БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2024-жылдын 20-апрели № 12
Бириктирилген Байзак айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Байзак айыл амагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгына ылайык Байзак жана Баш-Кууганды айыл аймактарын бириктирип, Байзак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Байзак айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Бириктирилген Байзак айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
3. Соң-Көл участогундагы убактылуу пайдаланууда турган жер такталып Бириктирилген Байзак айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасына кошу жагы сунушталсын
4.Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
Төрага | У.Айткулов |