Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 7-июлундагы № 10-1/159 буйругуна бекитилген тиркеме |
Кыргыз Республикасынын
жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
жобо
1- глава. Жалпы жоболор
1. Бул жобо жер-кадастр маалыматтарынын аныктыгын камсыздоо, жерлердин курамында болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо жана пландык-картографиялык материалдарда чагылдыруу, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан жер категориялары боюнча бөлүштүрүү максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын чегинде жайгашкан бардык жерлер инвентаризацияланууга жатат.
2. Жерлерди инвентаризациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы (мындан ары-“Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ) тарабынан жүргүзүлөт жана жыл сайын республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары-Жер агенттиги) учурдагы чыгымдарын бюджеттик каржылоонун алкагында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу бир жолку эсепке алуучу иш-чара болуп эсептелет.
Ошондой эле инвентаризациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же кызыкдар болгон министрликтердин жана ведомстволордун, жер ээлеринин демилгеси боюнча (келишимдик негизде), жайгашкан чек араларында болгон өзгөрүүлөрдүн олуттуу топтолушу боюнча, жер участокторун жана жерлердин пайдалануу мүнөзүнө жана абалына жараша, тиешелүү масштабдарда пландык-картографиялык негиздерин милдеттүү жаңыртуу, санариптик карталарды түзүү менен жүргүзүлөт.
Инвентаризациялоонун натыйжалары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106, 109-статьяларына ылайык келип чыккан өзгөртүүлөрдүн көлөмүн эске алуу менен жаңыланат.
“Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ учурдагы жылы бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын көлөмүнүн чегинде инвентаризация жүргүзүү мөөнөтүнө адистерди тартууга укуктуу.
3. Жерди инвентаризациялоонун максаты жерлердин жайгашкан жери, аянты, чек аралары, түрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган жер категориялары, жерди пайдалануучулар жана жерлер боюнча жер фондунун болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалыматтарды тактоо жана мамлекеттик жер учетун так жүргүзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
4. Зарыл болгон учурда методикалык көрсөтмөлөрдү даярдоо боюнча чечимдерди иштеп чыгуу жана жерди инвентаризациялоону жүргүзүүдө келип чыккан талаш маселелерди чечүү боюнча көмөк көрсөтүү үчүн “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ буйругу менен Техникалык кеңеш (кеңеш берүүчү орган) түзүлөт, анын курамына “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ ишинин негизги багыттарына ылайык келген «Кыргызгипрозем» МИ, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун квалификациялуу адистери жана илимий мекемелердин жана ЖОЖдордун илимпоздору кирет.
Техникалык кеңештин милдеттери болуп долбоорлоо жана изилдөө жана издөө иштерин жүргүзүүдө илимий-техникалык жана техникалык көрсөтмөлөрдү, жер мамилелерин укуктук камсыздоо материалдарын кароо жана принциптүү жана эң маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу саналат.
5. Райондун аймагында жайгашкан жерлерди инвентаризациялоонун материалдарын кароо үчүн курамында төмөндөгүлөр: райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары (комиссиянын төрагасы), Жер агенттигинин жергиликтүү филиалынын директору (мындан ары-жергиликтүү каттоо органы), Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын аймактык органынын директору, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин региондук башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жергиликтүү органынын өкүлү, айыл өкмөтүнүн башчысы, “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ адистери, ошондой эле эгерде, иштер алардын демилгеси боюнча жүргүзүлгөн учурда жер пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына кызыкдар болгон мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү кошумча киргизилиши мүмкүн.
6. Райондук комиссия:
1) жумушчу топ тарабынан түзүлгөн жерди инвентаризациялоо актысын, жердин экспликациясын (1-тиркеме), айыл аймактарынын (шаарлардын) салыштырма ведомостторун (2-тиркеме) карайт жана ар бир айыл аймагы боюнча протоколду тариздейт (3-тиркеме);
2) тийиштүү райондун (шаардын) айыл аймактары боюнча жерлерди инвентаризациялоонун жыйынтыгын жергиликтүү мамлекеттик администрацияга бекитүүгө киргизет.
3) инвентаризациялоону жүргүзүү мезгилинде төмөнкү: жерлерди инвентаризациялоону жүргүзүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүү; ишке жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү адистеринин катышуусун камсыз кылуу; жер чектерин пландоо жана картографиялык материалга киргизүү үчүн айыл аймактарындагы жер аянттары жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылуу; бекитилип берилген аймактагы жерлерди инвентаризациялоо боюнча талаа иштерин уюштуруу, зарыл болгон материалдар менен камсыз кылуу функцияларын аткарат.
7. Айыл аймактарында жана райондук маанидеги шаарларда айыл аймагынын башчысынын (шаардын мэринин) буйругу менен жерлерди инвентаризациялоону жүргүзүүгө практикалык жардам көрсөтүү үчүн, курамы: айыл аймагынын башчысы/башчынын орун басары (шаардын вице-мэри) (жумушчу топтун жетекчиси), жергиликтүү каттоо органынын өкүлү, “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ адистери жана кызыкдар кызматтардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт.
8. Жумушчу топ:
1) жерди инвентаризациялоо актысын, жер экспликациясын (1-тиркеме), салыштырма ведомосту (2-тиркеме) түзөт;
2) райондук комиссияга жерди инвентаризациялоо материалдарын берет;
3) айыл аймагынын жана райондук маанидеги шаарлардын административдик чектеринде жерлерди инвентаризациялоо боюнча иштердин бардык комплексин аткарууда практикалык жардам көрсөтөт.
Жерлердин курамы жана категориялары боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда актыда анын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири көрсөтүлөт. Андан ары өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү тийиштүү документтерди берүү менен макул эместигинин себептерин негиздөөгө милдеттүү. Андан кийин жумушчу топ берилген документтерди карап чыгып, акыркы чечимди кабыл алат.
9. Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардагы жерлерди инвентаризациялоонун материалдарын кароо үчүн шаардык мэрия курамы: (шаардын биринчи вице-мэри) (комиссиянын төрагасы), жергиликтүү каттоо органынын директору, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматынын директору, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин региондук башкармалыгынын начальниги (өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери болгондо), Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу облустук суу чарба башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин шаардык органынын өкүлү, “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ адистери жана кызыкдар кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле эгерде, иштер алардын демилгеси боюнча жүргүзүлгөн учурда жер пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн турган шаардык комиссияны түзөт.
10. Шаардык комиссия:
1) жерди инвентаризациялоо актысын, жер экспликациясын (1-тиркеме), салыштырма ведомостту (2-тиркеме) түзөт жана протоколду тариздейт (3-тиркеме);
2) жерлерди инвентаризациялоонун жыйынтыгын шаардык мэриянын бекитүүсүнө киргизет;
3) инвентаризациялоону жүргүзүү мезгилинде төмөнкү функцияларды аткарат: жерлерди инвентаризациялоону жүргүзүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүү; ишке жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү адистеринин катышуусун камсыз кылуу; жер чектерин пландоо жана картографиялык материалга киргизүү үчүн шаардын жеринин аянты жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылуу, бекитилип берилген аймактагы жерлерди инвентаризациялоо боюнча талаа иштерин уюштуруу, зарыл материалдар менен камсыз кылуу.
11. Жер фондун инвентаризациялоо боюнча иштердин техникалык аткаруучусу “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ болуп саналат.
12. Жерди инвентаризациялоо боюнча иштер төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт: даярдоо иштери, жерди талаа изилдөөсү, камералдык иштөө, материалдарды кароо жана бекитүү.
2-глава. Даярдоо иштери
13. “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ адистери тийиштүү аймактагы архивдик материалдарды тандап алышат:
1) акыркы жылдардагы пландоо- картографиялык материалдарды;
2) акыркы жылдардагы жерлерди инвентаризациялоонун жана аянттарын эсептөөнүн материалдары (бул материалдар боюнча жерлердин түрлөрү карама-каршы келген учурда, ошондой эле жер участокторунун максаттуу багытын аныктоочу кандайдыр бир документтер жок болгон учурда, жерине чыгып акт түзүү менен жердин учурдагы түрү негиз катары алынат);
3) жерлерди акыркы инвентаризациялоо учурунда, ошондой эле өткөн жылдын 1-январына карата абал боюнча жерлер жана жер категориялары боюнча жерлердин болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө жер отчеттору;
4) жергиликтүү каттоо органдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон схемаларды тиркөө менен жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча, жерлерге мунапыс берүү боюнча архивдик материалдар;
5) административдик-аймактык бөлүнүш, токой чарбасы, жер бөлүп берүү боюнча материалдар жана айыл аймагынын (шаардын) жерлерине тиешелүү болгон башка материалдар.
Жергиликтүү каттоо органынын материалдарын изилдөө максатында “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ жерлерди инвентаризация иштерин жүргүзүүчү кызматкерлерине жергиликтүү каттоо органынын архивдик жана картографиялык материалдарына жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.
14. Айыл аймактарынын бекитилген тышкы чек аралары мамлекеттик чек араны жана жерди пайдалануу чектерин эске алуу менен пландык негизде белгиленет. 1:10 000, 1:25 000 жана 1:50 000 масштабындагы фотопландарды сканерлөө жана санариптештирүү айыл аймактарынын (шаарлардын) жер пайдалануусунун электрондук картасын түзүү үчүн, алар жок болгон учурда жүргүзүлөт.
15. Фотопландарда жерди пайдалануу участокторунун жалпы аянттары эсептелинет жана такталат. Санариптештирүү (векторизация), сканерленген материалды тазалоо жана планшеттердин системасын жаңыртуу, электрондук картографиялык материалды даярдоо үчүн айыл аймагынын (шаардын) жерди пайдалануу планындагы тартылган маалыматтар боюнча участоктордун чектерин, жерлерди тууралоо жүргүзүлөт, ал эми жердин контурларынын аянттарын эсептөө ArcGIS программасы боюнча ишке ашырылат.
16. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер аяктаган жер участокторун инвентаризациялоодо чектеш республикаларга өткөрүлүп берилген участоктор аянттардын топтомунун ведомостунан чыгарылат, ал эми кабыл алынган жер участоктору бул жерлердин иш жүзүндөгү абалына жараша категорияга киргизүү менен аянттардын контурдук ведомостуна киргизилет (5-тиркеме).
17. Колдо болгон пландоо-картографиялык материалдарды изилдөөнүн натыйжасында чек араларды инструменталдык сүрөткө тартуу талап кылынган участоктордо пландоо материалы даярдалат, жерди андан ары инвентаризациялоо үчүн жарактуулугунун даражасы, инструменталдык сүрөткө тартуунун же оңдоо иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы жана көлөмү аныкталат.
18. Аянттардын топтомунун контурдук ведомосту (4-тиркеме), жердин экспликациясы түзүлөт, келечекте жер категориясына киргизилүүгө тийиш болгон, башкалардын пайдалануусундагы участоктор (колхоз, совхоз,айыл чарба ишканалары, ж.б. чектеринде башка жер пайдалануучулар тарабынан пайдалануучу жер участоктору) такталат. Жерди белгилүү бир категорияга киргизүү үчүн материалдардын негизги булагы болуп акыркы инвентаризациялоо учурунда (1992-1999-ж.) түзүлгөн жерлердин болушу жана аны категорияларга жана жер түрлөрүнө бөлүштүрүү жөнүндө жер эсепке алуу маалыматтары саналат.
Ошол эле учурда, эгерде айылдын контурлары баштапкы жерлердин инвентаризациялоонун ведомостунда өзүнчө көрсөтүлсө жана ага кирген айыл чарба багытындагы эмес жерлердин түрлөрү (коомдук курулуштардын астындагы, арыктардын астындагы, жолдордун астындагы жерлер ж.б) башкалардын пайдалануусундагы жерлери катары көрсөтүлбөсө, анда алар калктуу конуштардын жерлери категориясында саналат.
Эгерде көрсөтүлгөн жерлердин түрлөрү (калктын социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн арналган жерлерден тышкары) башкалардын пайдалануусундагы жерлер катары эсепке алынса, анда алар жердин башка категориясында эсепке алынат.
19. Калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгашкан короо жайлар, алар жайгашкан жер категориясына кирет.
20. Токой фондунун жерлерин инвентаризациялоодо алардын жалпы аянты жана тышкы чек аралары боюнча маалыматтар “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИнин өткөн жылдардагы архивдик материалдар боюнча башкалардын пайдалануусундагы жерлерди жана которулган (трансформацияланган) жерлерди эске алуу менен алынат.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин инвентаризациялоодо алардын жалпы аянты жана тышкы чек аралары боюнча маалыматтар “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИнин өткөн жылдардагы архивдик материалдары боюнча, башкалардын пайдалануусундагы жерлерди, которулган (трансформацияланган) жерлерди жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин чек араларды белгилөө материалдарын макулдашуусун эске алуу менен алынат.
“Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ тарабынан аныкталган токой фондусунун жерлери жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чектериндеги жерлерди жерлердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, башкалардын пайдалануусундагы аянттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИге, “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ тарабынан белгиленген бул категориялардын тышкы чек араларынын ичиндеги жерлердин түрлөрүнүн, аянттарынын өзгөрүүлөрү жөнүндө тийиштүү маалыматтарды берет.
Өз кезегинде жерлердин түрлөрү жана аянттары боюнча маалыматтар берилбесе, маалымат 1991-1995-жылдардагы жерлерди инвентаризациялоонун алгачкы материалдарынан алынат.
21. Жерлердин категориясына киргизилүүчү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жана жерди эсепке алуу документтерине киргизилген жер которуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардын чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.
3-глава. Талаа иштери
22. Айыл аймагынын (шаардын) жана райондун административдик чектериндеги жерлер талаалык изилдөөгө жатат. Изилдөөлөр ушул Жобонун 6, 7-пункттарында көрсөтүлгөн жумушчу топ (шаардык комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
23. Чек аралардагы жана жергиликтүү аймактагы кырдаалдын башка элементтеринин өзгөрүүлөрүн аныктоо (пландуу негизге киргизүү) үчүн 0,01 гектардан ашпаган контурдун аянтын так аныктоону камсыз кылуучу талаа чечмелөө ыкмасы, аспаптык жана жарым аспаптык сүрөткө тартып алуу ыкмалары колдонулат.
24. Талаа иштерин жүргүзүү учурунда жердин контурлары изилденет, анын жүрүшүндө жерди пайдалануунун чек аралары пландоо материалында чагылдырылат жана аянттардын контурдук ведомостуна ыйгарым укуктуу органдардын жерлерди которуу (трансформациялоо) жана жер мунапысы боюнча чечимдеринин негизинде жерлердин өзгөртүлгөн түрлөрү жана жерлердин категориялары, ошондой эле мурунку (4-тиркеменин 3-графасы) жана учурда колдонуудагы жерлердин түрлөрү (4-тиркеменин 4-графасы) картографиялык негизде өзү билемдик менен тургузулган курулуштарды кызыл штрих менен, жана жерлерди которбостон (трансформация) өзгөртүлгөн түрлөрүн кызыл сызык менен белгилөө менен көрсөтүлөт.
25. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин (АЧЖМФ) аянттары жана контурлары 2008-2010-жылдары аткарылган АЧЖМФ жерлерин инвентаризациялоо материалдары боюнча такталат.
Эгерде АЧЖМФнин жерлеринин түрлөрү менен 2008-2010-жылдары аткарылган АЧЖМФ жерлерин инвентаризациялоо материалдарында карама-каршылыктар болсо, анда жерлердин түрлөрү 1991-1995-жылдардагы инвентаризация материалдарынын негизинде аныкталат.
Жерлердин түрлөрүн жана категорияларын өзгөртүүгө ыйгарым укуктуу органдардын аларды бир категориядан экинчисине же бир түрүнөн экинчисине которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган компетенциянын чегинде кабыл алынган чечимдери менен жол берилет.
Эгерде жер участоктору (айдоо, көп жылдык өсүмдүктөр, кысыр аңыз, чөп чабынды) АЧЖМФ жерлери катары колдонулуп жатканы аныкталса, бирок АЧЖМФ жерлеринин курамына кирбесе, же болбосо 2008–2010-жылдары жүргүзүлгөн АЧЖМФ жерлеринин инвентаризация материалдары боюнча АЧЖМФ жерлеринин контурлары өзгөргөн болсо, жумушчу топ изилдеп чыккандан кийин, жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан эркин жана менчикке берилбегендигин эске алуу менен АЧЖМФ курамына киргизүү жөнүндө акт түзөт. Бул акт инвентаризациянын жыйынтыгы бекитилгенден кийин, жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болот.
26. Талаа изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, жумушчу топтун мүчөлөрү жана шаардык комиссия менен макулдашылган, жер экспликациясы тиркелген инвентаризация жүргүзүү актысы түзүлөт. Актынын негизинде өткөн жылдын 1-январына карата абал боюнча жерди эсепке алуу маалыматтары менен жер категориялары боюнча жер аянттарынын салыштырма ведомосту даярдалат.
4-глава. Камералдык иштер
27. Даярдык жана талаа иштери жүргүзүлгөндөн кийин такталган контурлар жана алардын чектери, ошондой эле жергиликтүү кырдаалдын өзгөртүлгөн элементтери пландык негизге түшүрүлөт.
28. Фотопландарда жерди пайдалануу участокторунун жалпы аянттары (алардын чек аралары өзгөргөндө) жана жердин өзгөргөн контурларынын аянттары эсептелет жана такталат. Өзгөртүлгөн контурлардын эсептелген аянттары мурда эсептелгендер менен байланыштырылып, 4-тиркемеге ылайык аянттардын топтомунун контурдук ведомосту түзүлөт.
29. Электрондук картографиялык материалды компьютердик иштетүү жүргүзүлөт, даярдоо жана талаа иштеринин жыйынтыгы жалпыланат, айыл аймагынын (шаардын) жерди пайдалануу карталары таризделет.
30. Камералдык иштердин жыйынтыгы боюнча жерди инвентаризациялоо боюнча материалдар пландык-картографиялык материалдар менен чогу “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИнин маалыматтык технологиялар жана сапатты контролдоо бөлүмүнө текшерүү үчүн өткөрүлүп берилет. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзөө баракчасы түзүлөт, ал түзүлгөн күндөн тартып Аткаруучу тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде оңдолууга тийиш.
5- глава. Жерлерди инвентаризациялоонун материалдарын бекитүү
31. Айыл аймагынын (шаардын) жерлерин инвентаризациялоонун материалдары айыл аймактын (райондук маанидеги шаардын мэриясынын) жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын чечимдери менен каралат жана бекитилет.
32. Облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын деңгээлинде жерлерди инвентаризациялоо материалдары шаардын мэриясы тарабынан бекитилет.
33. Жерди инвентаризациялоо жерди инвентаризациялоонун материалдары бекитилгенден кийин аяктады деп эсептелет:
1) айылдык аймактар жана райондук маанидеги шаарлар үчүн – жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими менен;
2) областтык жана республикалык маанидеги шаарлар үчүн - шаардын мэриясынын чечими менен;
34. Ар бир айыл аймагы (шаар) боюнча жерлердин инвентаризациясынын архивдик материалы түзүлөт, анын ичиндеги тексттик жана графикалык бөлүктөр “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ архивине сактоого берилет жана төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
1) райондун (шаарлардын) айыл аймактары боюнча жерлердин инвентаризациясын жүргүзүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими;
2) айыл аймагы (шаар) боюнча жерлери инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө айыл аймагынын (шаардын) чечими;
3) шаардын жерлерин инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча шаардык комиссия түзүү жөнүндө республикалык жана областтык маанидеги шаардын мэриясынын чечими;
4) № 22, № 22 а формалар боюнча айыл аймактарынын (шаарлардын) жерлеринин болушу жөнүндө отчет (өткөн жылдын 1-январына карата);
5) айыл аймагында (шаарда) сугат жерлеринин бар экендиги жөнүндө суу чарба башкармалыгынын маалымкаты;
6) салыштырма ведомосту, белгиленген отчеттук форма боюнча түзүлгөн жер эсептөө маалыматтары жана жерди инвентаризациялоонун жыйынтыгынын ортосундагы айырма;
7) экспликация тиркелген, инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиянын актысы;
8) райондук (шаардык) комиссиянын протоколу;
9) жерди инвентаризациялоонун жыйынтыгын бекитүү жөнүндө айыл аймагынын чечими;
10) жерди инвентаризациялоонун жыйынтыгын бекитүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими;
11) жерди инвентаризациялоонун жыйынтыгын бекитүү жөнүндө республикалык жана областтык маанидеги шаардын мэриясынын чечими;
12) ыйгарым укуктуу органдардын жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдери жана башка чечимдер;
13) түшүнүк кат;
14) материалдарды текшерүү жана күбөлөндүрүүнүн түзөө баракчалары.
Бүткүл район боюнча жерлерди инвентаризациялоо боюнча жыйынды материалдар төмөнкүлөрдөн турат:
- түшүнүк кат;
- № 22 жана № 22 а формалар боюнча жерлердин жыйынды экспликациясы;
- ар бир айыл аймагы боюнча жерлерди инвентаризациялоо актылары;
- ар бир айыл аймагы боюнча жерлерди инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө чечимдер;
- райондук комиссиянын протоколу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жерлерди инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө чечими.
35. Жерди инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү каттоо органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл аймактар/шаарлар) өкүлдөрү менен биргеликте № 22, № 22 а формалары боюнча жерлердин болушу жана аларды категориялар, жерлердин түрлөрү жана жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө жер отчетун түзүү үчүн, “Жер балансы” автоматташтырылган геомаалыматтык тутумуна маалыматтарды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
36. Тапшырыкчыга жерди инвентаризациялоо боюнча материалдардын электрондук варианты pdf, jpeg форматында тапшырылат.
37. Жерди инвентаризациялоонун бекитилген материалдарынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана шаардын мэриясы жерлердин иш жүзүндөгү жана юридикалык абалын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
6-глава. Жерди инвентаризациялоонун материалдарын түзөө иштери
38. Айыл аймактарынын (шаарлардын) жерлерин инвентаризациялоонун материалдарын түзөө иштери жерди пайдалануучулардын чек аралары жана жерлердин түрлөрү 30 пайызга чейин өзгөргөндө жүргүзүлөт.
Түзөө иштерин жүргүзүүдө ушул Жобонун бардык пункттары айыл аймагынын (шаардын) жерлеринин өзгөртүлгөн бөлүгүндө гана аткарылат.
| Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
|
Жерге инвентаризация жүргүзүү жөнүндө
AКT
20__ -жылдын “____” _______________
________________ _______________ _____________
(облусу) (район) (шаар) (айыл аймагы)
1. Бул акт ________________ областынын _________ (шаарынын) (мэринин) ____________ районунун _________ айыл аймагынын башчысынын 20__-жылдын «___» __________ № __________ буйругуна ылайык жерлерге инвентаризация жүргүзүү боюнча жумушчу топ (комиссия) тарабынан түзүлдү, анын курамында:
Жумушчу топтун төрагасы:________________________________________
(толук аты-жөнү) (кызмат орду)
________________________________________________________________жумушчу топтун (комиссиянын) мүчөлөрү:
________________________________________________________________
(аты-жөнү) (кызмат орду)
________________________________________________________________
(аты-жөнү) (кызмат орду)
________________________________________________________________
(аты-жөнү (кызмат орду)
________________________________________________________________
(аты-жөнү) (кызмат орду)
20__-жылдын «___» ___________ тартып 20__-жылдын «___» __________ чейин _____________ областынын _______________(шаарында), районундагы ___________ айыл аймагында ________________ га аянтка талаа изилдөө жолу менен жерди инвентаризациялоо жүргүзүлгөн.
2. Жерди инвентаризациялоонун жыйынтыгы белгиленген форма боюнча түзүлгөн отчетто көрсөтүлөт.
3. Жумушчу топтун корутундусу жана сунушу:
________________________________________________________________
Жумушчу топтун (комиссиянын) төрагасы:
________________________________________________________________ (аты-жөнү) (колу)
Жумушчу топтун (комиссиянын) мүчөлөрү:
________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Эскертүү: Акт үч нускада түзүлөт: 1 нуска – айыл аймагы (шаар мэриясы) үчүн, 1 нуска – “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ үчүн, 1 нуска – райондук комиссия үчүн.
Жерлердин экспликациясы
№ | Жерлердин категорияларынын жана түрлөрүнүн аталышы | Жалпы аянты, га | ______участогу
| ______участогу
| ______участогу
| ______участогу
|
Жер категориялары боюнча | ||||||
I | Айыл чарба багытындагы жерлер |
|
|
|
|
|
II | Калктуу конуштардын жерлери |
|
|
|
|
|
III | Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жана башкалардын жерлери. |
|
|
|
|
|
IV | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери |
|
|
|
|
|
V | Токой фондунун жерлери |
|
|
|
|
|
VI | Суу фондунун жерлери |
|
|
|
|
|
VII | Запастын жерлери |
|
|
|
|
|
8 | Жалпы жерлер (I+II+III+IV+V+VI+VII) |
|
|
|
|
|
9 | Административдик чек арадан тышкары пайдаланылган жерлер |
|
|
|
|
|
10 | Башка райондордогу жер пайдалануучулар пайдаланган жерлер |
|
|
|
|
|
11 | Бардык жерлер (8+9+10) |
|
|
|
|
|
Жердин түрү боюнча | ||||||
1 | Айдоо, бардыгы |
|
|
|
|
|
| анын ичинен сугат |
|
|
|
|
|
| анын ичинен кайрак |
|
|
|
|
|
2 | Көп жылдык бак-дарактар |
|
|
|
|
|
3 | Кысыр аңыз |
|
|
|
|
|
4 | Чөп чабынды |
|
|
|
|
|
5 | Жайыт |
|
|
|
|
|
6 | Мелиорациялык курулуш иштери жүргүзүлүү стадиясындагы жерлер |
|
|
|
|
|
7 | Короо-жай алдындагы жерлер |
|
|
|
|
|
8 | Жамааттык бактар |
|
|
|
|
|
9 | Жамааттык огороддор |
|
|
|
|
|
10 | Токой аянттары |
|
|
|
|
|
11 | Мамтокой фондусуна кирбеген бак-дарактар жана бадалдар |
|
|
|
|
|
12 | Саздар |
|
|
|
|
|
13 | Суу астындагы жерлер |
|
|
|
|
|
14 | Жолдор жана мал айдап өтүүчү жолдор |
|
|
|
|
|
15 | Коомдук курулуштар, короолор, көчөлөр, аянттар астындагы жерлер |
|
|
|
|
|
16 | Бузулган жерлер |
|
|
|
|
|
17 | Башка жерлер |
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
|
_____________ айыл аймагынын/районунун жалпы аянтынын салыштырма ведомосту
№ | Жерлердин категорияларынын жана түрлөрүнүн аталышы | Жердин жалпы аянты, га | Аянттардагы айырма | |||
1992-1995-ж. акыркы инв. жана эсеп материалдары боюнча | 1992-1999-ж.инв. кийинки жер отчету боюнча | Кезектеги инв.учурунда | Кезектеги инв.учурундагы жер отчету боюнча | |||
Жер категориялары боюнча | ||||||
I | Айыл чарба багытындагы жерлер |
|
|
|
|
|
II | Калктуу конуштардын жерлери |
|
|
|
|
|
III | Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жана башкалардын жерлери. |
|
|
|
|
|
IV | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери |
|
|
|
|
|
V | Токой фондунун жерлери |
|
|
|
|
|
VI | Суу фондунун жерлери |
|
|
|
|
|
VII | Запастагы жерлер |
|
|
|
|
|
8 | Жалпы жерлер (I+II+III+IV+V+VI+VII) |
|
|
|
|
|
9 | Административдик чек арадан тышкары пайдаланылган жерлер |
|
|
|
|
|
10 | Башка райондордогу жер пайдала- нуучулар пайдаланган жерлер |
|
|
|
|
|
11 | Бардык жерлер (8+9+10) |
|
|
|
|
|
Жердин түрү боюнча | ||||||
1 | Айдоо, бардыгы |
|
|
|
|
|
| анын ичинен сугат |
|
|
|
|
|
| анын ичинен кайрак |
|
|
|
|
|
2 | Көп жылдык бак- дарактар |
|
|
|
|
|
3 | Кысыр аңыз |
|
|
|
|
|
4 | Чөп чабынды |
|
|
|
|
|
5 | Жайыт |
|
|
|
|
|
6 | Мелиорациялык курулуш иштери жүргүзүлүү стадиясындагы жерлер |
|
|
|
|
|
7 | Короо-жай алдындагы жерлер |
|
|
|
|
|
8 | Жамааттык бактар |
|
|
|
|
|
9 | Жамааттык огороддор |
|
|
|
|
|
10 | Токой аянттары |
|
|
|
|
|
11 | Мамтокой фондусуна кирбеген бак-дарактар жана бадалдар |
|
|
|
|
|
12 | Саздар |
|
|
|
|
|
13 | Суу астындагы жерлер |
|
|
|
|
|
14 | Жолдор жана мал айдап өтүүчү жолдор |
|
|
|
|
|
15 | Коомдук курулуштар, короолор, көчөлөр, аянттар астындагы жерлер |
|
|
|
|
|
16 | Бузулган жерлер |
|
|
|
|
|
17 | Башка жерлер |
|
|
|
|
|
Жумушчу топтун (комиссиянын) төрагасы:
________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Жумушчу топтун (комиссиянын) мүчөлөрү:
______________________________________________________________________
(аты-жөнү,колу)
______________________________________________________________________
(аты-жөнү,колу)
______________________________________________________________________
(аты-жөнү,колу)
______________________________________________________________________
(аты-жөнү,колу)
| Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме
|
________________ областынын районунун (шаардын) мамлекеттик администрациясынын башчысынын (мэринин) ____________ жылдын “___” ______ № _____ чечими менен түзүлгөн райондук (шаардык) комиссиянын жыйналышынын
ПРОТОКОЛУ
Катышкандар:
1. ____________________ районунун (шаардын) мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары (вице-мэри), комиссиянын төрагасы; _______________________________________________________
( аты-жөнү)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин ________________ райондук, шаардык филиалынын директору_______________________________________________________
(аты-жөнү)
3.__________________ райондук (облустук) суу чарба башкармалыгынын начальниги _____________________________________________________;
(аты-жөнү)
4. Кыргыз Республикасынын Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин _______________________ райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү __________________________________________
(аты-жөнү)
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин _______________ райондук (шаардык) органынын өкүлү ________________________________________________________________
(аты-жөнү)
6. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын адиси______________________________________________
(аты-жөнү)
7. ___________________________айыл аймагынын башчысы
________________________________________________________________
(аты-жөнү)
КҮН ТАРТИБИ:
__________областынын_______________ районунун (шаар) _________________ айыл аймагынын жерлерин инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча материалдарды кароо жөнүндө
Угулду:
________________областынын ______________ районунун (шаар) ___________________ айыл аймагынын жерлерин инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча маалыматы ____________________________________
( аты-жөнү)
Жерди инвентаризациялоонун жыйынтыгын карап чыгып, талкуулап, комиссия төмөнкүдөй чечти:
1. _______________________ областынын ______________ районунун (шаарынын) __________________ айыл аймагынын жерин инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган материалдар жактырылсын.
2. Айыл аймактарына карата район боюнча (шаар) инвентаризациянын жыйынтыгын жалпылоо жана аны __________________ районунун мамлекеттик администрациясынын (шаардын мэриясынын) кароосуна жана бекитүүсүнө берүү.
Райондук (шаардык) комиссиянын төрагасы:
________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Райондук (шаардык) комиссиянын мүчөлөрү:
__________________________________________________________________________________
(аты-жөнү,колу)
__________________________________________________________________________________
(аты-жөнү,колу)
__________________________________________________________________________________
(аты-жөнү,колу)
__________________________________________________________________________________
(аты-жөнү,колу)
| Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме
|
Жер фондусунун белгилүү категориясына жерлерди классификациялоонун өзгөчөлүктөрү
1. Айыл чарба багытындагы жерлер
Бул категорияга калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан, айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн багытталган айыл чарба аянттары жана чарбалардын ичиндеги жолдор, коммуникациялар, туташ көлмөлөр, курулуштар жана айыл чарбасынын иштеп туруусу үчүн зарыл болгон имарат жайлар ээлеген жерлер, айыл чарба жана айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрү, б.а. мал өтүүчү жолдор, анын ичинен мал токтотуучу аянтчалар, багбанчылык дача жер участоктору, огороддор, короолор, бал челектер, саздар, айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан электр линиялары жана айыл чарба жерлери менен байланышкан башка жерлер (мөңгүлөр, аскалар, куюлма тоо тектери, таштар, кумдар, жарлар жана башка пайдаланган жерлер), бузулган жерлер, мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токой аянттары, дарактар жана бадалдар, эт-сүт жана мал чарба объектилери, канаттуулар фермалары, кашарлар, ат сарайлар, кампалар, кыркын пункттар жана купкалар, кургаткычтар, силос жана сенаж чуңкурлары, жашылча сактоочу жайлар, тоют цехтери, тамеки комплекстери, даярдоо конторалары, чарбалык короо-сарайлар, уруктандыруу пункттары, көмөкчү чарбалар, короо-сарайлар, санитардык көзөмөлдөр, туут жайлары, күнөсканалар, чөп сактоочу жайлар, көлмөлөр, балык чарбалар, элеваторлор кирет.
2. Калктуу конуштардын жерлери
Бул категорияга бардык жерлер, калктуу конуштун, республикалык маанидеги автомобиль жолдорунун жана темир жолдордун, өнөр жай объекттеринин, суу чарба балансындагы суу объекттеринин, токой чарбасынын башкаруусуна караштуу токой аянттарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин, көрүстөндөрдүн, чегинде жайгашкан бардык жерлер кирет.
Мындан тышкары жерлердин бул категориясында жол катнашы катары пайдаланылуучу же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр, стоянкалар, автоунаа парковкалары, тоннелдер, өтмөктөр), калкты социалдык жактан тейлөө объектилери (мектептер, бала-бакчалар, стадиондор, саламаттыкты сактоо обьектилери, административдик имараттар), жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайлар, спорттук, концерттик жана балдар аянтчалары, көп батирлүү турак жайлар, короо-жай жер участоктору, соода борборлору, соода объектилери, мечиттер, чиркөөлөр, стадиондор, аянтчалар ж.б. кирет.
3. Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер жана башка максаттар үчүн жерлер
Жерлердин бул категориясына калктуу конуштун чегинен тышкаркы жерлер эсепке алынат, тактап айтканда жылуулук станцияларын жана башка электр станцияларын, алардын курулмаларын жана объекттерин тейлөөчү, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди, электр берүүчү аба линиялары, электр берүүчү кабелдик линиялардын жердин үстүндөгү курулмаларын, подстанцияларды, бөлүштүрүүчү пункттарды, энергетиканын башка курулмаларын жана объекттерин, куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүн, мекемелерин, аскердик-окуу жайларын жана башка уюмдарын жана коргонуу менен коопсуздук жагынан милдеттерди аткарган башка аскерлерди жайгаштыруу жана туруктуу иштетүү үчүн берилген жерлер, май куюучу станциялар, заводдор, фабрикалар, жер казынасын пайдаланууга берилген жер тилкелери, көрүстөндөр, республикалык маанидеги жолдор, ЖТИ объекттери, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын объекттери, суу чарбасынын балансында турбаган кудуктар, суу алгычтар, суу сактагычтар жана башка ичүүчү суу менен жабдуу объекттери, автовокзалдар, автобазалар, автобазарлар, темир жол тармактары, тазалоочу курулмалар, тундургучтар, мал базарлар, мунай сактоочу жана кайра иштетүүчү объекттер, туристтик базалар, кампалар, яхт клубдар, коттедждер, аэродромдор, аэропорттор, базарлар, лагерлер, МАИ посттору, бажы, газ бөлүштүргүчтөр, ипподромдор, ГЭСтер, логистикалык борборлор, өндүрүштүк цехтер, мал союучу жайлар жана башка.
4. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери
Бул категорияга мамлекеттик коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын, заказниктердин (аңчылык кылуучу жерлерди кошпогондо), жаратылыш эстеликтеринин, ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана экологиялык парктардын, ден соолукту чыңдоочу багыттагы жаратылыш аймактарынын жерлери, экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо жагынан өзгөчө мааниси бар жаратылыш комплекстери жана объектилери бар жер участоктору жана рекреациялык зонада жайгашкан жер участоктору кирет.
Жердин бул категориясында максаттык багытына ылайык жердин белгилүү башка категориясына кирүүчү, башкалардын пайдалануусундагы жерлер болушу мүмкүн.
Токой фондусунун жерлери
Бул категорияга токойлуу жерлер, ошондой эле токою жок, бирок токой чарба муктаждыктары үчүн берилген, анын ичинде аңчылык жерлер эсепке алынат.
Жердин бул категориясында максаттык багытына ылайык жердин белгилүү башка категориясына кирүүчү, башкалардын пайдалануусундагы жерлер болушу мүмкүн.
Суу фондусунун жерлери
Бул категорияга суу чарбасынын балансында турган көлмөлөр (суулар, көлдөр, суу сактагычтар, каналдар), мөңгүлөр, саздар, гидротехникалык, гидроэнергетикалык жана башка суу чарба курулуштары ээлеген жерлер, ошондой эле көлмөлөрдү жээктей кеткен тилкелерге бөлүнгөн жерлер кирет.
Жердин бул категориясында максаттык багытына ылайык жердин белгилүү башка категориясына кирүүчү, башкалардын пайдалануусундагы жерлер болушу мүмкүн.
Запастын жерлери
Бул категорияда менчикке же пайдаланууга берилбеген бардык жерлер, анын ичинде айыл чарба жана айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрү эсепке алынат. Бул жерлер мамлекеттин менчиги болуп саналат.
Жердин бул категориясында максаттык багытына ылайык жердин белгилүү башка категориясына кирүүчү, башкалардын пайдалануусундагы жерлер болушу мүмкүн.