктыгы, динге болгон мамилеси жана саясий ынанымдары Кыргыз Республикасынын аймагында аларга карата ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
10-берене. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын токтотуунун негиздери
1. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) милдеттерди чечүү үчүн аларды өткөрүү каралып, милдеттер аткарылганда;
2) коюлган милдеттерди чечүүнүн объективдүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайлар белгиленген учурда;
3) текшерилүүчү адамды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жоопкерчиликке тартууну жокко чыгарган жагдайлар аныкталганда;
4) атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү мөөнөтү аяктаганда.
2. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү тактикасы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечимдери менен аныкталат.
11-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин маалыматтык камсыз кылуу жана документтештирүү
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар ушул Мыйзам менен аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн санариптик технологиялык тутумдарды түзүшү жана пайдаланышы, ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжаларын чогултуусу жана тутумдаштыруусу мүмкүн.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжаларын жүргүзүү жана тутумдаштыруу тартиби ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик актылары менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжаларын пайдалануу
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжалары тергөө жана сот аракеттерин даярдоо жана жүзөгө ашыруу, кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү жана аларды даярдап жаткан, жасап жаткан же жасаган адамдарды табуу жана аныктоо, ошондой эле издөө милдеттерин ишке ашыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжалары сотко чейинки өндүрүштү баштоо үчүн негиз болушу, алгачкы текшерүү органына, кылмыш-жаза иши өндүрүшүндө турган тергөөчүгө, прокурорго же сотко берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын далилдерди чогултууну, текшерүүнү жана аларга баа берүүнү регламенттөөчү жоболоруна ылайык кылмыш-жаза иштери боюнча далилдерде пайдаланылышы мүмкүн.
3. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжаларын алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко берүү ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналган адамдарга карата ыкчам-иликтөө ишмердигинин жыйынтыктары аларга иштин көрсөтүлгөн түрлөрүнө уруксат берүү жөнүндө маселени чечүүдө эске алынат.
13-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар жөнүндө маалыматтарды коргоо
1. Жашыруун ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө пайдаланылуучу же пайдаланылган ыкчам-иликтөө ишмердигинин күчтөрү, каражаттары, булактары, усулдары, пландары жана натыйжалары, ыкчам кызыкчылыктын объектисинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттагы жашыруун кызматкерлери жана аларга купуя негизде көмөк көрсөткөн же көрсөтүүчү адамдар, ошондой эле ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруу жана аны жүргүзүүнүн тактикасы жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт жана ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин токтомунун негизинде гана ачыкка чыгарылууга тийиш.
2. Ыкчам кызыкчылыктын объектисинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттагы жашыруун кызматкерлери, ошондой эле аларга купуя негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.
3. Ыкчам-иликтөө иш-чарасын жүргүзүүгө укук берген чечим жана мындай чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон материалдар ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарда гана сакталат.
4. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин натыйжаларын чагылдырган ыкчам-кызматтык документтер алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго, тергөө судьясына, сотко, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу башка органдарга ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда берилиши мүмкүн.
3-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар
14-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруу укугу төмөнкү ыкчам бөлүмдөргө берилет:
1) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
2) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (аскердик чалгындоо органы);
4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
5) жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
6) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
7) мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдары анын милдеттерин илимий, техникалык жана башка атайын билими бар кызмат адамдарынын жана адистердин жардамын, ошондой эле айрым адамдардын көмөгүн ачык жана жашыруун негизде алардын макулдугу боюнча пайдалануу менен, ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурууга жана жүргүзүүгө жеке катышуу жолу менен чечет.
3. Ушул Мыйзамда ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактар тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө, маалыматтарды жашыруун алууга арналган (иштелип чыккан, ылайыкташтырылган, программаланган) атайын жана башка техникалык каражаттарды сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат.
4. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар координациялык кеңештерди, биргелешкен санариптик технологиялык тутумдарды, санарип ресурстарын түзө алышат жана алардын алдында турган милдеттерди ишке ашырууда өз ара аракеттене алышат. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын өз ара аракеттенүү тартиби ведомстволор аралык регламенттер менен аныкталат.
5. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилери ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууга укугу бар ыкчам бөлүмдөрдүн тизмегин, алардын түзүмүн жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
6. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар ушул Мыйзамда аныкталган милдеттерди алардын ишин регламенттөөчү мыйзам актыларында белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде гана ишке ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын милдеттери
Ушул Мыйзамда аныкталган ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашырууда ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти коргоо, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө;
2) ыкчам-иликтөө иш-чараларын, алар тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган кылмыш-жаза иштери боюнча атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн жазуу жүзүндөгү тапшырмаларын, прокурордун көрсөтмөлөрүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде аткарууга;
3) кылмыш же болбосо кылмыш-жаза иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн күбөлөрүнө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларына "Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган коопсуздук чараларын жүзөгө ашырууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана негизде эл аралык укук коргоо уюмдарынын, чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын суроо-талаптарын аткарууга;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу башка органдарга бул органдардын компетенциясына кирген укукка каршы иштин аларга белгилүү болгон фактылары жөнүндө маалымдоого жана аларга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө;
6) ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууда конспирациялоо эрежелерин сактоого;
7) өз кызматкерлеринин, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн жана көмөк көрсөтүүчү адамдардын, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, ошондой эле аталган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугун жана мүлкүнүн сакталышын, аларды кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө;
8) кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу, ошондой эле адамдарды издөө үчүн жарандардын конституциялык укуктарын чектебеген ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга;
9) козголгон кылмыш-жаза ишинин жана тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жана прокуратура органдарында каттоодон өткөндөн кийин, ишкердик субъекттерин текшерүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө.
16-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын укуктары
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашырууда ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Мыйзамда белгиленген өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам-иликтөө иш-чараларын ачык жана жашыруун жүргүзүүгө, аларды жүргүзүү учурунда предметтерди, материалдарды жана билдирүүлөрдү алып коюуга, ошондой эле адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аскердик, экономикалык, маалыматтык же экологиялык коопсуздугуна коркунуч пайда болгон учурда телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотууга;
2) ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүгө макулдугун билдирген адамдар менен акысыз же болбосо акы төлөө негизинде кызматташтык мамилелерди түзүүгө;
3) ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө келишим боюнча же оозеки макулдашуу боюнча юридикалык жактардын, аскер бөлүктөрүнүн кызматтык жайларын, мүлкүн, ошондой эле жеке адамдардын турак жайларын жана турак эмес жайларын, транспорт каражаттарын жана башка мүлкүн пайдаланууга;
4) ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын өздүгүн, ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын, бөлүмдөрүнүн, жайларынын жана транспорт каражаттарынын ведомстволук таандыктыгын, ошондой эле аларга купуя негизде көмөк көрсөткөн адамдардын өздүгүн шифрлеген документтерди жашыруун сактоо максатында пайдаланууга;
5) айрым адамдарды алардын макулдугу менен ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоого жана жүргүзүүгө жана (же) аларга катышууга тартууга;
6) ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашырууну камсыз кылуучу маалыматтык тутумдарды түзүүгө жана пайдаланууга;
7) эгерде мыйзам актыларында башкача аныкталбаса, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар менен ушул маалымат базаларынын (эсепке алуулардын), маалыматтык тутумдардын менчик ээлери болуп саналган уюмдардын ортосундагы макулдашууларга ылайык маалымат базаларынан (эсепке алуулардан), маалыматтык тутумдардан аралыктан жетүү мүмкүндүгү аркылуу жана (же) материалдык маалымат сактагычтардан маалыматты акысыз алууга;
8) зарыл болгон илимий-техникалык же башка атайын билимдери бар кызмат адамдарынын жана адистердин жардамын пайдаланууга.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптары мындай талаптар коюлган жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
3. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо же болбосо анын мыйзамдуу аткарылышына тоскоолдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарын социалдык жана укуктук коргоо
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарына бул адамдар штаттарына киргизилген органдардын кызматкерлерине берилүүчү социалдык жана укуктук коргоонун кепилдиктери жайылтылат.
2. Мыйзам менен тикелей ыйгарым укук берилген адамдарды кошпогондо, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдуу аракеттерине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.
3. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген кызмат адамы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өзүнүн түздөн-түз жана тикелей башчысына гана баш иет. Мыйзамга карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө алынганда аталган кызмат адамы мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү.
4. Жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын конституциялык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу үчүн ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамы же болбосо ага көмөк көрсөткөн адам тарабынан өтө зарыл болгон жана зарыл болгон коргонуу, кылмыш жасаган адамды кармоо, мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызмат орду боюнча милдеттерди аткаруу, негиздүү тобокелдик, атайын тапшырманы аткаруу учурларында укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга аргасыздан зыян келтирүүгө жол берилет.
5. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын уюшкан топтордо же кылмыштуу уюмдарда атайын тапшырмаларды аткаруу убактысы, ошондой эле алардын көрсөтүлгөн органдардагы штаттагы жашыруун кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн убактысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жеңилдетилген шартта пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарынын эсебине киргизилүүгө тийиш.
4-глава. Адамдардын ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу
органдарга көмөк көрсөтүүсү
18-берене. Адамдардын ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүсү
1. Айрым адамдар өздөрүнүн макулдугу менен, анын ичинде контракт боюнча, купуялуулукту сактоо менен ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоого же жүргүзүүгө ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүгө тартылышы мүмкүн. Бул адамдар ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоонун же жүргүзүүнүн жүрүшүндө өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү жана аталган органдарга атайылап жалган маалымат берүүгө укугу жок.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар жашы жеткен аракетке жөндөмдүү адамдар менен алардын жарандыгына, улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык же социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге таандыгына, динге карата мамилесине жана саясий ынанымдарына карабастан контракт түзө алышат.
3. Эгерде мындай кызматташтык кесиптик мүнөздөгү купуя маалыматты ачууга байланыштуу болсо, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга адвокаттардын, нотариустардын, медициналык кызматкерлердин, дин кызматкерлеринин, журналисттердин купуя кызматташтыгын пайдаланууга тыюу салынат.
19-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдарды социалдык жана укуктук коргоо
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн адамдар мамлекеттин коргоосунда болот.
2. Мамлекет контракт боюнча ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүгө макулдук берген адамдарга контрактта каралган милдеттенмелерди аткарууга кепилдик берет, анын ичинде аталган адамдар тарабынан коомдук парздын жана аларга жүктөлгөн милдеттердин укукка ылайык аткарылышына байланыштуу укуктук коргоого кепилдик берет.
3. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөндүгүнө байланыштуу айрым адамдардын, ошого тете алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө укукка каршы кол салуунун айкын коркунучу пайда болгон учурда, бул органдар укукка каршы аракеттерди болтурбоо, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана аларды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
4. Укукка каршы жосун жасаган жана ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу орган менен кызматташууга тартылган, кылмыштардын бетин ачууга активдүү көмөк көрсөткөн, келтирилген залалдын ордун толтурган же келтирилген зыянды башкача жол менен толтурган уюшкан топтун жана кылмыштуу коомдоштуктун ичиндеги адамга жаза дайындоодо сот аталган жагдайларды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай катары эске алат.
5. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар менен кызматташкан же болбосо аларга кылмыштардын бетин ачууда же кылмыш жасаган адамдарды аныктоодо жардам көрсөткөн адамдар сый акыларды жана башка төлөмдөрдү алышы мүмкүн.
6. Жарандардын ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча иштин негизги түрү катары кызматташуу мезгили алардын эмгек стажына киргизилет. Аталган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия менен камсыз болуу укугуна ээ болушат.
7. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар менен кызматташкан адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте аларды коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилет.
8. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча кызматташкан адам ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө катышкандыгына байланыштуу курман болгон учурда жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана анын багуусунда болгон адамдарга тиешелүү бюджеттин каражаттарынан курман болгон адамдын он жылдын ичинде ала турган акчалай каражатынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт жана мыйзамдарда белгиленген тартипте баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия дайындалат.
9. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча кызматташкан адам ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө катышкандыгына байланыштуу жаракат алганда, жарадар болгондо, контузияга учураганда, мертингенде жана ал үчүн ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар менен андан ары кызматташуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылганда, аталган адамга тиешелүү бюджеттин каражаттарынан анын беш жылдын ичинде ала турган акчалай каражатынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт жана мыйзамдарда белгиленген тартипте майыптыгы боюнча пенсия дайындалат.
20-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдардын билдирүүлөрү
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардан түшкөн маалыматтар жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери боюнча белгиленет жана сакталат.
2. Эгерде алынган билдирүүлөрдө кылмыштуу жосундун белгилери камтылган болсо, ыйгарым укук берилген адам тарабынан рапорт менен таризделет жана Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталат.
3. Эгерде даярдалып жаткан же жасалган кылмыштуу жосун жөнүндө алынган билдирүү мурда Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган болсо, Кылмыштардын бирдиктүү реестринде мурда катталгандыгы жөнүндө белги коюу менен жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери боюнча катталат.
4. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардан түшкөн кылмыштуу жосундун белгилерин камтыбаган маалыматтар же болбосо атайын тергөө аракеттерин аткарууда түшкөн маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталууга тийиш эмес, алар жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери боюнча белгиленет.
5-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин каржылык камсыз кылуу
21-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин каржылык камсыз кылуу
1. Ыкчам бөлүмдөрү ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга бюджеттен каржы каражаттары бөлүнөт, алар бул органдардын жетекчилери тарабынан белгиленген тартипте чыгымдалат.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигине бөлүнгөн каржы каражаттарынын чыгымдалышына контролдоону курамына ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу ыкчам бөлүмдөр кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери жүзөгө ашырат.
6-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин контролдоо жана көзөмөлдөө
22-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигин прокурордук көзөмөлдөө
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор жүзөгө ашырышат.
2. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө мыйзамдар бузулгандыгы жөнүндө прокуратурага келип түшкөн материалдарга, маалыматтарга жана жарандардын кайрылууларына байланыштуу ыйгарым укуктуу прокурордун суроо-талабы боюнча, ошондой эле ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерүүдө ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчилери аталган прокурорго бул иш-чараларды жүргүзүү үчүн негиз болгон ыкчам-кызматтык документтерди берет.
3. Ыкчам кызыкчылыктын объектисинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар жана ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзүүчү органдардын штаттагы жашыруун кызматкерлери, ошондой эле бул органдарга купуя негизде жардам көрсөткөн же көрсөтүп жаткан адамдар жөнүндө маалыматтар, аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу талап кылынган учурларды кошпогондо, аталган адамдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана прокурорго берилет. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууну уюштуруу, анын тактикасы, усулдары жана каражаттары жөнүндө маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алынбайт.
4. Прокуратура органдарынын жетекчилери прокурорго берилген ыкчам-кызматтык документтерде камтылган маалыматтардын корголушун камсыз кылуучу шарттарды түзүшөт.
23-берене. Ведомстволук контролдоо
Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилери ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурууда жана жүргүзүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына жеке жоопкерчилик алат.
24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) жарыяланды
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 4-августундагы № 81 Мыйзамынын 4-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 329-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 41 Мыйзамынын 5-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 200-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 98 Мыйзамынын 4-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 358-ст.);
5) "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-июнундагы № 105 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 365-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 28-мартындагы № 52 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 314-ст.);
7) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" жана "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 152 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 721-ст.);
8) "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 97 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2008-ж., № 5, 472-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-июлундагы № 143 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/1, 607-ст.);
10) "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 80 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 211-ст.);
11) "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 2, 80-ст.);
12) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ № 128 Декретинин 2-пункту ("Эркин-Тоо" гезити, 2010-жылдын 21-сентябры, № 86-87);
13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 8, 1094-ст.);
14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2775-ст.);
15) "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-майындагы № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 505-ст.);
16) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 915-ст.);
17) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 92-ст.);
18) "Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 764-ст.);
19) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын 7-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9);
20) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-июлу, № 56).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башкы маселелерди чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |