Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 14-марты №29/5-9
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2024-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалынын башкы каттоочусу С.Т.Батыркулованын 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
1. Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл филиалынын башкы каттоочусу С.Т.Батыркулованын 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жер ресурстары агенттиктин Кара-Көл
филиалына (Г.Р.Сооронбаева), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |