Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 01-01/412
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 7–июлу № 01-01/192
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 01–7/203 «Тоо-кендерди жер үстүндѳгү ыкма менен казып алуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тоо-кен казып алуу ишканаларынын өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүштүн негизсиз чыгымдарын жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги №01-7/203 «Тоо-кендерди жер үстүндѳгү ыкма менен казып алуунун өндүрүштүк процесстериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу» буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 100-пункттун биринчи абзацындагы «милдеттүү медициналык» деген сөздөрдөн кийин «текшерүү жана» деген сөздөр менен толукталсын;
- 100-пункттун экинчи абзацындагы «туруктуу жашаган» деген сөздөрдөн кийин «туруктуу жашаган» деген сөздөр, ал эми «кызматкерлерине жайылтылбайт» деген сөздөрдөн кийин «(чарба жүргүзүүчү субъекттин аймагынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна чыгууда технологиялык жабдууларды эксплуатациялоочу кызматкерлерди кошпогондо)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 152-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: «Ички чарбалык иштерди чарбакер субъекттин аймагынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна чыгарбастан аткарган учурда жол баракчалары берилбейт»;
- 152-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Карьердин (карьердин) жолдорунда транспорт каражаттарынын, ошондой эле автомобиль жана трактордук поезддердин кыймылынын ылдамдыгы жана тартиби жергиликтуу шарттарды эске алуу менен ишкананын администрациясы тарабынан белгиленет».
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
– белгиленген тартипте бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн, эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына көчүрмөсү маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарына – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директоруна жүктөлсүн.
2025-жылдын 10-июлунда https://mnr.gov.kg/ru/npas расмий сайтында жарыяланды
Министр |
| М.А. Машиев |