Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 14-марты №25/5-9
«Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 сандуу буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыккан Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентинин долбоорун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
1. Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин. ( тиркелет)
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7, 16.02.2018-жылдагы № 69/14-7, 05.03.2019-жылдагы № 144/26-7, 22.09.2020-жылдагы № 209/42-7 сандуу токтомдору тиркемелери менен күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |