Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июлу № 424
“Мамлекеттик финансылык холдинг”
ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Мамлекеттик финансылык активдерди натыйжалуу башкаруу жана андан ары өлкөнүн экономикасына инвестициялоо үчүн ички ресурстарды мобилизациялоо, жалпы улуттук жана мамлекеттик-жеке долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн түз инвестицияларды тартуу, ошондой эле мамлекеттик катышуу үлүшү менен чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун базасында уставдык капиталын андан ары жыл сайын капитализациялоо менен бир акциянын номиналдык наркы 1 000 (бир миӊ) сом турган 5 000 000 (беш миллион) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен анын уставдык капиталын 5 000 000 000 (беш миллиард) сом өлчөмүндө аныктоо аркылуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коому (мындан ары – “Мамфинхолдинг” ААК) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Мамфинхолдинг” ААКтын уюштуруучусу жана жалгыз акционери болуп саналат;
2) Мамфинхолдинг” ААК төмөнкүдөй болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун укук улантуучусу;
- региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөө түрүндөгү экономикалык долбоорлорду каржылоону кошкондо, бюджеттик кредиттөө жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу агент;
- мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кредиттөө менен байланышкан тиешелүү чечимдерин жүзөгө ашыруунун алкагында юридикалык жактарды субсидиялоо боюнча ыйгарым укуктуу жак;
- улуттук экономиканын субъектерине кепилчилик берүү боюнча ыйгарым укуктуу жак;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун ыкчам башкаруусунда турган негизги каражаттар жана товардык-материалдык баалуулуктар “Мамфинхолдинг” ААКтын уставдык капиталына өткөрүп берилет;
4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакеттери түз өткөрүп берүү жолу менен толук көлөмдө “Мамфинхолдинг” ААКтын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) “Мамфинхолдинг” ААКтын уюштуруучусу катары чыксын;
2) 2025-жылдын 1-ноябрына чейин “Мамфинхолдинг” ААКтын
уставдык капиталын түзүү үчүн 5 000 000 000 (беш миллиард) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин;
3) Бишкек шаары, Жусуп Абдрахманов көчөсү, 133 дарегинде жайгашкан жер участогун “Мамфинхолдинг” ААКтын уставдык капиталына салым катары өткөрүп берсин;
4) “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
5) “Мамфинхолдинг” ААКты мамлекеттик каттоо жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондду жоюу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
6) “Мамфинхолдинг” ААК менен төмөнкүлөрдү түзсүн:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине ылайык “Мамфинхолдинг” ААКтын төлөө шарттарын кароо менен бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча агенттик макулдашууну;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин башкаруу үчүн мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык сый акыларды кароо менен ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишимди;
7) агроөнөр жай комплекси жаатындагы жана табигый кырсыктардан жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан субъекттердин бюджеттик кредиттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган башка кредиттик линиялар боюнча карыз алуучулардын карыздарын өндүрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун райондор боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн адистерине бекитилген материалдык-техникалык базаны өткөрүп берүүнү караган тапшырма келишимин “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы” ачык акционердик коому менен түзсүн;
8) “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы” ачык акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган мөөнөттө каражаттарды милдеттүү түрдө кайтаруу менен компаниянын кредиттик саясатына ылайык андан ары кредиттөө максаты үчүн 15 (он беш) жылга пайыздык ставка жана күрөө каралбаган субординацияланган карыздык милдеттенме түзсүн;
9) пайызсыз, күрөөсүз, субординацияланган карыздын жалпы суммасы “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы” ачык акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда түзүлгөн тапшырма келишимине ылайык, бюджеттик кредиттер боюнча зайымчылардын карыздарын төлөөнүн эсебинен акча каражаттардын түшүүсү тууралуу ар кварталдык отчеттордун негизинде субординацияланган карыздык милдеттенмелер боюнча карыздарды “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы” ачык акционердик коомунун таануусу аркылуу Япония Өкмөтүнүн гранттары жана Мамлекеттик материалдык резервдер линиясы боюнча берилген кредиттерди кошпогондо, карыз алуучулар кайтарып берген каражаттардын эсебинен түзүлөт;
10) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун атайын эсебиндеги акча каражаттарынын пайдаланылбай калган калдыгын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 417 “Административдик имаратты куруу жөнүндө” токтомуна ылайык “Мамфинхолдинг” ААКтын жазуу түрүндөгү өтүнмөсү боюнча жаӊы административдик имаратты долбоорлоо жана куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасын андан ары каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атайын эсебине которсун;
11) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондду жоюу боюнча комиссияны (мындан ары – Жоюу комиссиясы) түзсүн;
12) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жоюлсун.
5. Жоюу комиссиясы:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун финансылык милдеттенмелери боюнча меселени чечсин;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун мүлкүн эсепке алсын;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун документтерин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматына өткөрүп берүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечсин;
4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун жоюу балансын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бекитүүгө киргизсин;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана “Мамфинхолдинг” ААК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу жана кыскартылган кызматкерлерди иштен бошотуу жөлөкпулу менен камсыздоо чараларын көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 21 дарегинде жайгашкан жер участогу менен имаратты коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө аркылуу акысыз пайдалануу келишиминин шартында “Мамфинхолдинг” ААКка өткөрүп берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Мамлекеттик имараттар департаменти Бишкек шаары, Жусуп Абдрахманов көчөсү, 133 дарегиндеги жаӊы административдик имараттын курулушу бүткөнгө чейин коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шартында Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а дарегиндеги имаратта жайгашкан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун пайдалануусунда турган кызматтык жайларга “Мамфинхолдинг” ААКты жайгаштырууну камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шартында мамлекеттик администрациялардын имараттарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун пайдалануусунда турган кызматтык жайларга “Мамфинхолдинг” ААКтын жана “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы” ААКтын кызматкерлерин жайгаштырууну камсыздоо сунушталсын.
10. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммернция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы белгиленген тартипте “Мамфинхолдинг” ААКка, уставдык ишине ылайык иш жүргүзүүгө лицензия жана/же уруксат берүүнү камсыз кылсын.
11. “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы” ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен карыз алуучулардын ортосунда мурда түзүлгөн келишимдерде аныкталган шарттарда тапшырма келишими боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен кабыл алынган келишимдер боюнча бюджеттик кредиттерди кайтарууну камсыздоо;
2) жыл сайын “Мамфинхолдинг” ААКтын дарегине бюджеттик кредиттерди кайтаруу боюнча отчетторду берүү;
3) отчеттук жылдын жыйынтыгы менен Япония Өкмөтүнүн гранттарынын жана Мамлекеттик материалдык резервдин линиясы боюнча келип түшкөн кайтарылуучу каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталган алыш-бериш эсебине которуу;
4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун аймактык органдарынын кызматкерлерин ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 “Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
жогоруда аталган Жобого Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде эсепке алынуучу башка каражаттардын тизмесинде:
– 37, 38, 39-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– кыскартуулардын тизмесинен “ФКФ – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд” деген сөздөр алып салынсын.
14. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 5 жана 6-пунктчалары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-майындагы № 217 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомунун 6-пункту.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
16) Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |