Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2025-жылдын 16-июлундагы ПЖ № 208
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин
катчылыгынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин ишин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Кеңештин катчылыгы) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин штаттык саны 2-тиркемеге ылайык;
3) “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин башкаруу схемасы 3-тиркемеге ылайык;
4) “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 4-тиркемеге ылайык.
3. Кеңештин катчылыгы бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юстиция органдарында каттоодон өтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) зарыл болгон акча каражаттарын издеп тапсын жана белгиленген тартипте Кеңештин катчылыгынын ишин каржылоону жүзөгө ашырсын;
2) “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул Жарлыктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
I бөлүмдүн 1-главасында:
- алтынчы абзац “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси” деген сөздөр менен толукталсын;
- он үчүнчү абзац “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары” деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 144 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кеңештин катчылыгынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.”;
2) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кеңештин катчылыгын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.”;
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:
21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21. Кеңештин катчылыгынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.”.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кеңештин катчылыгын зарыл болгон жай менен камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
9. Кыргыз Республикасынын министрликтери,административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) компетенциясынын чегинде Кеңештин катчылыгына ага жүктөлгөн функцияларды ишке ашырууда зарыл болгон көмөк көрсөтсүн.
10. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин АдминистрациясынынПрезиденттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2-тиркеме
“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин штаттык саны
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Жетекчи | 1 |
2 | Жетекчинин орун басары | 1 |
3 | Укуктук бөлүмдүн башчысы | 1 |
4 | Маалыматтык-аналитикалык бөлүмдүн башчысы | 1 |
5 | Техникалык инфратүзүм жана талдоо бөлүмүнүн башчысы | 1 |
6 | Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы | 1 |
7 | Административдик-финансылык бөлүмдүн башчысы | 1 |
8 | Кадрдык иштер, документтик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | 1 |
9 | Башкы эксперт | 2 |
10 | Эксперт | 5 |
10 | Чарба бөлүмүнүн башчысы | 1 |
11 | Инженер-программист | 1 |
12 | Катчы | 1 |
13 | Айдоочу | 1 |
Бардыгы | 19 | |
3-тиркеме
“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн
өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин
башкаруу схемасы
4-тиркеме
“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктер- дин саны | Эселөө коэффи- циенттери |
1 | Жетекчи | 1 | 17,05 |
2 | Жетекчинин орун басары | 1 | 16,35 |
3 | Укуктук бөлүмдүн башчысы | 1 | 15,63 |
4 | Маалыматтык-аналитикалык бөлүмдүн башчысы | 1 | 15,63 |
5 | Техникалык инфратүзүм жана талдоо бөлүмүнүн башчысы | 1 | 15,63 |
6 | Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы | 1 | 15,63 |
7 | Административдик- финансылык бөлүмдүн башчысы | 1 | 15,63 |
8 | Кадрдык иштер, документтик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | 1 | 15,63 |
9 | Башкы эксперт | 2 | 14,21 |
10 | Эксперт | 5 | 12,79 |
11 | Чарба бөлүмүнүн башчысы | 1 | 2,98 |
12 | Инженер-программист | 1 | 2,98 |
13 | Катчы | 1 | 2,68 |
14 | Айдоочу | 1 | 2,53 |
Бардыгы | 19 |
| |
Эскертүү: кызматкерлерге ишинин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көтөргөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50 %га чейинки өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөт.