Загрузка документа…
|
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 401 токтомуна) тиркеме |
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу өтүү датасын жана убактысын резервдөөнү акы төлөө негизинде уюштуруу шарттарын жана субъекттерин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) өткөрүү пунктуна транспорт каражаттарынын кирүү убактысын электрондук кезек системасында брондоо боюнча кызмат көрсөтүү (мындан ары – электрондук брондоо кызматы) – күтүү зонасынан өткөрүү пунктуна транспорт каражаттарынын кирүү убактысын брондоо боюнча электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү;
2) транспорт каражаттарынын өткөрүү пунктуна кирүүсүн электрондук кезек системасында брондоо убактысы (мындан ары – брондоо убактысы) – электрондук кезек системасынын колдонуучусу тарабынан тандап алынган, транспорт каражаты күтүү зонасынан өткөрүү пунктуна кире ала турган убакыт аралыгы;
3) биринчи бош убакытка кезек – брондоо убактысын тандабастан күтүү зонасына келген транспорт каражаттарынын ичинен электрондук кезек системасында түзүлгөн виртуалдык кезек;
4) күтүү зонасы – өткөрүү пунктунун алдында жайгашкан жана транспорт каражаттарын электрондук кезек системасында каттоо, аларды жайгаштыруу, ошондой эле электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезекке ылайык өткөрүү пунктуна кирүү үчүн багыттаган атайын жабдылган аянтча;
5) башкы табло – күтүү зонасында турган жана электрондук кезек системасынын учурдагы абалын чагылдыруу, ошондой эле электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезектүүлүккө ылайык өткөрүү пунктуна кирүү үчүн транспорт каражаттарын чакыруу үчүн колдонулуучу түзүлүш;
6) күтүү зонасына кирүүдө табло – күтүү зонасына кирердин алдында турган жана күтүү зонасына келген транспорт каражатынын мамлекеттик каттоочу номердик белгисин чагылдыруу үчүн колдонулуучу түзүлүш;
7) өткөрүү пунктуна кирүүдө табло – өткөрүү пунктуна кирердин алдында турган жана өткөрүү пунктуна чакырылган транспорт каражатынын мамлекеттик каттоочу номердик белгисин чагылдыруу үчүн колдонулуучу түзүлүш;
8) электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору – электрондук кезек системасынын ишин башкарууну жүзөгө ашыруучу жана анын талаптагыдай иштешин камсыз кылуучу, ошондой эле күтүү зонасынын ишин башкарууну жана анын иштешин камсыз кылууну, анын ичинде транспорт каражаттарын электрондук кезек системасында каттоону, аларды жайгаштырууну, электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезекке ылайык өткөрүү пунктуна кирүү үчүн багыттоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
9) электрондук кезек системасы – электрондук кезек системасынын операторунун, күтүү зоналарынын, өткөрүү пункттарынын операторлорунун ыйгарым укуктуу адамдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу программалык жана техникалык каражаттардын жыйындысынан турган жана күтүү зоналарынан өткөрүү пункттарына транспорт каражаттарынын кирүү кезегин белгилеген программалык-аппараттык комплекс.
3. Электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсү жүк ташуучу транспорт каражаттарына карата Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан чыгуу багытында милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылат.
Жеңил автомобилдерге жана автобустарга карата электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсү колдонулбайт.
4. Өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу транспорт каражаттарынын, товарлардын, ошондой эле көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын коштоп жүргөн адамдардын жана товарлардын өтүшүнө мониторинг жүргүзүү электрондук кезек системасын пайдалануу менен бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсү колдонулуучу Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарын аныктайт, ошондой эле электрондук кезек системасынын иштөө эрежелерин иштеп чыгат, аларда төмөнкүлөр аныкталат:
1) транспорт каражаттары автомобилдик өткөрүү пунктуна жиберилүүчү күтүү зонасы;
2) күтүү зонасынын инфраструктурасы боюнча сунуштамалар;
3) брондоо үчүн жалпы эрежелер, түрлөрү жана маалыматтын көлөмү;
4) электрондук кезек системасынын иштөөсүнүн технологиялык процесстери;
5) электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын операторунун, электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын иштешин камсыз кылуунун алкагында бажы органдарынын өз ара аракеттенүү тартиби.
6. Электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсү колдонулган Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы чек арасында өткөрүү пункттары жөнүндө, электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсүн көрсөтүү тартиби жөнүндө, ошондой эле брондоо убактысы жана электрондук брондоо кызмат көрсөтүлө турган транспорт каражаттарынын саны жөнүндө маалымат бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтында, электрондук кезек жана күтүү зонасынын операторунун сайтында жайгаштырылат.
7. Электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору пайдалануучуга күтүү кезегинде брондолгон транспорт каражаты жөнүндө гана маалымат берүүнү төмөнкүдөй көлөмдө камсыз кылат:
1) күтүү кезегиндеги транспорт каражатынын орду;
2) болжолдуу кезек күтүү убактысы;
3) транспорт каражатын өткөрүү пунктуна жиберүү статусу;
4) өткөрүү пунктуна келүү статусу;
5) өткөрүү пунктунан кетүү статусу.
8. Электрондук кезек системасында камтылган маалыматтарга юридикалык жана жеке жактардын жетүүсү алардын өткөрүү пунктуна кирүү убактысын брондоосуна же аны жокко чыгарууга тийиштүү бөлүгүндө берилет.
9. Товарлардын айрым категорияларын ташыган транспорт каражаттарын биринчи кезекте өткөрүү ЕАЭБдин Бажы кодексинин 81-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
1. Электрондук кезек системасы менен өткөрүү пунктуна транспорт каражаттарын киргизүүнүн төмөнкү этаптарын координациялоо, коштоо жана белгилөө жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы чек арасында өткөрүү пунктунан өтүү үчүн колдонуучунун кезекте турган ордун жана убакытты брондоосу;
2) күтүү зонасына транспорт каражатынын келиши;
3) өткөрүү пунктуна транспорт каражатынын кирүүсү үчүн чакырууну күтүү;
4) күтүү зонасынан өткөрүү пунктуна баруу үчүн чакыруунун негизинде транспорт каражатынын чыгышы;
5) транспорт каражатынын өткөрүү пунктунун аймагына кирүүсү;
6) чек арада мамлекеттик контролдун түрлөрүнөн өтүү;
7) транспорт каражатынын автомобилдик өткөрүү пунктунун аймагынан чыгуусу.
11. Электрондук кезек системасында брондоо бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты, ошондой эле электрондук кезек жана күтүү зонасынын операторунун сайты аркылуу ишке ашырылат.
12. Электрондук кезек системасында брондоо төмөнкүдөй аракеттерден турат:
1) чыгуу пландалып жаткан өткөрүү пунктун тандоо;
2) айдоочу тууралуу маалыматтарды толтуруу (фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), телефон номери;
3) транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин көрсөтүү;
4) бажы декларациясынын каттоо номерин толтуруу, бош транспорт каражаты ташылып чыккан учурда маалыматтар көрсөтүлбөйт;
5) брондоо убактысын тандоо;
6) күтүү зонасына келгенден кийин электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсү пайдаланылган учурда биринчи бош убакытка кезек тандоо;
7) брондоо статусун көрүү үчүн коддук символдор.
13. Күтүү зонасына электрондук кезек системасында брондоосуз келген транспорт каражаттары бошогон биринчи убакытка электрондук кезек системасында ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык күтүү зонасынын аймагында түздөн-түз катталат.
14. Электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсүн пайдалангандыгы үчүн акы төлөө электрондук кезек системасын пайдалануучу тарабынан акча каражаттарын накталай эмес ыкма менен электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын операторунун алыш-бериш эсебине Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсүн пайдалангандыгы үчүн акынын өлчөмү электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору тарабынан аныкталат.
15. Колдонуучу кызмат көрсөтүү башталганга чейин кеминде 1 саат мурда брондоону жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоону бербегендиктен брондоо кызмат көрсөтүүсүн аткаруу мүмкүн болбогондо төлөнгөн акча каражаттары кайтарып берилбейт.
16. Электрондук кезек системасында белгилүү бир убакытка брондолгон транспорт каражаттары күтүү зонасына брондоо убактысы башталганга чейин 30 мүнөттөн кечикпестен келүүгө тийиш.
Брондоо убактысын өзгөртүүгө анын мурда белгиленген башталышына чейин 1 сааттан кечиктирилбестен жол берилет.
Эгерде транспорт каражаты күтүү зонасына брондоо убактысы башталганга чейин 30 мүнөт калганда келбесе, анда бронь автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Бул транспорт каражаты боюнча электрондук кезек системасында кайталап брондоо жүзөгө ашырылат.
17. Күтүү зонасына киргенде видеокамера тарабынан транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин окуу жүзөгө ашырылат. Окуу ийгиликтүү болгон учурда, күтүү зонасына киргенде таблодо күтүү зонасына келген транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси көрсөтүлөт жана шлагбаум ачылат.
Электрондук кезек системасында төмөнкүдөй маалыматтарды каттоо жүзөгө ашырылат:
1) брондоо убактысын көрсөтүү менен күтүү зонасына келүү убактысына ылайык, брондоо убактысы башталганга чейин электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсүн пайдаланган транспорт каражаттарынын келиши;
2) күтүү зонасына электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсүн пайдаланбастан келген адамдар.
18. Катталган транспорт каражаттары электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору тарабынан аныкталган жерге жайгаштырылат.
19. Брондоо убактысы башталганга чейин күтүү зонасына келген транспорт каражаттарын күтүү зонасынан чыгуу жана өткөрүү пунктуна кирүү үчүн чакыруу брондоо убактысына ылайык жүргүзүлөт.
Эгерде транспорт каражатын чакыруу колдонуучуга көз каранды болбогон электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсү боюнча кечигип калса, брондолгон убакыттан кийинки сааттарда мындай транспорт каражатын өткөрүү пунктуна чакыруу артыкчылыктуу негизде жүзөгө ашырылат.
20. Электрондук кезек системасында катталган транспорт каражаттарын бошогон биринчи убакытка өткөрүү пунктуна кирүү үчүн чакыруу электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезектүүлүккө ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Транспорт каражатын чакыруу, ошондой эле электрондук кезек системасында учурдагы абалы жөнүндө маалымат башкы таблодо көрсөтүлөт. Күтүү зонасында жалпыга жеткиликтүү жерлерде көрсөтүлгөн маалыматты кайталаган көмөкчү табло жана үн күчөткүчтөр жабдылышы жана жайгаштырылышы мүмкүн, ошондой эле электрондук брондоо кызмат көрсөтүүсү менен колдонуучуга кошумча пуш-кабарлоо жөнөтүлөт.
22. Транспорт каражаты күтүү зонасынан өткөрүү пунктуна чыкканда видеокамера тарабынан транспорт каражатыны мамлекеттик каттоо номердик белгисин окуу жүзөгө ашырылат. Окуу ийгиликтүү болгон учурда, күтүү зонасынан чыкканда таблодо өткөрүү пунктуна бара жаткан транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси көрсөтүлөт жана шлагбаум автоматтык түрдө ачылат.
23. Өткөрүү пункттарына транспорт каражаттарынын кириши күтүү зоналарынан электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезектүүлүккө ылайык жүзөгө ашырылат. Өткөрүү пунктуна чакырылган транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси өткөрүү пунктуна киргенде таблодо көрсөтүлөт.
24. Электрондук кезек системасынын иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган программалык же техникалык каражаттар үзгүлтүккө учураганда же иштебей калганда, же болбосо транспорт каражаттарынын кирүүсүн электрондук брондоо кызматын көрсөтүү объективдүү мүмкүн болбогондо, өткөрүү пунктуна транспорт каражаттарынын кириши ЕАЭБдин Бажы кодексинин 81-беренесинде аныкталган товарлардын айрым категорияларын ташыган транспорт каражаттарын биринчи кезекте өткөрүүнү эске алуу менен алар күтүү зонасына келгенине жараша кезек тартибинде жүзөгө ашырылат.