Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 28-марты № 3/1
Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы, көчүп-конуу графигин жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34 – “Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары” жөнүндөгү беренесине жана айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы, көчүп-конуу графиги жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифи боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы жана айдоо жерлерин айдоо, малалоо, чөптөрүн чабуу, таңгактоо боюнча мал баккандар жана механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү тарифи жана жайлоого көчүү, келүү маселеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
-ар бир баш майда жандык үчүн айына---150 сом, 1-айына 180 сом,
-ар бир баш бодо мал үчүн бир айына---800 сом, торпогуна---400 сом,
-сырттан келген мал-жандыктарга тарифтин 2 эсе өлчөмү колдонулсун жана токой чарбасына караштуу жайыт жерлерге жайлоого чыккандар 1 жылдык жайыт акынын ичинен пайдаланган мезгилине гана төлөм жүргүзүшсүн,
-жер айдоо ар бир сотых аянтка---45 сом,
-чөп оруу ар бир сотых аянтка----40 сом,
-ар бир сотых аянтка---мала басуу---15 сом, чөп тырмоо---20 сом,
-чөп таңгактоо даанасы---25 сом,
-чөп оруу ар бир сотых аянтка Ешка---45 сом,
-эгин басуу ар бир сотых аянтка комбайн---50 сом,
-15-апрелден жакынкы жайлоого, 10-майдан чоң жайлоого көчүп кетүү,
-20-августтан кийин жайлоодон көчүп келүү.
2. Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү жана айдоо жерлерин айдоо, малалоо, эгинин, чөптөрүн чабуу, таңгактоо боюнча бекитилген тариф аркылуу кызмат көрсөтүү жагы бадачыларга жана механизаторлорго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |