Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 28-марты № 3/6
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Токбай-Талаа айылындагы “Бал-Бөбөк” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Токбай-Талаа айылындагы “Бал-Бөбөк” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин эмгек жамаатынын 2025-жылдын 18-мартындагы жалпы жыйынынын № 3 протоколун карап чыгып айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Токбай-Талаа айылындагы “Бал-Бөбөк” балдар бакчасы “Сулуукан апа” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемеси болуп аталсын.
2.Бул токтомдон келип чыккан шарттарга ылайык тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинен суралсын.
3.Аталышыөзгөрүлгөндүгүнөбайланыштуу керектүү иш-аракеттерди жүргүзүп Ош юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүү жагы мекеменин директору М.Абдиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |