Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 28-марты № 3/4
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы кабыл алган № 20/6 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 25.02.2021-жылдагы № 20/6 токтому “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө” Жобонун талаптарына шайкеш келтирүү максатында Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы №20/6 токтому жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |