Редакцияот 08.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 8-июлу № 132

 

"Борбордук Азия - Кытай" форматынын катчылыгы жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

"Борбордук Азия - Кытай" форматынын катчылыгы жөнүндө жобо ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Жобонун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Депозитарий болуп саналган Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 19-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган