БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 5-марты № 10/1
“Профит-Экспрес” ЖЧКсына топурак алууга Баш-Кууганды айылынан жер аянтына уруксаат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресурстары кызматы тарабынан топурак алуу үчүн карьер чечип берүү боюнча жазылган кайрылуусун карап талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Профит-Экспрес” ЖЧКсына Баш-Кууганды айылынын түштүк-батыш тарабындагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунан 1,5км аралыктан орун алган топурак алуучу 50019 м2 жер аянтын карьер катары пайдаланууга макулдук берилсин
2.Жер аянтын аныктап, эки тараптуу келишим түзүп мыйзамдаштырып берүү жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
Төрага | А. К. Ажыгулов |