Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 14-марты №27/5-9
«Кара-Көл шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы»
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык МСЭКБнүн башчысынын орун басары Г.Ш.Жайчибекованын маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
1. Кара-Көл шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык МСЭКБнүн башчысынын орун басары Г.Ш.Жайчибекованын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык МСЭКБү, шаардык мэрия менен биргеликте шаардын мектептеринин аймагындагы соода түйүндөрүндө Кытай мамлекетинен өндүрүлгөн арзан продукциялардын сапаты боюнча рейддерди жүргүзүп, тиешелүү иш-чараларды көрсүн.
3. Кара-Көл шаардык МСЭКБна (Ж.А.Көчкөнбаева) шаарыбыздын тургундарынын арасында тери оорулары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, тургундардын ден соолугуна кам көрүү максатында чач тарачканалардын, спорт залдардын санитардык абалына көзөмөлдү күчөтүү максатында шаардык мэрия менен биргеликте комиссия түзүп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын аппарат жетекчиси (А.Т.Анарбаева), Кара-Көл шаардык МСЭКБна (Ж.А.Көчкөнбаева), көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г.К.Субаналиева) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |