Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 14-марты №24/5-9
«Кара-Көл шаарынын 2025-жылга шаардык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Бюджеттик кодекси”, “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамдарынын тиешелүү беренелеринин талаптарына ылайык “Кара-Көл шаарынын 2025-жылга шаардык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун жана шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүү-маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
1. “Кара-Көл шаарынын 2025-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 16-декабрь 2024-ж. №14-2/17211 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде бекитилген 204 692,6 миң сомдук сумма балансташтырылып 1,2,3,4,5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаарынын 2026-2027-жылдарга шаардык бюджеттин негизги параметрлери 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 79,103-беренелеринин талаптарынын негизинде шаардык бюджетти камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо, балансташтыруу максатында шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгына (У.А.Жумашев), ШММБ (Г.С.Асилов), Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов) жүктөлөөрү белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгы (Ж.Т.Осмонкулов) мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгы (У.А.Жумашев) менен биргеликте салыктардын салыктык базаларынын аздыгынан түшүү, жоготууга учуроо жагдай пайда болсо (“выпадение, потерь доходов в бюджете”) эсеп-кысап анализдерин Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планына тактоо (“уточнение”) киргизүү боюнча иш алып баруусу жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-бер. 4-п., 103-бер. 3-п. талабынын негизинде бул маселени чечүүдөн келип чыккан өзгөртүүлөр боюнча шаардык бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнө тактоо (“уточнение”) киргизүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов):
5.1. “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык шаардык бюджеттин 2025-жылга каралган чыгымдарды каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак аш, жеңилдиктер) жана коммуналдык кызмат боюнча жүзөгө ашырылуусу, ал эми калган чыгымдарды приоритеттүүлүгүнө жараша “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 107,113-беренелеринин талабынын негизинде бюджеттик жыл ичинде бюджеттин иш жүзүндө аткарылышын талдоонун жана бюджеттик жылдын аягына чейин кирешелердин аткарылышынын күтүлүүчү баалоосунун негизинде шаардык бюджеттин балансташканын эске алуу менен жүргүзүүсү сунушталсын.
5.2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-бер. 1,2,3-п.п. талабына ылайык жыл ичинде оперативдүү чечилүүчү маселелер боюнча бюджеттик мекемелердин беренелериндеги каражаттарды (корголгон беренелерден жана коммуналдык чыгымдардан сырткары) алардын өтүнүчтөрүнүн негизинде экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда жалпы бюджеттик каражаттардын ассигнованиелеринин чектеринде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө бюджеттин балансташканын эске алып каржылоо, алардын бюджетине тактоо (“уточнение”) киргизүү сунушталсын, анын ичинде:
- Каржылык жылдын ичинде кайра бөлүштүрүлгөн каражаттардын жалпы көлөмү бюджеттик мекемелердин жылдык бюджеттик каражаттарынын жыйынды көлөмүнүн өлчөмүнөн 5 (беш) пайызынан ашпоого тийиш экендиги белгиленсин.
- Бюджеттик мекемелердин сунуштарына ылайык каржылык жылдын ичинде беренеден беренеге жана бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу жолу менен каржылоо шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин уруксатынын негизинде ишке ашырылсын.
- Шаардык бюджетти аткаруу процессинде шаардык мэрия (Н.О.Орозбаев) шаардык мэриянын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында же “Өнүгүү бюджетине” бекитилген каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуксуз экендиги белгиленсин.
5.3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин талабына ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге (шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде турган объектилерди эске албаганда) шаардык бюджеттен каражат бөлүүгө жана каржылоого жол бербөө сунушталсын.
5.4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-бер. 4-п. талабына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу белгиленип, айдын, кварталдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча жыйналган каражаттарды кийинки айдын, кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” №381-токтомуна ылайык шаардык мэрияга эмгек келишимдин негизинде эки жалданма кызматкерге айлык акы, Соцфондго чегерүүгө 1 563,0 миң сом суммасында каражат каралганы эске алынсын.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 110-беренесинин талабына ылайык 2025-жылдын 1-январына шаардык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 200,0 миң сом суммасында белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесинин талабына ылайык жалпы шаардык бюджеттин чыгымдарынын (атайын каражатсыз) 193 167,6 миң сомдук көлөмүнүн 1,1 (бир бүтүн ондон бир) пайызы, же 2 062,0 миң сом өлчөмүндө шаардык мэриянын резервдик фонду болуп бекитилсин жана аталган каражат жалпы шаардык бюджеттин пландуу чыгымынын көлөмүнө жараша “Шаардык мэриянын резервдик фонду жөнүндө” Жобонун негизинде шаардык мэриянын тиешелүү буйруктарына ылайык каржылануусу белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 131-бер. 3-п. талабына ылайык бирдиктүү казыналык эсептен тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди түзүүнүн жана пайдалануунун фактылары табылган учурда көрсөтүлгөн кирешелердин суммасы шаардык бюджеттин кирешесине кошуп эсептөөгө жатаары белгиленсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 130-бер. 2-п. талабына ылайык бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алышаары жана бюджеттик мекемелердин бюджеттик каражаттарды сарптоо үчүн жоопкерчиликтүү болгон кызмат адамдары каржылык тартипти бузган жана кызматтык милдеттерин аткарбаган учурда, анын ичинде бюджеттик каражаттарды негиздүү, максаттуу, мыйзамдуу сарпталышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 130-бер. 1-п. талабына ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн бюджеттин балансташканын эске алуу менен каржыланышы жана аткарылышы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын (Ж.Т.Осмонкулов) жоопкерчилигинде экендиги белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдын 2-бөлүм 10-беренесинин, “Калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 27-бер. 1-п. 21)-п.п. талабынын негизинде өзгөчө кырдаал учурунда алардын кесепеттерин жоюуу максатында ШММБнын “Транспорттук кызмат көрсөтүү” беренесинде 200,0 миң сом “кол тийбес запас” катары кармалуусу жана аталган каражатты өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын түзүлгөн комиссиянын корутунду-чечиминин негизинде мэриянын буйругуна ылайык каржылоо сунушталсын.
13. “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин талабына ылайык ушул жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылынган чыгымдар “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 4-бер. 2-п. талабынын негизинде кийинки жылдык бюджетте бюджеттин акыбалына жараша каралаары белгиленсин.
14. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин талаптарынын негизинде ушул токтомго бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн: биринчиси - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси - 1-ноябрына чейин экендиги белгиленсин.
15. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 79-бер. 3-подпунктунун талабына ылайык Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгы (Ж.Т.Осмонкулов), мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгы (У.А.Жумашев), ШММБгы (Г.С.Асилов) тарабынан даярдалган шаардык бюджеттин аткарылышы боюнча алты, тогуз айлык жана жылдык отчетторду шаардык мэрия (Н.О.Орозбаев) шаардык кеңешке өз убагында тапшыруусу сунушталсын.
16. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-бер. 1,2,3-п.п. талаптарынын негизинде шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов) жана мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгына (У.А.Жумашев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |