Редакцияот 29.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2024-жылдын 29-марты  № 11/1

 

Байзак  айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин, Байзак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн каражаттын бөлүнүшүн жана 2025-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү  жөнүндө.

 

          2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн. 2023-жылдан үнөмдөлгөн каражаттын бөлүнүшүн жана 2025-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү  боюнча Айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Байзак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Байзак айыл аймагынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы толуктоолорду киргизүү менен киреше бөлүгү 41 745,1 миң сом, такталган бюджет 68 449,3 миң сом жана чыгаша бөлүгү 45 506,2 миң сом өлчөмүндө болуп, 22 943,1  миң сом профицит менен бекитилсин.

2.2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киеше  жана чыгаша бөлүгү 45 878,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (Анын ичинен салыктык киреше 37 157,9 миң сом, салыктык эмес киреше 8 720,2 миң сом) жана №1тиркемедегидей бөлүштүрулсүн.

3. 2025-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 51 062,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (Анын ичинде салыктык киреше 42 042,3 миң сом, салыктык эмес киреше 9 020,2 миң сом)

4. 2026-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгунун долбоору 56 553,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (Анын ичинен салыктык киреше 47 233,7 миң сом, салыктык эмес киреше 9 320,2 миң сом)

5. Байзак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдалышынан үнөмдөлгөн 27 158 989 сом 37 тыйын акча каражаты №2 тиркемедегидей жана Байзак айыл аймагынын 2023-жылдагы атайын каражатынан үнөмдөлгөн  3 378 676 сом 99 тыйын акча каражаты № 3 тиркемедегидей бөлүштүрүлсүн (тиркеме тиркелет)

6. Чыгаша бөлүгүндөгү акча каражаттары биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, соцфондго чегерүүлөр, комуналдык чыгымдар, иш сапары, транспорт чыгымдары, медикаенттер төлөмдөрү, тамак-ашка төлөмдөр, социалдык багыттагы төлөмдөргө, ж.б бөлүнсүн.

 

7. Токтомдо көрсөтүлгөндөр боюнча чыгымдоо сметасын түзүү, казна системасына киргизүү жана түзүлгөн сметага ылайык өз багыты менен чыгымдоо айыл өкмөтүнүн ФЭжСӨБүнө тапшырылсын.

 

8. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын  жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон   өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин. 

 

9. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргузүү жана аткаруу Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

У. Айткулов