МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-2
Майлуу-Суу шаардык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык кеңештин 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландарын угуп, талкуулап жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин X-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаардык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык кеңештин 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландары №1,№2,№3,№4 -тиркемелерге ылайык бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык кеңештин аппарат жетекчисине жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын, шаардык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарына ылайык иш алып барылсын.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Д.Атамырзаев |