Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-июлу № 137
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул статьянын 3-пунктунун экинчи абзацында белгиленген учурларды кошпогондо, башка мыйзамдарда жана башка мыйзам актыларында камтылган жер укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.";
б) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында белгиленген учурларды кошпогондо, башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жарандык процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.
Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
4-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 64-глава менен толукталсын:
"64-глава. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагындагы салык режими
465-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул главада каралган салык режими өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын (мындан ары - "Тамчы" АФИА) "Тамчы" АФИА жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу субъекттеринин ишине карата гана колдонулат.
2. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын башка аймактарында жалпы салык режими колдонулат.
466-берене. "Тамчы" АФИА субъекти
"Тамчы" АФИА субъекти - жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде "Тамчы" АФИАда катталган чет өлкөлүк жактар.
467-берене. "Тамчы" АФИА субъекттерине салык салуу өзгөчөлүгү
1. Эгерде ушул главада жана "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, ушул Кодекстин 465-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген "Тамчы" АФИА субъекттеринин иши салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.
2. "Тамчы" АФИАнын чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө алынуучу салыктарды башкаруу ЕАЭБдин мыйзамдарына, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. "Тамчы" АФИАдан Кыргыз Республикасынын калган аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.".
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
7-берене.
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу органдарына.".
8-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
9-берене.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
10-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актысы - өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагындагы субъекттердин, органдардын жана жумушчулардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт.";
2) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясы.";
3) 6-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясынын ченемдик укуктук актылары;";
4) 32-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун жана конституциялык Мыйзамдын, Кодекстин жоболорунун ортосунда коллизия болгон учурда "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору колдонулат.".
11-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын финансылык институттарына карата ушул Мыйзамдын талаптары колдонулбайт.".
12-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын субъекттерин лицензиялоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо, контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу шарттары "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.".
13-берене.
"Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 28-январы, № 12) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын финансылык институттары.".
14-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул бөлүктүн экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана белгиленген максаттарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
15-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын финансылык институттарына карата ушул Мыйзамдын талаптары колдонулбайт.".
16-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |