Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
II сессиясынын
2024-жыл 17-декабры №5
Көк-Арт айылдык кеңеши тарабынан 2022-жылдын
19-октябрындагы кабыл алынган №48 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнундө
Көк-Арт айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-октябрындагы кабыл алынган №48 токтому Көк-Арт айылдык кеңеши ыйгарым укуктарына кирбегендигине карабастан Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын Ч.Алымбаев көчөсүндөгү 3-05-05-1003-0651 сыр белгиси менен ээси жок катары катталган 0,1994 га жер тилкесинин менчик ээси деп С.Артыкова таанылып негизсиз кабыл алынгандыгы тууралуу Сузак райондук прокуратурасы тарабынан 29.11.2024-жылдын № 24/143-07-11/1-5-02491 сандуу Көк-Арт айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 48 токтомуна каршылык билдирүү боюнча катын карап чыгып, токтом кылат:
1. Көк-Арт айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-октябрында кабыл алынган № 48 токтому Сузак райондук прокуратурасынын каршылык билдирүүсүнун негизинде жокко чыгарылсын;
2. КР нын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу жагы туруктуу комиссияларга эскертилсин.
3. Токтомдун кабыл алынышын жана көзөмөл жүргузүүну өзүмө калтырамын.
Төрага
|
К. Исмаилов |