Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 28-марты № 3/3
Ылай-Талааа айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылындагы Сары-Таш көчөсүнө (маркум) Мамазайиров Султамаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Сары-Таш айылынын тургундарынын 2025-жылдын 15 - мартындагы жалпы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талааа айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылындагы Сары-Таш көчөсүнө (маркум) Мамазайиров Султамаматтынысымы ыйгарылсын.
2. Аты коюлган көчөнүн аталышын жаздырып, жолго шагыл төктүрүп,өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде жарыктандыруу ж.б. маселелерине демөөрчүлүк иш-аракеттерин жүргүзүү менен көчөнүталаптагыдай абалга келтирүү жагы уулу Мамазаиров Данияр Султамаматовичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |