Редакцияот 17.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз V сессиясынын

 

  2025-жылынын  17-апрели №29

 

«Көк-Арт айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»

 

Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылындагы №11 М.Орозалиева атындагы жалпы билим беүүчү орто мектебинин директорунун жана мектеп жамаатынын №11 М.Орозалиева мектебинде 1991-2024-жылдары мугалим болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан Турдумбетова Райма Ормокеевнаны Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө кайрылуу иретинде жазган сунушун Көк-Арт айыл кеңешинин кезексиз V-сессиясында карап, талкуулап төмөнкүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну №11 М.Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 1991-жылдан 2024-жылга чейин мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан Турдумбетова Райма Ормокеевнага билим берүүдө жана жаш муундарды тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Иш-кагаздарын жана төш белгисин даярдоо социалдык маселелер боюнча туруктуу

комиссиясына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

    4. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

 

                                       К.Э.Исмаилов