Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 17-июну № 13/3
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 17-июнундагы кезектеги сессиясынын № 6-протоколунун негизинде Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1.Шайлоонун жыйынтыгы менен Ибраимов Курал Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 17-июнундагы кезектеги
сессиясына катышкан депутаттарынын көпчүлүк добушун алгандыгы белгиленсин.
2. Шайлоо мыйзам чегинде ачык, айкын өттү деп табылсын.
3. Көпчүлүк добуштун негизинде Ибраимов Курал Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
4. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Руслан Жумагуловичке милдеттендирилсин.
Көпчүлүк добушун алгандыгы белгиленсин
Төрага | Т.Т. Акматова |