Редакцияот 15/02/2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2024-жылдын 15-февралы  № 9/1

 

Байзак  айыл аймагындагы  “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата  тарифин бекитүү   жөнүндө.

 

              Байзак айыл аймагындагы  “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын директору Т.Орозалиевдин тарифтерди бекитүү боюнча сунушун карап талкуулап,  Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат.

1.Байзак айыл аймагындагы “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын алдындагы  Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысы бодо малдарга 100  (жүз) сом майда жандыктарга 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.

2. “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Көлмө” ИСКАКБынын таза сууга болгон тарифи үйгө киргизип алгандарга киши башына айына 25 (жыйырма беш) сомдон ал эми көчөдөн ташып ичкендерге киши башына айына 15 (он беш) сомдон бекитилсин.

3. “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын тазалыка болгон тарифи ар бир түтүнгө айына 80(сексен) сомдон болуп бекитилсин.

4. “Токтомуш” СПАсынын бир 1 га жерге бир жолу сугаруу үчүн 200 (эки жүз)  сом болуп бектилсин.

5. Бул токтомду аткаруу жагы  Байзак айыл аймагынын    айыл өкмөтүнүн   башчысы Б.Женалиевге    милдеттендирилсин.

6.Ушул   токтом     bayzak.gov.kg     сайтына    жайгаштырылсын      жана   Кыргыз  Республикасынын Ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон  өткөрүлсүн. Каттоодон    өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

А. К. Ажыгулов