Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 18-июлу № 151
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (“Эркин-Тоо” гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 2091-берене менен толукталсын:
“2091-берене. Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу
1. Банктын жана банктык кызматтарды көрсөтүүчү башка жактын, виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн кардары, электр байланыш операторунун абоненти тарабынан үчүнчү жактарга электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды аларды ачуу мүмкүнчүлүгүн жана башкарууну берүү менен, үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана алардын кызыкчылыктарында укук ченемсиз аракеттерди жасоо максатында атайылап берүү же сатуу, эгерде бул олуттуу эмес өлчөмдө зыян келтирүүгө алып келсе, -
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Ошол эле жосун:
1) олуттуу өлчөмдө зыян келтирүү менен;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:
1) ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;
2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан жасалса, -
100ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштук курамында жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен, беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган, кылмыштардын бетин ачууга же бөгөт коюуга, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга көмөк көрсөткөн адам, эгерде анын аракетинде башка кылмыштын курамы жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Ушул беренеде электрондук төлөм каражаттары деп адамга акча каражаттарын башкарууга мүмкүндүк берген инструменттер (банктык эсеп, банктык төлөм картасы, электрондук капчык, интернет банкинг, акча каражаттарын башкарууга мүмкүндүк берген мобилдик тиркеме) түшүнүлөт.”.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 55 (3711) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |