Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 14-марты №28/5-9
«Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги У.Ш.Бокоевдин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
1. Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө У.Ш.Бокоевдин маалыматы жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кара-Көл шаарынын башкы планына шаарды бойлоп өткөн Кара-Суу суусунун жээктерине ( набережный ) жөө жүрүүчү тротуар куруу планын киргизүү;
2) Кара-Көл шаарынын башкы планына № 4 орто мектептин артындагы бош жерге
бала бакча куруу планын киргизүү;
3) Кара-Көл шаарынын архитектуралык көрүнүшүн ирээтке келтирүү, шаар курулушундагы баш-аламандыкты жөнгө салуу, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, курулуштардын функционалдык сапаттарын камсыздоо боюнча бирдиктүү стандарттарды, техникалык талаптарды камтыган эрежелердин жыйындысын иштеп чыгуу.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (У.Ш.Бокоев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |