Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 14-марты №30/5-9
«Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Көл шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы У.М. Жусубалиевдин маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу
боюнча башкармалыгынын Кара-Көл шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы У.М. Жусубалиевдин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу
боюнча башкармалыгынын Кара-Көл шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кара-Көл шаарындагы Бекташ, Ак-Шар, Төш-Мазар көчөлөрүндөгү, 16-кварталдын үстүндөгү, Көк-Бел, Жазы-Кечүүдөгү Кара-Суунун жээктериндеги өзгөчө кооптуу жерлерде селге каршы бекемдөө иштерин жүргүзүү;
2) Кара-Көл ӨКБнүн карамагына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу экскаватор, погрузчик сыяктуу техникаларды алууга аракет жасоо;
3) Кара-Көл шаарын бойлоп өткөн суу жээгинин ыңгайлуу жерин таап, өрт өчүрүүчү машиналар суу алуучу пирс куруу боюнча иш алып баруу;
4) Кара-Көл шаарынын жолдорун өрт өчүрүүчү машиналар өтө турган стандартка алып келүү боюнча шаардык мэрияга сунуштарды берүү;
5) Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана өрт коопсуздугун сактоо боюнча талаптарды күчөтүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев) , Кыргыз
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Көл шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө (У.М.Жусубалиев), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура,
турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча
туруктуу комиссиясына ( Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |