Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 14-марты №26/5-9
«Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы»
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директору А.А.Ырысбековдун маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз V сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаарыбыздын калкын тейлөөдө стационардык 100 койка, 4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ), 2 ФАП бар. Хирургия бөлүмүндө 24. Терапия бөлүмүндө 35 анын ичинде терапиялык профилде 20, неврологиялык койка 15. Балдар бөлүмүндө 12, инфекция бөлүмүндө 15. Төрөт бөлүмүндө 14 койка. Кайра жандандыруу бөлүмүндө 6 койка. Күндүзгү стационарда терапиялык профилде 10 койка бар.
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору “Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү”, “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата”, “Бүткүл дүйнөлүк эмдөө”, “Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү” боюнча иш-чараларды жүргүзгөн.
Жалпы кызматкерлердин саны 257, анын ичинен дарыгерлер 31, медициналык кызматкерлер 144, кенже кызматкерлер 52, башка кызматкерлер 30.
ЖДПБда медициналык кызматкерлер арасында ай сайын бейтаптарды сапаттуу тейлөө, врачтар тарабынан көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү өз убагында аткаруу, бейтаптар арасында сапаттуу иш-чараларды жүргүзүү жана тааныштыруу иштери боюнча семинар окуулар өткөрүлүп турат.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
1. Кара-Көл шаардык Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директору А.А.Ырысбековдун маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна (А.А.Ырысбеков) оорукананын жандандыруу бөлүмүн 2-кабаттан 1-кабатка көчүрүп түшүрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды көрсүн.
3. Ленин көчөсүндө жайгашкан №1 үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун эски имаратынын ордуна жаңы имарат куруу иштерин жандандырсын.
4. Жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна (А.А.Ырысбеков) медициналык кызматкерлердин оорулууларга жасаган мамилесин, жүрүм-турум этикасын сактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, Жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна (А.А.Ырысбеков), көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г.К.Субаналиева) жүктөлсүн
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |