Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 28-марты № 3/4.1
Ылай-Талаа айылындагы Ө.Абдылдаев атындагы орто мектебинин алдындагы “Балазат-2” мектепке чейинки билим берүү мекемесине (маркум) Маметов Шакендин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы “Балазат-2” балдар бакчасынын 2025-жылдын 13-мартындагы педагогикалык кеңешмесинин № 1 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айылындагы Ө.Абдылдаев атындагы орто мектебинин алдындагы “Балазат-2” мектепке чейинки билим берүү мекемесине Маметов Шакендин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомду колдоого алып ал боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинен суралсын.
3.Аталышы өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу керектүү иш-аракеттерди жүргүзүп Ош юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүү жагы мекеменин директору Б.Төрөгелдиевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |