Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 23-июну № 125
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) криминалдык идеология - кылмыштуу жашоо образын жана кылмыштарды жасоону актаган жана кубаттаган криминалдык субмаданияттын өкүлдөрүнүн көз караштарынын жана түшүнүктөрүнүн тарыхый жактан калыптанган тутуму;
2) криминалдык иерархия - уюшкан топтордогу, кылмыштуу коомдоштуктагы адамдардын абалы (статусу же ролу) жөнүндө көз караштардын жана баалардын тутуму;
3) криминалдык субмаданият - жалпы жашоонун жалпыга таанылган баалуулуктарына жана ченемдерине карама-каршы турууга негизделген жана жашоону уюштуруунун кылмыштуу формаларында чагылдырылган, коомдо болгон салыштырмалуу өз алдынча псевдомаданий чөйрө;
4) криминалдык статус - кылмышкерлер дүйнөсүндө белгиленген эрежелер менен аныкталган жана таанылган криминалдык иерархиядагы адамдын абалы;
5) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун лидери - криминалдык иерархияда таанылган аброюн пайдаланган, уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун ишин координациялоодо жана уюштурууда кыйла жогорку абалга жана инсандык таасирге ээ болгон, ушундай топторду же коомдоштуктарды түзүүнү жана түзүмдү курууну уюштурууну камсыз кылган адам;
6) криминалдык иерархиядагы абалды ээлөө - адамда уюшкан кылмыштуулук ишин уюштуруу, координациялоо, кеңеш берүү, аткаруу жана ага катышуу боюнча криминалдык статустун бар болушу;
7) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун мүчөсү - уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун ишине атайлап катышкан же аларды колдоо, өнүктүрүү же каржылоо үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөткөн адам, ошондой эле уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун атынан же анын тапшырмасы боюнча, же анын кызыкчылыгында тике же кыйыр түрдө, же болбосо үчүнчү жактар аркылуу аракеттенген адам;
8) кылмыштуу чогулуш (криминалдык жыйын) - уюшкан топтордун же кылмыштуу коомдоштуктардын лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн алардын кылмыштуу иши менен байланышкан маселелерин талкуулоо (кылмыштарды пландоо, кирешелерди, таасир этүү чөйрөлөрүн бөлүштүрүү, каржылоо, өз ара туруктуу байланыштарды түзүү ж.б.) максатындагы чогулуш;
9) уюшкан кылмыштуулук - Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган белгилер менен мүнөздөлүүчү уюшкан топ же кылмыштуу коомдоштук (лидерлери жана (же) мүчөлөрү) тарабынан жүзөгө ашырылуучу кылмыштуулуктун формасы;
10) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырылуучу макулдашылган жана төмөнкүлөргө багытталган укуктук, социалдык-экономикалык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка мүнөздөгү чаралардын тутуму:
а) уюшкан кылмыштуулуктун келип чыгышына, өнүгүшүнө жана анын каржыланышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо, алдын алуу жана жоюу (уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу);
б) уюшкан же кылмыштуу топ тарабынан жасалган кылмыштарды, ошондой эле аларды материалдык, каржылык же башка жактан колдоо менен байланышкан кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө;
в) күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле уюшкан кылмыштуулуктан келип чыгуучу коркунучтардан инсанды, коомду жана мамлекетти коргоону камсыз кылуу;
11) кылмыштуу жашоо образы - коомдо кабыл алынган моралдык жана адеп-ахлактык ченемдерди тануу менен мүнөздөлүүчү уюшкан топторго, кылмыштуу коомдоштуктарга таандыктыгы жөнүндө тикелей күбөлөндүрүүчү адамдардын жашоосунун коомго каршы образы;
12) уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу - жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, уюшкан топто же болбосо кылмыштуу коомдоштукта адамдарды түзүү же катышуу үчүн себептерди жана шарттарды аныктоого, четтетүүгө, ошондой эле уюшкан топтун же болбосо кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыш жасаган адамга жекече таасир этүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тике же кыйыр түрдө багытталган, алдын алуу субъекттери тарабынан көрүлүүчү укуктук, социалдык-экономикалык, психологиялык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чаралардын тутуму;
13) таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары - уюшкан кылмыштуулуктун көрүнүштөрүн алдын алуу, анын таралышына, каржыланышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды иликтөө, аныктоо, четтетүү, ошондой эле алдын алуучу каттоодо турган адамга жекече таасир этүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши;
14) алдын алуучу каттоого алуу - уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү максатында жекече таасир этүү чаралары колдонулган адамдар жөнүндө маалыматтар базасын түзүү;
15) алдын алуучу аңгемелешүү - ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары колдонулуп жаткан адам менен жеке аңгемелешүүсү, ал адамга кылмыштарды, укук бузууларды даярдоонун жана жасоонун коомдук коркунучтуулугун, аларды жасоонун натыйжасында келип чыгуучу укуктук кесепеттерди түшүндүрүүдөн, ошондой эле аларды жасоого жол берилбестигине ишендирүүдөн турат;
16) мүлктүк абалды текшерүү - алдын алуучу каттоодо турган адамдын жана (же) анын жакын туугандарынын кирешелеринин жана мүлкүнүн дал келбөө фактыларын табуу, алардын келип чыгуу булактарын аныктоо, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлккө ээлик кылуунун, пайдалануунун жана тескөөнүн укук ченемдүүлүгүн аныктоо максатында мүлктүк абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууга, талдоого жана баалоого багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүсүнүн алкагында жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктуу органдын иши;
17) финансылык абалды текшерүү жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу - ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктуу органдын кирешелердин жана чыгымдардын, каражаттардын келип чыгуу булактарынын, активдердин жана милдеттенмелердин ортосундагы дал келбестикти табуу, ошондой эле уюшкан кылмыштуулуктан келип чыгуучу коркунучту нейтралдаштыруу максатында мындай адамга карата финансылык мүнөздөгү чектөө чараларын колдонуу үчүн негиздерди белгилөө максатында алдын алуучу каттоодо турган адамдын жана (же) анын жакын туугандарынын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууга, салыштырууга, талдоого жана баалоого багытталган иши;
18) максаттуу финансылык санкциялар - санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга ар кандай каражаттарга же финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү (тике же кыйыр) берүүнү чектөө.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо жана анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;
2) уюшкан кылмыштуулуктан жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо;
3) уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу;
4) уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү;
5) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө багытталган мамлекеттик чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
6) уюшкан топтордун жана кылмыштуу коомдоштуктардын каржылык булактарын аныктоо жана бөгөт коюу;
7) уюшкан топтор же кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан жасалган кылмыштарды, ошондой эле уюшкан кылмыштуулуктун башка кылмыштуу көрүнүштөрүн аныктоо, бөгөт коюу жана ачуу;
8) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтык.
3-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн укуктук негиздери
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
4-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн принциптери
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана коргоо;
3) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө алдын алуу ишинин артыкчылыгы;
4) жоопкерчиликтин сөзсүз болушу;
5) адилеттүүлүк;
6) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча саясий, маалыматтык-пропагандалык, социалдык-экономикалык, укуктук, атайын жана башка чараларды пайдалануунун тутумдуулугу жана комплекстүүлүгү.
5-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин калыптандыруу
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, ошондой эле туруктуу, комплекстүү жана тутумдуу укуктук жана уюштуруучулук негиздерин калыптандырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырат:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
2) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө багытталган эл аралык уюмдарга жана келишимдерге Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыз кылат;
3) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө катышкан ыйгарым укуктуу жана башка мамлекеттик органдардын ишин зарыл болгон материалдык-техникалык, кадрдык, эксперттик, маалыматтык-аналитикалык жана башка жактан камсыз кылууну уюштурат;
4) аталган чөйрөдө аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт, контролдойт жана башка жетекчиликти жүргүзөт;
5) ыйгарым укуктуу органдардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча чараларды ишке ашыруучу башка субъекттердин ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
6) уюшкан топтор жана кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга жана ачууга багытталган программалык документтерди иштеп чыгат жана бекитет, ошондой эле алардын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
7) эл аралык кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү, анын ичинде маалымат алмашуу, укуктук жардам, экстрадициялоо, кылмыштуу жол менен алынган активдерди кайтаруу жана биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт;
8) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
6-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнү маалыматтык камсыз кылуу
1. Ыйгарым укуктуу органдар жана финансылык чалгындоо органы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалыматтарды чогултуу, сактоо, жалпылоо, талдоо жана пайдалануу максатында уюшкан топтордун жана кылмыштуу коомдоштуктардын өкүлдөрүнө карата тиешелүү каттоону (маалыматтар базасын) жүргүзөт жана маалыматтык-топтолмо материалдарды чогултат.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн талаптагыдай деңгээлин камсыз кылууга жана коомдо криминалдык идеологияны жана кылмыштуу жашоо образын туруктуу кабыл албоону, танууну жана айыптоону калыптандырууга багытталган маалыматтык материалдарды жайгаштырууга көмөктөшөт.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча маалыматтык-агартуу иш-чараларын өз алдынча да, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө да жүзөгө ашырат.
7-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын тутуму
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар):
а) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты, аны алдын алуу (профилактикалоо) боюнча чараларды иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу, ошондой эле ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу жана көмөктөшүүчү органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
б) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
в) жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө көмөктөшүүчү органдар (мындан ары - көмөктөшүүчү органдар):
а) коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
б) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
в) финансылык чалгындоо органы;
г) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
д) ыйгарым укуктуу салык органы;
е) калкты жана мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
ж) санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
з) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
и) тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
к) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
л) ыйгарым укуктуу пробация органы;
м) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган;
н) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган;
о) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
п) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
р) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
с) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
т) финансылык мекемелер жана жактардын финансылык эмес категориялары;
у) жалпыга маалымдоо каражаттары.
2. Көмөктөшүүчү органдар өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга аларга зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүү, кеңеш берүү, кызмат көрсөтүү, алдын алуу иш-чараларын уюштурууга жардам көрсөтүү жолу менен көмөк көрсөтүшөт.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн көмөктөшүүчү органдардын жетекчилери жана кызмат адамдары ушул Мыйзамды аткаруунун алкагында өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн эмгек мыйзамдарында, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда жана кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
8-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө юридикалык жактардын, диний, коомдук бирикмелердин жана жарандардын көмөктөшүүсү
1. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, диний, коомдук бирикмелер, ошондой эле жарандар уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүдө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө юридикалык жактардын, диний, коомдук бирикмелердин жана жарандардын көмөктөшүүсү уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүүчү жактар жана фактылар жөнүндө маалыматтарды берүүдө чагылдырылат.
3. Мамлекет юридикалык жактарга, диний жана коомдук бирикмелерге укуктук коргоону, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүдө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн же болбосо көмөк көрсөтүп жаткан жарандарды коргоону кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте кепилдейт.
9-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү тутуму
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү тутуму төмөнкүлөрдөн турат:
1) жалпы каршы аракеттенүү;
2) атайын каршы аракеттенүү;
3) алдын алуучу таасир этүү чаралары (жеке алдын алуу).
10-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы жалпы аракеттенүү
Уюшкан кылмыштуулукка каршы жалпы аракеттенүүчү ыйгарым укуктуу жана көмөктөшүүчү органдар тарабынан өз компетенциясынын чегинде төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты уюштуруу;
2) уюшкан кылмыштуулукка жарандардын тартылышынын алдын алуу максатында калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
3) уюшкан кылмыштуулук тарабынан жаңы тенденцияларды жана коркунучтарды аныктоо үчүн статистикалык маалыматтарга жана ыкчам маалыматтарга дайыма талдоо жүргүзүү;
4) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү, анын алдын алуу (профилактикалоо) боюнча чараларды иштеп чыгуу;
5) чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана тиешелүү компетенттүү органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу;
6) уюшкан топтордун же кылмыштуу коомдоштуктардын жеке жана юридикалык жактарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын криминалдык идеологияны жайылтуу максатында же кылмыштуу максаттарда пайдаланышына жол бербөө;
7) уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, адвокатуранын, диний бирикмелердин, дин кызматкерлеринин, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тутумуна кирүүсүнө жол бербөө;
8) жаштардын жана башка адамдардын уюшкан топко, кылмыштуу коомдоштуктарга же болбосо аларды каржылоого тартылышына жол бербөө;
9) криминалдык идеологияны пропагандалоого жол бербөө;
10) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык абалды текшерүү жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу;
11) уюшкан кылмыштуулукка каршы жалпы аракеттенүүнүн башка багыттарын ишке ашыруу.
11-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы атайын аракеттенүү
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы атайын аракеттенүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) уюшкан топтор же кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, аныктоо;
2) уюшкан кылмыштуулуктун келип чыгышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды талдоо жана болжолдоо;
3) алдын алуучу каттоодо турган адамдарга карата алдын алуучу таасир этүү чараларын колдонуу;
4) уюшкан топту, кылмыштуу коомдоштукту түзгөндүгү же аларга катышкандыгы үчүн же болбосо аларды каржылагандыгы үчүн жаза өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу шарттарын түзүү;
5) тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар же болбосо криминалдык статусу бар чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тыюу салуу жөнүндө сунуштарды киргизүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруу боюнча чараларды көрүү;
6) уюшкан топту, кылмыштуу коомдоштукту түзгөндүгү же аларга катышкандыгы үчүн же болбосо жазаны аткаруу (өтөө) мезгилинде аларды каржылагандыгы үчүн жаза өтөп жаткан адамдардын укукка каршы аракеттеринин алдын алуу;
7) алдын алуучу каттоодо турган адамдардын мүлктүк жана финансылык абалын текшерүү;
8) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктардын кылмыштуу иши, аларды каржылоо каналдары, алардын курамына кирген адамдардын криминалдык иерархиясы жана криминалдык статусу жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
9) уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды, анын ичинде алардын ишин каржылоо схемасын түзүүнү болтурбоо;
10) уюшкан топтордун же кылмыштуу коомдоштуктардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар жана мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын кызмат адамдары менен коррупциялык байланыштарды түзүүсүн, алардын кылмыштуу ишке тартылышын болтурбоо;
11) жаза өтөп жаткан адамдардын уюшкан топторду, кылмыштуу коомдоштуктарды түзүүсүнө жол бербөө, ошондой эле жаза өтөө мезгилинде криминалдык идеологияны пропагандалоону жана криминалдык иерархияны түзүүнү болтурбоо;
12) уюшкан топтор же кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан жасалуучу кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, аныктоо боюнча ыкчам-алдын алуу, атайын иш-чараларды өткөрүү;
13) уюшкан топтордун же кылмыштуу коомдоштуктардын лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн кылмыштуу чогулуштарынын (криминалдык жыйындарынын) алдын алуу, бөгөт коюу;
14) уюшкан кылмыштуулукка каршы атайын аракеттенүүнүн башка багыттарын ишке ашыруу.
2. Мамлекеттик органдар өз ара аракеттенүү жөнүндө ведомстволор аралык регламенттердин алкагында уюшкан кылмыштуулукка каршы атайын аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
12-берене. Алдын алуучу таасир этүү чаралары
Алдын алуучу таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) алдын алуучу каттоого коюу;
2) алдын алуучу аңгемелешүүнү жүргүзүү;
3) мүлктүк абалын текшерүү;
4) финансылык абалды текшерүү жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.
13-берене. Алдын алуучу каттоо
1. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдын алуучу каттоодо турган адамдардын маалымат базасынын кармоочусу болуп саналат.
2. Алдын алуучу каттоодо турган адамдар жөнүндө документтер мөөнөтсүз сакталат жана кызматтык пайдалануу үчүн документтер болуп саналат.
3. Алдын алуучу каттоону жүргүзүү тартиби ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук акты менен аныкталат.
4. Алдын алуучу каттоодо турган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ок атуучу куралды сатып алууга укуксуз. Эгерде адам мурда, мыйзамда белгиленген тартипте ок атуучу куралды сатып алган болсо, ал алдын алуучу каттоодон чыгарылганга чейин ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга убактылуу сактоого өткөрүп берилүүгө тийиш.
5. Алдын алуучу каттоодо турган адамдын туруктуу жашаган жери өзгөргөндө аны каттоо жаңы туруктуу жашаган жери боюнча жүзөгө ашырылат.
14-берене. Алдын алуучу каттоонун мөөнөтү
1. Алдын алуучу каттоо соттолгондугу жоюлганга чейин жүргүзүлөт.
2. Эгерде алдын алуучу каттоону жүзөгө ашыруу мезгилинде ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган негиздер келип чыкса, мөөнөттү эсептөө соттун жаңы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып кайрадан башталат.
15-берене. Адамды алдын алуучу каттоого коюунун жана чыгаруунун негиздери
1. Адамды алдын алуучу каттоого коюу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) адам уюшкан топту, кылмыштуу коомдоштукту түзгөндүгү же аларга катышкандыгы же болбосо аларды каржылагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү;
2) адам уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында же кызыкчылыгында кылмыш жасагандыгы үчүн, ошондой эле криминалдык иерархиядагы абалды (статусту) ээлегендигин моюнга алгандыгы, тастыктагандыгы же танбагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү.
2. Адамды алдын алуучу каттоодон чыгаруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) алдын алуучу каттоонун мөөнөтүнүн аякташы;
2) адамды дайынсыз жоголду же каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
3) соттун актоочу өкүмү;
4) адамдын өлүмү.
16-берене. Алдын алуучу аңгемелешүү
1. Алдын алуучу аңгемелешүүгө адамды чакыруу жазуу жүзүндө же болбосо электрондук түрдө, ошондой эле чакырууну жазып алууну камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Алдын алуучу аңгемелешүүгө адамды чакыруунун тартиби ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актысы менен аныкталат.
2. Алдын алуучу аңгемелешүүнү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы түшүндүрүп бергендиги жөнүндө жазуу жүзүндө тил катты алуу менен адамга анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
3. Алдын алуучу аңгемелешүү ыйгарым укуктуу органдын жайгашкан жери боюнча, адамдын жашаган, окуган, иштеген жери боюнча же болбосо коомдук жерлерде ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
4. Алдын алуучу аңгемелешүүнүн узактыгы үч сааттан ашпоосу керек.
Алдын алуучу аңгемелешүү түнкү убакта жүргүзүлбөйт.
5. Алдын алуучу аңгемелешүүнүн жүрүшүндө адамдын инсандык өзгөчөлүктөрү, жашоо образы, социалдык-тиричилик жашоо шарттары, байланыш чөйрөсү, үй-бүлө курамы, жакын туугандарынын болушу, киреше булактары, иштеген, окуган жери, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн бар болушу, ошондой эле башка жагдайлары аныкталат.
6. Бала менен алдын алуучу аңгемелешүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ал эми алар жок болгондо - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн, педагогдун же психологдун катышуусунда жүргүзүлөт.
7. Алдын алуучу аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча түшүндүрмө кат тандалып алынат, алдын алуучу ишке тиркөө үчүн протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү аңгемелешүү жүргүзүлгөн адамга тапшырылат. Алдын алуучу аңгемелешүүнү өткөрүү жөнүндө протоколдун формасы ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актысы менен аныкталат.
17-берене. Мүлктүк абалды текшерүү тартиби
1. Адам алдын алуучу каттоого коюлгандан кийин каттоодо турган бүткүл мөөнөт ичинде анын мүлктүк абалы текшерилип турат.
2. Анын жакын туугандары да мүлккө ээлик кылуу жагдайларын, кирешелерди алуу же мүлктү сатып алуунун укук ченемдүүлүгүн жана алынган кирешелердин мыйзамдуулугун тастыктоочу документтерди аныктоо предметине текшерилүүгө тийиш.
3. Алдын алуучу каттоого коюлган адамдын мүлктүк абалын текшерүү жөнүндө чечим ыкчам кызматкердин өтүнүч катынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын ыкчам бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан кабыл алынат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын фамилиясы, аты жана атасынын аты;
2) текшерүү жүргүзүлүп жаткан адамдын (же адамдардын) фамилиясы, аты жана атасынын аты;
3) текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы жана максаты жөнүндө күбөлөндүрүүчү маалыматтар;
4) текшерүү жүргүзүү зарыл болгон убакыт аралыгы.
4. Мүлктүк абалды текшерүү ыйгарым укуктуу орган менен калкты жана мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жөнүндө болгон келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
18-берене. Финансылык абалды текшерүү жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу
Уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоонун алдын алуу финансылык абалын текшерүү жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
19-берене. Алдын алуучу каттоодо турган адамдардын укуктары жана милдеттери
1. Алдын алуучу каттоодо турган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) алдын алуучу каттоодо турган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү билүүгө;
2) аларга карата чогултулган документтер жана башка материалдар менен таанышууга, өткөрүлгөн алдын алуучу аңгемелешүү жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн алууга;
3) өтүнүч билдирүүгө;
4) юридикалык жардам алууга;
5) алдын алууну түздөн-түз жүзөгө ашыруучу кызмат адамынын, ыйгарым укуктуу органдын ыкчам бөлүмүнүн жетекчисинин чечимине же аракетине (аракетсиздигине) жогору турган жетекчиге, органга, прокурорго же сотко даттанууга.
2. Алдын алуучу каттоодо турган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбоого же чектебөөгө, кылмыштарды же укук бузууларды жасоо үчүн шарттарды түзүүчү аракеттерди жасоого жол бербөөгө;
2) ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын талабы боюнча алдын алуучу аңгемелешүүнү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга келүүгө;
3) жүргүзүлүп жаткан таасир этүүнүн алдын алуучу чараларынын алкагында аныкталган текшерилүүчү жагдайлар боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу, алынган киреше булактары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
5) жашаган жеринин, иштеген жеринин өзгөргөндүгү, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого;
6) таасир этүүнүн алдын алуучу чараларын жүзөгө ашыруу процессинде ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүгө.
3. Адамдын көрсөтүлгөн талаптарды аткаруудан баш тартуусу же качуусу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
4. Таасир этүүнүн алдын алуучу чараларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы жеке маалыматтарды коргоо жана мамлекеттик сырды сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алдын алуучу каттоодо турган адамга карата алынган маалыматтын жайылышына жол бербөөгө милдеттүү.
20-берене. Криминалдык идеологияны пропагандалоого бөгөт коюу
1. Кыргыз Республикасында криминалдык идеологияны пропагандалоого, ошондой эле криминалдык идеологияны пропагандалоо максатын көздөгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.
2. Криминалдык идеологияны пропагандалоого төмөнкүлөр кирет:
1) криминалдык субмаданиятты колдоого жана илгерилетүүгө, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды түзүүгө ачык чакырыктар;
2) бийлик өкүлдөрүнө карата жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козгоого ачык чакырыктар;
3) адамдын өзүнүн статусун же криминалдык иерархиядагы ролун ачык жарыялоосу (айтуусу);
4) кылмыштуу жүрүм-турумду ачык актоо.
Ачык чакыруу (жарыялоо, актоо) катары жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармагын пайдалануу менен, ошондой эле тынч чогулуштарды (чогулуштарды) өткөрүү менен ачык билдирүүлөр түшүнүлөт.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттары, электр байланыш операторлору, мамлекеттик органдар, билим берүү жана маданият мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык криминалдык идеологиянын жайылышына жол бербөөгө жана уюшкан кылмыштуулуктун алдын алууга көмөк көрсөтөт.
21-берене. Адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалыматтар
Адамды алдын алуучу каттоого коюу жөнүндө маселени чечүүдө уюшкан топту, кылмыштуу коомдоштукту түзгөндүгү же аларга катышкандыгы же болбосо аларды каржылагандыгы, уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында же кызыкчылыгында кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле криминалдык иерархиядагы абалды (статусту) ээлегендигин моюнга алгандыгы, тастыктагандыгы же танбагандыгы үчүн адамга карата Кыргыз Республикасында же башка мамлекетте мурда чыгарылган айыптоо өкүмдөрү эске алынат.
22-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө эл аралык кызматташтык
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө жасалган кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу маселелери боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
23-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө
Мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү субъекттеринин ушул Мыйзамды аткаруусун көзөмөлдөйт.
24-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 47 (3703) жарыяланды
2. "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 29-майындагы № 82 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 511-ст.) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 21-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |