Загрузка документа…
ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2025-жылдын 21-июну № 356
"Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университети мекемесинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университети мекемесинин карамагынан тиешелүү штаты жана материалдык-техникалык базасы менен "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университетинин "А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму" мекемеси чыгарылсын.
2. "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университетинин "А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму" мекемеси "А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму" мекемеси болуп кайра аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемелердин уставдарын бекитсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери:
1) финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу маселелерин чечүү, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу бардык зарыл чараларды жүргүзүү үчүн комиссияларды түзсүн;
2) мекемелерди юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
3) окуу процессин уюштурууну жана абитуриенттерди оз убагында кабыл алууну камсыз кылсын;
4) билим берүү ишин жүзөгө ашырууга берилген лицензияны жана аккредитациялоо боюнча документтерди белгиленген тартипте кайра тариздесин;
5) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги мекемелерди каржылоону тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде белгиленген тартипте жүргүзсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-сентябрындагы 371-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |