Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 14-марты №23/5-9
«Шаардык бюджеттин 2024-жылдын жыйынтыгы менен бош калган калдык, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө»
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө ылайык Кара-Көл шаардык бюджеттин 2024-жылдын жыйынтыгы менен бош калган калдык, үнөм каражаттарын каржылоо жөнүндө шаардык кеңештин 29.03.24-ж. №160/34-8, “Кара-Көл шаарынын 2024-жылга шаардык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” 29.03.24-ж. №161/34-8 сандуу токтомдорун аткарууда 2024-жылдын жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин шаардык кеңешке жолдогон 28.02.25-ж. №01-20/1187 чыгыш сандуу катынын негизинде шаардын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин билдирүүсүн, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
1.Кара-Көл шаардык кеңештин 2024-жыл ичинде тиешелүү токтомдорун аткаруунун жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган калдык, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык бюджетте 2024-жылдын жыйынтыгы менен (5797,2 миң сомдук атайын каражатты эске албаганда) пайда болгон 59236,2 миң сомдук бош калган, үнөм каражаттын эсебинен шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин 2024-жылдын 1-январына пайда болгон 22 941,6 миң сомдук кредитордук карыздарды жана 36294,6 миң сомдук бош калган калдык, үнөм каражаттарды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4-пунктунун талабынын негизинде 1,2,3 тиркемелерге ылайык мыйзам чегинде каржылануусу бекитилсин жана аталган каражаттар шаардык 2025-жылдын бюджетинде эске алынып, шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин бюджетине тиешелүү тактоо (“уточнение”) киргизилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-беренесинин 1,3-пунктунун талабынын негизинде шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамыткановага) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |