Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 417
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Убактылуу коргоо ордеринин формасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү түзөтүүчү программа 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомду ишке ашыруу маселелери боюнча калк арасында, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) мамлекеттик органдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча отчетторду түзүү жана берүү маселесин иштеп чыксын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 642 “Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 528 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 642 “Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
2-тиркеме
Форма
Убактылуу коргоо ордери (УКО)
(ИИБ кызматкери үчүн нуска)
1 |
УКО реквизиттери | УКО № |
| |
УКО берилген/колдонуу башталган дата жана убакыт |
| |||
УКОну колдонуу аяктаган дата |
| |||
УКО берилген жер |
| |||
2 | Зомбулуктун түрү (керектүүсүн белгилөө керек) | Дене бой, психологиялык, экономикалык, куугунтуктоо, этибарга албай мамиле кылуу | ||
3 |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам жөнүндө маалыматтар | Аты-жөнү |
| |
Туулган датасы, жашы |
|
| ||
Жынысы |
| |||
ИЖН |
| |||
Жарандыгы |
| |||
Улуту |
| |||
Билими |
| |||
Катталган жери |
| |||
Иш жүзүндө жашаган жери |
| |||
Иштеген жери, кызмат орду |
| |||
Ким экендигин ырастоочу документ (тиби, сериясы, №, берген орган жана дата) |
| |||
Майыптыгы (тобу) |
| |||
Телефон номери, электрондук почтасынын дареги |
| |||
4
|
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жөнүндө маалыматтар | Аты-жөнү |
| |
Туулган датасы, жашы |
| |||
Жынысы |
| |||
ИЖН |
| |||
Жарандыгы |
| |||
Улуту |
| |||
Билими |
| |||
Балдары |
| |||
Катталган жери |
| |||
Иш жүзүндө жашаган жери |
| |||
Иштеген жери, кызмат орду (окуган жери) |
| |||
Ким экендигин ырастоочу документ (тиби, сериясы, №, берген орган жана дата) |
| |||
Майыптыгы (тобу) |
| |||
Телефон номери, электрондук почтасынын дареги |
| |||
5 |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалыматтар | Аты-жөнү |
| |
Туугандык даражасы (кызмат орду, мамлекеттик органдын аталышы) |
| |||
Мыйзамдуу өкүлүнүн укугун ырастаган документ (соттун чечими, ишеним кат) |
| |||
Иш жүзүндө жашаган жери |
| |||
Телефон номери, электрондук почтасынын дареги |
| |||
6 |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн УКО шарттары | Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышууга тыюу салынат | ||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган (турган) жерде болууга тыюу салынат | ||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды, эгерде ал үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга белгисиз жерде болсо, аны жеке өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салынат | ||||
Сот тарабынан дайындалган учурда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөтүүчү программадан өтүүгө милдеттүү | ||||
Ушул убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо 40 саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо үч суткадан жети суткага чейин камакка алууга алып келет | ||||
7 |
УКОну берген адам жөнүндө маалыматтар | ИИБдин аталышы |
| |
Нөөмөт бөлүгүнүн номери |
| |||
Аты-жөнү |
| |||
Ээлеген кызмат орду, наамы |
| |||
Кызмат адамынын коду |
| |||
8 | УКОну даттануу тартиби | Убактылуу коргоо ордерин берүү же берүүдөн баш тартуу берилген же берүүдөн баш тартылган учурдан тартып он календардык күндүн ичинде прокуратурага же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн | ||
9 | УКОну алуу, анын шарттары жана кесепеттери менен таанышуу жөнүндө маалыматтар | Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын УКОну алган датасы жана алганы тууралуу колу |
| |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам башка ыкма менен (мобилдик байланыш, электрондук почта же мессенджерлер аркылуу) кабарланса, кабарлоо фактысын ырастоо менен (скриншот, чалууну жаздыруу ж.б.) (кабарлоонун түрүн, датасын жана убактысын көрсөтүү) |
| |||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын УКОну алган датасы жана алганы тууралуу колу |
| |||
Социалдык камсыздоо органдарына, ЖӨБОго маалымат берүүгө макулдук |
| |||
Датасы жана УКОну берген адамдын колу |
| |||
10 | УКО контролунда турган ыйгарым укуктуу адам тарабынан УКОнун шарттарынын аткарылышын контролдоо жөнүндө белгилер |
| Дата, колу | |
| Дата, колу | |||
Жабыр тарткан тарапка берүү үчүн нуска
(бир нече адам жабыр тарткан учурда нуска ар бирине берилет)
1 | УКО реквизиттери | УКО № |
| |
УКО берилген/ колдонуу башталган дата жана убакыт |
| |||
УКОну колдонуу аяктаган дата |
| |||
УКО берилген жер |
| |||
2 | Зомбулуктун түрү (керектүүсүн белгилөө керек) | Дене бой, психологиялык, экономикалык, куугунтуктоо, этибарга албай мамиле кылуу | ||
3 | Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жөнүндө маалыматтар | Аты-жөнү |
| |
Туулган датасы, жашы |
|
| ||
Жынысы |
| |||
ИЖН |
| |||
Жарандыгы |
| |||
Улуту |
| |||
Билими |
| |||
Катталган жери |
| |||
Иш жүзүндө жашаган жери |
| |||
Иштеген/окуган жери, ээлеген кызмат орду |
| |||
Ким экендигин ырастоочу документ |
| |||
Майыптыгы (тобу) |
| |||
Телефон номери, электрондук почтасынын дареги |
| |||
4 | Балдарынын болушу | Аты-жөнү______________ туулган датасы ____________________ Аты-жөнү ______________ туулган датасы ____________________ Аты-жөнү ______________ туулган датасы ____________________ Бирге жашайт: ооба/жок | ||
5 | Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалыматтар | Аты-жөнү |
| |
Туугандык даражасы (кызмат орду, мамлекеттик органдын аталышы) |
| |||
Мыйзамдуу өкүлүнүн укугун ырастаган документ (соттун чечими, ишеним кат) |
| |||
Иш жүзүндө жашаган жери |
| |||
Телефон номери, электрондук почтасынын дареги |
| |||
6 | УКОну берген адам жөнүндө маалыматтар | Нөөмөт бөлүгүнүн номери |
| |
Аты-жөнү |
| |||
Ээлеген кызмат орду, наамы |
| |||
Кызмат адамынын коду |
| |||
Байланышуу үчүн маалыматтар |
| |||
7 |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн УКО шарттары | Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышууга тыюу салынат | ||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган (турган) жерде болууга тыюу салынат | ||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды, эгерде ал үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга белгисиз жерде болсо, аны жеке өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салынат | ||||
Сот тарабынан дайындалган учурда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөтүүчү программадан өтүүгө милдеттүү | ||||
Ушул убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо 40 саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо үч суткадан жети суткага чейин камакка алууга алып келет | ||||
8
| УКОну даттануу тартиби | Убактылуу коргоо ордерин берүү же берүүдөн баш тартуу берилген же берүүдөн баш тартылган учурдан тартып он календардык күндүн ичинде прокуратурага же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн | ||
9 | УКОну алгандыгын, шарттары менен таанышканды-гын ырастоо | Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын УКОну алгандыгы тууралуу колу |
| |
Социалдык камсыздоо органдарына, ЖӨБОго маалымат берүүгө макулдук |
| |||
УКОну берген адамдын колу |
| |||
10 | УКО контролунда турган ыйгарым укуктуу адам тарабынан аткарылышын контролдоо жөнүндө белгилер |
| Дата жана колу | |
| Дата жана колу | |||
Арткы бети
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам үчүн маалымат
Убактылуу коргоо ордеринде эмне каралган?
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык коргоо ордери төмөнкү чараларды камтыйт:
– жабыр тарткан адамга же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө карата зомбулук аракеттерин жасоого тыюу салуу;
– жабырлануучу менен түз жана кыйыр байланышка, анын ичинде телефон чалууларга, билдирүүлөргө жана байланыштын башка түрлөрүнө тыюу салуу;
– ордердин шарттарын бузууга жол берилбестиги жөнүндө эскертүү.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузуу 40 саатка коомдук иштерге тартууга же үч суткадан жети суткага чейин камакка алууга алып келет.
Коргоонун кошумча чаралары
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар төмөнкүлөргө укуктуу:
– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды бирге жашаган жеринен убактылуу чыгаруу жана ата-энелик укуктарын чектөө жөнүндө талаптар менен сотко кайрылуу;
– жабырлануучунун макулдугу менен коопсуз жерге же башпаанекке жайгаштыруу;
– адистештирилген мекемелерде юридикалык, медициналык жана социалдык-психологиялык жардам алуу.
Кошумча маалымат жана жардам алуу үчүн Юридикалык жардам кызматынын 114 шыр байланыш телефону боюнча кайрылууга болот.
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн УКОнун нускасы
1 | УКО реквизиттери | Серия, № |
| |
УКО берилген/ колдонуу башталган дата жана убакыт |
| |||
УКОну колдонуу аяктаган дата |
| |||
УКО берилген жер |
| |||
2 | Зомбулуктун түрү (керектүүсүн белгилөө керек) | Дене бой, психологиялык, экономикалык, куугунтуктоо, этибарга албай мамиле кылуу | ||
3 |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам жөнүндө маалыматтар | Аты-жөнү |
| |
Туулган датасы, жашы |
|
| ||
Жынысы |
| |||
ИЖН |
| |||
Жарандыгы |
| |||
Улуту |
| |||
Билими |
| |||
Катталган жери |
| |||
Иш жүзүндө жашаган жери |
| |||
Иштеген/окуган жери, ээлеген кызмат орду |
| |||
Ким экендигин ырастоочу документ (тиби, сериясы, №, берген орган жана дата) |
| |||
Майыптыгы (тобу) |
| |||
Телефон номери, электрондук почтасынын дареги |
| |||
4 |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн УКО шарттары | Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышууга тыюу салынат | ||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган (турган) жерде болууга тыюу салынат | ||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды, эгерде ал үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга белгисиз жерде болсо, аны жеке өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салынат | ||||
Сот тарабынан дайындалган учурда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөтүүчү программадан өтүүгө милдеттүү | ||||
Ушул убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо 40 саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо үч суткадан жети суткага чейин камакка алууга алып келет | ||||
5 | УКОну даттануу тартиби | Убактылуу коргоо ордерин берүү же берүүдөн баш тартуу берилген же берүүдөн баш тартылган учурдан тартып он календардык күндүн ичинде прокуратурага же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн | ||
6
|
УКОну алгандыгын, шарттары менен таанышкандыгын ырастоо | Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын УКОну алгандыгы тууралуу колу |
| |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам башка ыкма менен (мобилдик байланыш, электрондук почта же мессенджерлер аркылуу) кабарланса, кабарлоо фактысын ырастоо менен (скриншот, чалууну жаздыруу ж.б.) (кабарлоонун түрүн, датасын жана убактысын көрсөтүү) |
| |||
УКОну берген адамдын колу |
| |||
7
| Аткарылышын контролдоо жөнүндө белгилер |
| Дата/колу | |
| Дата/колу | |||
Арткы бети
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн маалымат
Убактылуу коргоо ордери – үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды мамлекеттик коргоого алуучу жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын көрүүгө алып келүүчү документ.
“Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам укук бузуулардын атайын алдын алуу объекти болуп саналат, ага карата алдын алуунун төмөнкүдөй түрдөгү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн:
1) алдын алуу аңгемелешүүсүн жүргүзүү;
2) расмий эскертүү берүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин бузбаган, ошондой эле анын укуктарын мыйзамсыз чектөөлөрдү карабаган башка чаралар.
Шарттарды бузган учурда, сиз Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартыласыз, жосунда кылмыштын белгилери жок болгондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга берилген убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо 40 саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.
3-тиркеме
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү түзөтүүчү программа
1-глава. Жалпы жоболор
1. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү түзөтүүчү программа (мындан ары – Программа) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, соттун чечими боюнча программадан өтүүгө жиберилген адамдарга оңдоп-түзөө боюнча таасир этүү тартибин аныктайт жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан оңдоп-түзөө программасын жүргүзүүнүн бирдиктүү эрежелерин белгилейт.
2. Программанын максаты үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын коопсуз жана сый жүрүм-турумунун көндүмдөрүн калыптандыруу, үй-бүлөлүк зомбулукту кайрадан жасоо тобокелдигин азайтуу болуп эсептелет.
3. Программанын милдеттери төмөнкүлөр:
– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды эмоцияларын башкаруу методдоруна жана конструктивдүү баарлашуу көндүмдөрүнө үйрөтүү;
– үй-бүлө мүчөлөрүнүн зомбулук жүрүм-турумдун кесепеттерин түшүнүүсү;
– үй-бүлөлүк зомбулукту жасоого байланышкан жеке жоопкерчилик жана укуктук кесепеттер жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу;
– үй-бүлөлүк зомбулукту жасоого түрткү болгон ишенимдерди жана орногон түшүнүктөрдү оңдоп-түзөө.
4. Ушул Программада төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) Программаны алып баруучулар – ыйгарым укуктуу органдын Программаны жүргүзүү көндүмдөрүнө үйрөтүлгөн, сабактарды өтүү, катышууну контролдоо жана натыйжаларды баалоо үчүн жооптуу кызматкерлери;
2) топтогу сабак – Программанын конструктивдүү баарлашуу көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталган, жамаатта социалдык өз ара аракеттенүү жана колдоо көндүмдөрүн калыптандырууга муктаж болгон катышуучулар үчүн өткөрүлүүчү сабагы;
3) жыйынтыктоочу баалоо – Программадан өтүү натыйжаларын жыйынтыктоочу баалоо, анын негизинде катышуучунун жүрүм-турумунда жетишилген өзгөрүүлөр жана андан ары алдын алуу чараларынын зарылдыгы жөнүндө тыянак түзүлөт;
4) жеке сабак – Программанын катышуучунун жеке ишенимдерин жана шыктануусун деталдуу изилдөөгө багытталган, анын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, жеке мамилени талап кылган катышуучу үчүн өткөрүлүүчү сабагы;
5) когнитивдик жүрүм-турум терапиясы (мындан ары – КЖT) – психотерапиянын агрессияга жана зомбулукка түрткү берген деструктивдик ишенимдерди жана жүрүм-турум моделдерин өзгөртүүгө багытталган методу;
6) баштапкы баалоо – Программадан ийгиликтүү өтүүгө көмөктөшүүчү же тоскоолдук кылуучу жүрүм-турум өзгөчөлүктөрүн, шыктанууну жана факторлорду аныктоо максатында Программанын катышуучусунун абалына жана муктаждыктарына алгачкы талдоо жүргүзүлүүчү процесс;
7) орто аралыктагы баалоо – программанын максаттарына жетүүнү камсыз кылуу үчүн материалды өздөштүрүү даражасын жана андан ары иште оңдоп-түзөөлөрдүн зарылдыгын аныктоого мүмкүндүк берүүчү Программанын негизги этабынын ортосунда жүргүзүлүүчү катышуучунун прогрессин баалоо;
8) ыйгарым укуктуу орган – Программадан өтүү түрүндө жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чарасын жана Программадан өтүү түрүндө кошумча укуктук натыйжаны аткаруучу орган;
9) Программанын катышуучусу – соттун чечими боюнча Программадан өтүүгө жиберилген, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам.
5. Ушул Программа КЖT методуна негизделген жана катышуучуларга зомбулук жүрүм-турумуна алып баруучу терс когнитивдик орногон түшүнүктү баамдоого жана өзгөртүүгө жардам берет, аны өз ара аракеттенүүнүн бир кыйла конструктивдүү жана негиздүү ыкмаларына алмаштырат.
6. Программа ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бекитилген методикаларга ылайык жүргүзүлөт.
2-глава. Программадан өтүү этаптары жана узактыгы
7. Программадан өтүү төмөнкү этаптарга бөлүнөт:
1) киришүү этабында катышуучунун Программадан өтүүнүн милдеттүү шарттарына шайкештиги бааланат, катышуучу Программанын максаттары жана милдеттери менен тааныштырылат, Программанын шарттарын сактоо үчүн жоопкерчилик түшүндүрүлөт, Программадан өтүү эрежелери жана талаптары камтылган өтүү жөнүндө милдеттенмеге кол коюлат;
2) негизги этап зомбулук жүрүм-турумун оңдоп-түзөөгө багытталган жеке жана топтогу сабактарды өтүүнү камтыйт;
3) акыркы этап натыйжаларды жыйынтыктоочу баалоону даярдоону, жыйынтык чыгарууну жана Программадан өткөндүгү жөнүндө корутундуну берүүнү камтыйт.
8. Программанын узактыгы үч айды түзөт, жеке жана топтогу сабактарды камтыйт.
Сабактын узактыгы:
– жеке – 1 саат;
– топто – 2 саат.
3-глава. Программанын түзүмү жана мазмуну
9. Программа он үч сабактан турат жана сабактардын төмөнкү темаларын камтыйт:
1) киришүү этабы:
– “Программага киришүү, милдеттенмеге кол коюу, шарттарды жана жоопкерчиликти түшүндүрүү”;
2) негизги этап:
– “Атайылап күч колдонуу катары катаал мамиле жасоо”;
– “Сый мамилелердин мүнөздөмөсү”;
– “Өз ара сый мамилелерге тоскоол болуучу факторлор”;
– “Зомбулуксуз жүрүм-турум жана дене бойго зомбулукту талдоо”;
– “Эмоциялардын аныктамасы. Ачуулануу жана анын топтолушу”;
– “Ачууланууну жеңүү боюнча техникалар. Релаксация”;
– “Өзүн-өзү жөнгө салуу. Ой жүгүртүүдөгү каталар (когнитивдик бузулуу)”;
– “Зомбулуктун жана катаал мамиленин кесепеттери. Зомбулук цикли”;
– “Бийликтин жана контролдун айланмасы. Тең укуктуулук айланмасы”;
– “Катаал мамиленин балдарга тийгизген таасири”;
3) акыркы этап:
– “Сый мамиле кылуу менен баарлашуу жана коммуникация көндүмдөрү”;
– “Эмпатия жана урматтоо”;
– “Коопсуз жүрүм-турум планы”;
– “Жетишилген натыйжалардын жыйынтыгын чыгаруу жана баалоо”.
10. Программа жеке же топто өтүшү мүмкүн.
11. Топтогу катышуучулардын саны ар бир адамдын натыйжалуу катышуусун камсыз кылуу жана купуялуулук шарттарын сактоону эске алуу менен Программаны алып баруучу тарабынан аныкталат, бирок он катышуучудан ашпоого тийиш.
4-глава. Программаны өткөрүүнү уюштуруу
12. Ыйгарым укуктуу орган:
– Программаны өткөрүү үчүн жайларды уюштурат;
– Программаны алып баруучуларды тандоо эрежелерин бекитет;
– бекитилген эрежелерге ылайык кызматкерлердин ичинен алып баруучуларды тандайт;
– окутууну уюштурат жана Программаны алып баруучуларды дайындайт.
13. Программаны алып баруучу:
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча үй-бүлөлүк зомбулук тобокелдиктерин баалоо методикасына ылайык сабактарды өтөт;
– катышуучулардын келүүсүн жана активдүүлүгүн контролдойт;
– Программадан өтүү боюнча орто аралыктагы жана жыйынтыктоочу баалоону жүргүзөт;
– Программанын катышуучуларынын жеке маалыматынын купуялуулугун камсыз кылат.
14. Программанын катышуучусу:
– Программага катышуу эрежелерин жана шарттарын сактоого, анын ичинде бардык сабактарга катышууга жана белгиленген тапшырмаларды аткарууга милдеттенет;
– зомбулук жүрүм-турумуна байланыштуу жеке ишенимдерин жана орногон түшүнүктөрүн талкуулоого жана иштөөгө ачыктыгын көрсөтөт, Программаны алып баруучу менен кызматташат;
– сабактардын жүрүшүндө талкуулануучу башка катышуучулардын жеке маалыматын ачыкка чыгарбастан, купуялуулукту сактайт.
15. Программаны өткөрүү үчүн жай төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
– бардык катышуучуларды, алып баруучуларды жана зарыл болгон жабдууларды жайгаштыруу үчүн жетиштүү кенен болууга;
– талаптагыдай желдетилүүгө, жарыктандырылууга жана жылдын бардык мезгилинде ыңгайлуу температураны кармап туруу шарттарына ээ болууга;
– катышуучулардын санына эсептелген, топтогу жана жеке сабактарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү менен зарыл болгон эмерек жана техника менен жабдылууга;
– сабактарды өтүү учурунда чоочун адамдардын кирүүсүнө жол бербестен, процесстин купуялуулугун камсыз кылууга;
– коопсуздук ченемдерине жооп берүүгө, анын ичинде авария учурунда чыгуучу эшиктердин жана өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттардын болушу.
16. Программа ар башка жыныстагы эки алып баруучу тарабынан өткөрүлөт. Өзгөчө учурларда (башка жыныстагы кызматкердин жоктугу, эмгек өргүүсүндө, эмгекке жарамсыздыгы боюнча өргүүдө болушу ж.б.) Программаны бир жыныстагы алып баруучулар өткөрүшү мүмкүн.
17. Программа мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде өткөрүлөт. Программаны катышуучу билбеген тилде өткөрүүгө жол берилбейт.
5-глава. Программадан өтүүнүн милдеттүү шарттары
18. Программага катышуу милдеттүү болуп саналат жана натыйжалуу катышууну, тартиптин сакталышын жана Программанын эң жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуучу андан өтүү шарттарын камтыйт.
19. Программадан өтүүнүн милдеттүү шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) каттоо жана баштапкы баалоо;
2) расписаниени сактоо жана милдеттүү катышуу;
3) жүрүм-турум эрежелерин, этиканы, нускамаларды жана алып баруучулардын сунуштамаларын сактоо;
4) алкоголду же баңгизатты колдонуудан улам мас абалында катышууга тыюу салуу;
5) сабактарга жана баалоого активдүү катышуу;
6) баалоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) зомбулукту колдоого багытталган зомбулук жүрүм-турумун талкуулоого же көрсөтүүгө жол бербөө;
8) Программаны аяктоого жана андан ары контролдоого даяр болуу.
20. Катышуучунун Программадан өтүүнүн милдеттүү шарттарын сактабагандыгы андан өтүүдөн баш тартууга теңештирилет, бул аны Программадан чыгарууга жана сот чечимин аткарууну токтотууга алып келет.
21. Катышуучунун Программадан өтүүнүн милдеттүү шарттарын бузгандыгы аныкталган учурда алып баруучу тиешелүү актыны түзөт.
Катышуучу Программадан өтүү шарттарын үчтөн ашык бузганда ыйгарым укуктуу кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 72-беренесинде белгиленген тартипте чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга кабарлама жиберет.
6-глава. Программанын жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжалуулугун баалоо
22. Программа аяктагандан кийин Программанын ар бир катышуучусун жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт. Баштапкы жана жыйынтыктоочу баалоонун формасы жана мазмуну ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
23. Программадан өткөндүгү жөнүндө корутунду Программага катышууну аяктаган адам менен кийин алдын алуу иштерин уюштуруу үчүн ички иштер органына жиберилет. Корутундунун көчүрмөсү катышуучунун өздүк делосуна тиркелет.
24. Ыйгарым укуктуу орган Программанын зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча өз максаттарына жана милдеттерине канчалык деңгээлде жеткендигин аныктоо максатында Программанын натыйжалуулугун баалайт.
Баалоо эки ыкманы камтыйт:
– жыйынтыктоочу баалоонун тыянагында камтылган Программанын катышуучусунун орногон түшүнүктөрүндөгү жана ишенимдериндеги өзгөрүүлөрдү талдоону;
– Программанын катышуучусу тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту кайрадан жасоо жөнүндө маалыматтарды талдоону.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 417
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Убактылуу коргоо ордеринин формасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү түзөтүүчү программа 3-тиркемеге ылайык;
4) Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомду ишке ашыруу маселелери боюнча калк арасында, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) мамлекеттик органдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча отчетторду түзүү жана берүү маселесин иштеп чыксын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 642 “Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 528 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 642 “Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
Форма
Убактылуу коргоо ордери (УКО) (үч нускада түзүлөт) | № __________ | |||||||||||||||||||
Кызмат адамынын коду (зарыл болсо) |
| Серия № ____________ | ||||||||||||||||||
| Берген ИИО |
| ||||||||||||||||||
Түзүлгөн датасы/убактысы |
| 20___ -ж. | Аяктаган датасы/убактысы: |
| ||||||||||||||||
УКО түзүлгөн жер |
| |||||||||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалымат (кызмат орду, аты-жөнү, байланыш тел.) | ______________________________________________ ______________________________________________ | |||||||||||||||||||
УКОну контролдоо жүктөлгөн адамдын аты-жөнү (кызмат орду, аты-жөнү, байланыш тел.) | ______________________________________________ ______________________________________________ | |||||||||||||||||||
Зомбулуктун формасы (керектүүсүн белгилөө) | Дене бойлук | Психологиялык | Экономикалык | Кайдыгер мамиле | Куугунтуктоо | |||||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга (мыйзамдуу өкүлгө) берилген (бир нече адам жабыр тарткан учурда, нускасы ар бирине берилет) | ||||||||||||||||||||
ИЖН |
| Туулган датасы |
| |||||||||||||||||
Фамилиясы |
| Жарандыгы |
| |||||||||||||||||
Аты |
| Жынысы | Э | А | Майыптык ___ т. | |||||||||||||||
Атасынын аты |
| Туулган жери |
| |||||||||||||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| Катталган дареги |
| |||||||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат (аты-жөнү) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ | Туугандык даражасы (кызмат орду, мамлекеттик органдын аталышы) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ | |||||||||||||||||
Иш жүзүндө жашаган жери (органдын дареги) | ____________________________ ____________________________ | Телефон номери, электрондук почта дареги | ____________________________ ____________________________ | |||||||||||||||||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (тиби, сериясы, №) |
| Балдары: Аты-жөнү, туулган жылы _______________________________________________ | ||||||||||||||||||
Байланыш тел. |
| |||||||||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жери кабарлануусуна макулдук: ооба _________ жок _________ | ||||||||||||||||||||
Социалдык камсыздоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө кабарлоого макулдук ооба _________ жок _________ | ||||||||||||||||||||
Иштеген/окуган жери |
| Кызмат орду | ||||||||||||||||||
Билими |
| |||||||||||||||||||
УКОну алгандыгы тууралуу колу |
| |||||||||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу жактын колу |
| |||||||||||||||||||
Контролдоо чаралары жөнүндө белги (датасы/контролдун түрү) |
|
|
| |||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга берилген | ||||||||||||||||||||
ИЖН |
| Туулган датасы |
| |||||||||||||||||
Фамилиясы |
| Жарандыгы |
| |||||||||||||||||
Аты |
| Жынысы | Э | А | Майыптык ___ т. | |||||||||||||||
Атасынын аты |
| Туулган жери |
| |||||||||||||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| Катталган дареги |
| |||||||||||||||||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (тиби, сериясы, №) |
| |||||||||||||||||||
Байланыш тел.: | E-mail: | |||||||||||||||||||
Алгандыгы тууралуу колу ______________________ Мессенджер, электрондук почта, смс аркылуу кабарланды (астын сызуу керек). Абоненттик номерди же даректи көрсөтүү керек: ______________ | Иштеген/окуган жери/кызмат орду: | |||||||||||||||||||
Билими: | ||||||||||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адамдын колу |
| |||||||||||||||||||
Контролдоо чаралары жөнүндө белгилер (датасы/контролдун түрү) |
|
|
| |||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||
ИИОнун жетекчисинин колу |
| |||||||||||||||||||
Электрондук байкоо жүргүзүү колдонулган учурда минималдуу жакындоо аралыгы:_________ метр, № ____________ дареги/объект | ||||||||||||||||||||
1. | 2. | 3. | ||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Убактылуу коргоо ордери (УКО) (үч нускада түзүлөт) | № __________ | ||||||||||||
Жабыр тарткан таран үчүн нуска |
| Серия № ____________ | |||||||||||
| Берген ИИО |
| |||||||||||
Түзүлгөн датасы/убактысы |
| 20___ -ж. | Аяктаган датасы/убактысы: |
| |||||||||
УКО түзүлгөн жер |
| ||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалымат (кызмат орду, аты-жөнү, байланыш тел.) | ______________________________________________ ______________________________________________ | ||||||||||||
УКОну контролдоо жүктөлгөн адамдын аты-жөнү (кызмат орду, аты-жөнү, байланыш тел.) | ______________________________________________ ______________________________________________ | ||||||||||||
Зомбулуктун формасы (керектүүсүн белгилөө) | Дене бойлук | Психологиялык | Экономикалык | Кайдыгер мамиле | Куугунтуктоо | ||||||||
|
|
|
|
|
| ||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга (мыйзамдуу өкүлгө) берилген:
| |||||||||||||
ИЖН |
| Туулган датасы |
| ||||||||||
Фамилиясы |
| Жарандыгы |
| ||||||||||
Аты |
| Жынысы | Э | А | Майыптык ___ т. | ||||||||
Атасынын аты |
| Туулган жери |
| ||||||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| Катталган дареги |
| ||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат (аты-жөнү) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ | Туугандык даражасы (кызмат орду, мамлекеттик органдын аталышы) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ ____________________________ | ||||||||||
Иш жүзүндө жашаган жери (органдын дареги) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ | Телефон номери, электрондук почта дареги | ____________________________ ____________________________ | ||||||||||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (тиби, сериясы, №) | Балдары: Аты-жөнү, туулган жылы _______________________________________________ | ||||||||||||
Байланыш тел. |
| ||||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жери кабарлануусуна макулдук: ооба _________ жок _________ | |||||||||||||
Социалдык камсыздоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө кабарлоого макулдук ооба _________ жок _________ | |||||||||||||
УКОну алгандыгы тууралуу колу |
| ||||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адамдын колу |
| ||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам үчүн маалымат
Зарыл болсо актуалдуу маалымат жайгаштырылат (жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматтык жана башка ресурстарга шилтемелер, кью-ар-коддор) |
|
Арткы бет
Убактылуу коргоо ордери эмнени камтыйт |
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык убактылуу коргоо ордери төмөнкү шарттарды камтышы мүмкүн: - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салуу; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган же турган жерде болууга тыюу салуу; - жабыр тарткан адамды куугунтуктоого, ошондой эле анын жайгашкан жерин ачыктоого тыюу салуу, анын ичинде жеке өзү же үчүнчү жактар аркылуу; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын сакталышын контролдоону, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу милдетин; - ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми бар болсо - ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу; - убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 40 сааттык мөөнөткө коомдук иштер же болбосо жетиден он төрт суткага чейин камакка алуу түрүндө жаза салууга алып келет. Убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим прокуратурада же сотто даттанылышы мүмкүн |
Кошумча коргоо чаралары |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан төмөнкүлөргө укуктуу: - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды бирге жашаган жеринен убактылуу чыгаруу жана ата-энелик укуктарын чектөө тууралуу талаптар менен сотко кайрылууга; - жабыр тарткандын макулдугу менен коопсуз жерге же баш калкалоочу жайга жайгаштырууга; - адистештирилген мекемелерде юридикалык, медициналык, социалдык жана психологиялык жардам алууга. Кошумча маалымат жана жардам алуу үчүн жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын шыр байланыш телефону - 114 боюнча кайрылууга укуктуу. Сизге карата техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыздоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. Мындай чечим тиешелүү ички иштер органы тарабынан тобокелдиктерди баалоо протоколунун негизинде кабыл алынат |
Убактылуу коргоо ордери (УКО) (үч нускада түзүлөт) | № __________ | |||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн нуска |
| Серия № ____________ | ||||||||||
| Берген ИИО |
| ||||||||||
Түзүлгөн датасы/убактысы |
| 20___ -ж. | Аяктаган датасы/убактысы: |
| ||||||||
УКО түзүлгөн жер |
| |||||||||||
УКОну түзгөн ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалыматтар (кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты) | ______________________________________________ ______________________________________________ | |||||||||||
УКОну контролдоо жүктөлгөн адамдын аты-жөнү (кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты) | ______________________________________________ ______________________________________________ | |||||||||||
Зомбулуктун формасы (керектүүсүн белгилөө керек) | Дене бойлук | Психологиялык | Экономикалык | Кайдыгер мамиле | Куугунтуктоо | |||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам үчүн маалымат | ||||||||||||
Убактылуу коргоо ордери - бул үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга мамлекеттик коргоо көрсөтүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата мыйзам менен каралган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ. "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам укук бузуулардын атайын алдын алуу объекттерине кирет, аларга карата профилактикалык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн, анын ичинде: 1) профилактикалык аңгемелешүүнү жүргүзүү; 2) расмий эскертүү берүү; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндигин бузбаган, ошондой эле анын укуктарын мыйзамсыз чектөөлөрдү карабаган башка чаралар. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузган учурда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды коргоо максатында берилген убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо, кылмыш белгилери жок болгон учурда 40 сааттык мөөнөткө коомдук иштерге тартуу же болбосо жетиден он төрт суткага чейинки мөөнөткө камакка алууну колдонуу түрүндө жаза салууга алып келет | ||||||||||||
Зарыл болгон учурда актуалдуу маалымат жайгаштырылат (мобилдик жана контролдоонун башка түрлөрү жөнүндө маалыматтык жана башка ресурстарга шилтемелер, кью-ар-коддор) | ||||||||||||
|
| |||||||||||
Үй-бүлөлүк зомбулук актын жасаган адамга берилди | ||||||||||||
ИЖН |
| Туулган датасы |
| |||||||||
Фамилиясы |
| Жарандыгы |
| |||||||||
Аты |
| Жынысы | Э | А | Майыптык ___ т. | |||||||
Атасынын аты |
| Туулган жери |
| |||||||||
Иш жүзүндө жашаган дареги |
| Катталган дареги |
| |||||||||
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (тиби, сериясы, №) |
|
| ||||||||||
Байланыш тел. | E-mail: | |||||||||||
Алгандыгы тууралуу колу ______________________ Мессенджер, электрондук почта, смс аркылуу кабарланды (астын сызуу керек). Абоненттик номерди же даректи көрсөтүү керек: ______________ | ||||||||||||