Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын 2023-жылдын “13” сентябрында № 505 буйругуна №____ тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу
Жазаларды аткаруу кызматынын
«ОМЕГА» атайын багыттагы отряды жөнүндө
ЖОБО
1. «ОМЕГА» атайын багыттагы отряды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары - ЖАК) өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет жана соттолгондордун кылмыш жасоосуна жана кармоо режимин бузуусуна бөгөт коюуга, алар тарабынан топтошкон тартип бузууларды жок кылууга, мекемелерде жана тергөө изоляторлорунда барымтага алынгандарды бошотууга, кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
2. "ОМЕГА" атайын багыттагы отряды (мындан ары - АБО) өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ЖАКтын буйруктарын, тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. АБОнун ЖАКтын чечими менен белгиленүүчү шарттуу аталышы жана символикасы бар.
4. "ОМЕГА" АБОнун кызматкерлеринин функционалдык милдеттери ЖАКтын чечими менен аныкталат.
5. ЖАКтын төрагасынын жазуу жүзүндөгү тескемеси боюнча АБОнун күчтөрү жана каражаттары убактылуу Кыргыз Республикасынын башка аймактарына жөнөтүлүшү мүмкүн.
6. АБОнун өздүк курамын алгачкы даярдоо жана кайра даярдоо (квалификациясын жогорулатуу) ЖАКтын төрагасы тарабынан бекитилген окутуу жана даярдоо программаларына ылайык жүргүзүлөт.
7. АБОнун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу ЖАКтын бекитилген окутуу-усулдук пландары жана програмаларына ылайык ишке ашат.
8. АБОнун материалдык-техникалык камсыздалуусу ЖАКка бөлүнгөн республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
9. АБОнун кызматкерлери кызматтык милдеттерин кунумдук формалуу кийимчен же айырмалоочу белгилери жана символикасы бар атайын аскер кийиминде, ошондой эле өткөрүлүп жаткан атайын иш-чаранын өзгөчөлүгүнө жараша бөлүмдүн командири аныктаган кийим формасында аткарышат. Атайын операцияларда кызматкерлер бетин жашыруу үчүн шлем ичине кийүүчү чүмбөттөрдө болушу мүмкүн.
10. АБО нөөмөт өтөөгө, кызматтык жана атайын даярдык боюнча сабак өткөрүүгө ылайык, ошондой эле атайын каражаттарды, автотранспортту, ыкчам техникалык жана башка мулкту кайтаруу үчүн жабдылган атайын бөлмөлөрдө (шаарчаларда) жайгашат.
11. АБОнун кызматтык даярдыгы ЖАКтын төрагасы бекиткен жылдык пландын негизинде ишке ашат.
12. Күтүүсүздөн келип чыккан ыкчам кызматтык милдеттерди аткаруу зарылдыгы келип чыккан учурда АБОнун өздук курамы казармалык абалга которулушу мүмкүн. Бул учурда ЖАКтын тийиштүү буйругу чыгарылат.
13. Атайын иш-чаралар (план боюнча же пландан тышкары) АБОнун командирине же анын милдетин аткаруучу адамга берилген ЖАКтын төрагасынын жазуу жүзүндөгү тескемесинин негизинде өткөрүлөт.
14. Атайын иш-чаранын жыйынтыгы жөнүндө АБОнун командири же анын милдетин аткаруучу адам ЖАКтын жетекчисине жазуу жүзүндө баяндама кылат.
15. Атайын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө аларды жазып алуу үчүн (зарыл болгон учурда) кино-, фото, - видео жана башка техника колдонулушу мүмкүн.
16. АБОдо иш кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык ишке ашырылат.
17. АБОнун комплекттөөсү ЖАКтын атайын бөлүктөргө болгон талаптарына ылайык, кесиптик жана атайын психофизикалык тандоодон өткөн, кызматтык жана дене боюнун даярдыгы мыкты кызматкерлердин арасынан, ошондой эле аталган талаптарга жооп берген ЖАКка кызматка жаңы келип жаткан кызматкерлердин ичинен жүргүзүлөт.
2-глава. АБОнун милдеттери
18. АБОнун милдеттери төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун (мындан ары -ЖАТ) объектилеринде кылмыштарды жана башка укук бузууларды алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
- ЖАКтын мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда (ТИЗО) укуктук тартипти, ал жакта кармалган соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын жана ошондой эле кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга катышуу;
- укук коргоо органдары менен биргеликте чогуу иштелип чыккан жана бекитилген план боюнча коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
- АБОнун өздүк курамынын, курал-жарактардын жана атайын каражаттардын дайыма даярдыкта болушун камсыз кылуу.
3-глава. АБОнун функциялары
19. АБОнун функциялары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- соттолгондор, камакта кармалган адамдар жана башка жарандар тарабынан коомдук коопсуздуктун топтошуп бузушун, баш ийбөөчүлүктөрдү, бейбаштыкты жана башка укукка каршы иш-аракеттерди жоюуга катышуу;
- ЖАТтын мекемелеринде куралдуу кылмышкерлерди куралсыздандыруу;
- ЖАТтын мекемелеринде барымтага алынган адамдарды, тартып алынган имараттарды, курулмаларды, бөлмөлөрдү жана ЖАТтын транспорт каражаттарын бошотуп алуу;
- качып кеткен соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды издөөгө жана кармоого катышуу;
- ЖАТтын объектилерине болгон кол салууларга кайра сокку берүүгө катышуу;
- ЖАКтын мекемелерине акчаны, баалуу буюмдарды жана соттолгондорго, камакка алынган адамдарга колдонууга тыюу салынган нерселерди, буюмдарды, заттарды алып өтүүгө бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
- тинтүүлөрдү өткөрүүгө, соттолгондорду жана камакта кармалгандарды тизме боюнча толуктоолорго, аларды көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана ЖАКтын мекемелеринде белгиленген режимди бекемдөөгө багытталган иш-чараларга катышуу;
- ЖАКтын тийиштүү кызматтарына кылмышкерлерди кармоо жана операциянын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ыкчам издөө иштерин жүргүзүүгө жана ыкчам иш-чараларды жүзөгө ашырууда көмөктөшүү;
- ЖАКтын мекемелеринде өзгөчө шарттагы режимди киргизүү мезгилинде укуктук тартипти сактоону камсыз кылууга катышуу;
- жазаларды аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча компетенттүү органдар менен биргеликте иш-чараларды өткөрүү;
- өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга белгиленген тартипте катышуу, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тийиштүү бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
- АБОнун өздүк курамын тандоо, тарбиялоо жана окутуу, ЖАКтын жетекчилигине АБОнун материалдык техникалык жабдуусу жана медициналык камсыздалуусу жөнүндө маселерди коюу жана сунуштарды киргизүү;
- куралдарды, соот техникасын, автотранспортту, атайын жана башка каражаттарды жарактуу абалда сактоо, АБОнун материалдык базасын бекемдөө жана өнүктүрүү;
- АБО жайгашкан аймак боюнча күнү-түнү күжүрмөн нөөмөттү иш ашыруу;
- ЖАКтын Борбордук аппаратынын имаратын кайтарууну жана өткөрүү режимин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- зарыл болгон учурда ЖАКтын жетекчилигинин көрсөтмөсү боюнча ЖАКтын тергөө башкармалыгына көмөктөшүү;
- өзгөчө учурда ЖАКтын жетекчилигинин көрсөтмөсү боюнча өзгөчө коркунуч туудурган же алардын коопсуздугун коргоого муктаж болгон соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды кайтаруу жана коштоо.
4-глава. АБОнун укуктары
20. АБОнун кызматкерлери төмөнкү укуктарга ээ:
- АБОнун куралдануусунда болгон ок атуучу, атылбас, атылбас ыргытуучу, пневматикалык жана газ куралдарын, атайын каражаттарды белгиленген тартипте сактоого жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык административдик чараларды колдонууга;
- атайын иш-чараларды өткөрүү учурунда кара күчтү, күжүрмөн самбонун ыкмаларын, атайын тактикалык формаларды жана ыкмаларды колдонууга, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте атайын каражаттарды жана куралды колдонууга;
- АБОнун куралдануусунда болгон жардыргыч заттарды, иштелип чыккан атайын техникалык буюмдарды ж.б. ушул сыяктууларды белгиленген тартипте сактоого жана колдонууга;
- АБОнун куралдануусунда болгон байланыш каражаттарын, атайын техниканы белгиленген тартипте сактоого жана колдонууга;
-“Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгилүү милдеттерди аткарууга тартылган АБОнун кызматкерлерине белгиленген тартипте милдеттер жана укуктар, укуктук жана социалдык коргоо, жана ошондой эле ЖАКтын кызматкерлерине тиешелүү жоопкерчилик жайылтылат.
5-глава. ЖАКтын түзүмдүк бөлүктөрү менен болгон өз
ара байланыштары
21. АБО ЖАКтын мекемелери менен тартипти камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүдө болот, мекемелердин кызматкерлери, курама отряды менен соттолгондор жана камакта кармалган адамдар тарабынан административдик тартип бузууларга бөгөт коюу боюнча, барымтага алынган адамдарды, имараттарды жана курулмаларды, транспорт каражаттарын бошотуу тууралуу сабактарды өткөрөт, ошондой эле ЖАКтын кызматкерлери менен ок атуу, күжүрмөн-кызматтык даярдык (күрөш, самбо ж.б.) боюнча сабактарды өткөрөт. Ошондой эле ЖАКтын тергөө изоляторлорунда куралдардын жана ок дарылардын сакталышын каттоого алат.
6-глава. АБОнун ишин уюштуруу
22. Отрядды ЖАКтын төрагасынын биринчи орун басарынын сунуштамасы боюнча ЖАКтын төрагасы кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон командир жетектейт.
23. Отряддын командиринин ЖАКтын төрагасынын биринчи орун басары менен макулдашылган командирдин сунуштамасы боюнча ЖАКтын төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу орун басары болот.
24. АБОнун түзүмү, саны жана штаттык тизими ЖАКтын бекитилген штаттык санынын чегинде ЖАКтын төрагасы тарабынан бекитилет.
25. АБОнун командири отряддын ишин жетектейт, АБОго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына, кызматтык тартиптин сакталышына жеке жоопкерчилик тартат.
26. АБОнун командири өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну өзүнүн орун басарына тапшыра алат.
27. Командир жок болгон учурда анын функционалдык милдеттерин командирдин орун басары аткарат.