Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жыл 23-январы №10
Жердин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Чолок айылынын №8 контурунда жайгашкан 2 га жерди жана № 9 контурунда жайгашкан 0.60 га, жалпысынан 2.60 га жерди Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловдун кайрылуусун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Чолок айылынын №8 контурунда жайгашкан 2 га жерди жана № 9 контурунда жайгашкан 0.60 га, жалпысынан 2.60 га жерди Таш майдалоочу завод куруу үчүн Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдоо жана КР мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы О.Анаркуловго жүктөлсүн.
3. Токтомун аткарылышын көзөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
К. Исмаилов |