Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 413
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускамада:
1) 5-пунктта:
– 1-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана/же пайдалуу кендерди иштетүү максатында жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон кен казуучу ишканаларга;”;
– 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“– турак жай менчик ээлеринин шериктиги.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
“3) жалданма кызматкерлеринин саны 50 адамдан аз болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүш иши менен алектенген юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул пункттун 2-пунктчасына ылайык эсептелет.”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 51–55-пункттар менен толукталсын:
“51. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көп болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүш менен алектенген юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү 2027-жылдын 1-январына чейин ай сайын өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелет.
52. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген, жалпы салык режими боюнча же бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөгөн жеке ишкерлер тарабынан жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ай сайын өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелет.
53. Жогорку технологиялар паркынын жана анын дирекциясынын жана Креативдүү индустриялар паркынын жана анын дирекциясынын резиденттеринин кызматкерлери, Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери – жеке жактар (имараттарды, жайларды, жер участокторун тейлеген жана кайтарган кызматкерлерден башкасы) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелет.
54. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эмгек акы төлөө фондунан төлөөнү тандаган кызматкерлерине айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, кызматкерлери үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, кармоо жана төгүү ай сайын иш берүүчү тарабынан кызматкердин иш жүзүндөгү эмгек акысынан жүргүзүлөт.
55. Субъекттерди жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка заказ берүү үчүн колдонулуучу маалымат системасына кошуу кызматтарын көрсөткөн юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып, ай сайын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка заказ берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык системаны пайдаланып иш жүргүзүүдөн алынган кирешесинен жеке жактын пайдасына эсептелет.”;
3) 8-пункттун биринчи абзацындагы “календардык жумуш күндөрүнүн санына барабар болсо” деген сөздөр “календардык жумуш күндөрүнүн санына барабар же андан көп болсо” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 30-пунктта “32-пунктунда” деген сөздөр “29-пунктунда” деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 31 жана 32-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31. Юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик) чарбалардын камсыздандыруу төгүмдөрү 2025-жылдын июнуна чейин чарба башчылары тарабынан өздөрү жана мүчөлөрү үчүн эсептелет жана камсыздоочунун эсебине төгүлөт, жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөсү болбогон жеке жактар тарабынан өзү үчүн эсептелет жана камсыздоочунун эсебине төгүлөт.
2025-жылдын июнунан тартып бир нече адамдын жалпы менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча бул адамдардын ар бири укук ырастоочу документ менен белгиленген үлүштөрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү болуп саналат.
32. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн мисалы:
1) 2025-жылдын июнунан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө:
– эгерде дыйкан (фермердик) чарбанын башчысы же мүчөсү же болбосо жеке жак бир райондо катталган бир нече участокко ээлик кылса жана ар бир участокко бул жер участокторуна (үлүштөрүнө) жеке менчик укугуна укук белгилөөчү документи болсо, эсептөөдө жана төлөөдө аларды кошуу жолу менен жалпы аянты аныкталат. Мында жеке жактар – айыл Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фонддорунун участокторун ижарага алуучулар же жайыттарды пайдалануучулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек;
– эгерде дыйкан (фермердик) чарбанын башчысы же мүчөсү же болбосо жеке адам ар башка райондо катталган бир нече участокко ээлик кылса жана ар бир участокко бул жер участокторуна (үлүштөрүнө) жеке менчик укугуна укук белгилөөчү документи болсо, анда ар бир райондогу ар бир участок боюнча өзүнчө эсептелет жана төлөнөт.
2025-жылдын июнунан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө:
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашаган, 5 адамдан турган Азимовдордун үй-бүлөсүнүн (мындан ары – Азимовдордун үй-бүлөсү) юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик) чарбасынын (мындан ары – ДФЧ) 19,5 га жери бар. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн ДФЧнын ар бир мүчөсүнүн категориясы аныкталат:
ДФЧ мүчөлөрү:
А.А. Азимов 3,0 га жер үлүшүнө ээ (кызматкердин категориясы: 001 – негизги) – 1 га ашык жер үлүшүнө ээ болгондуктан ОАЭнин 6 % өлчөмүндө төлөйт;
Б.Б. Азимова 11,0 га жер үлүшүнө ээ (кызматкердин категориясы: 001 – негизги) – 1 га ашык жер үлүшүнө ээ болгондуктан ОАЭнин 6 % өлчөмүндө төлөйт;
К.А. Азимов – пенсионер, 2,0 га жер үлүшүнө ээ (кызматкердин категориясы: 003 – пенсионер), камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган;
М.А. Азимова – каза болгон, 1,5 га жер үлүшүнө ээлик кылган (кызматкердин категориясы: 999 – каза болгон) – Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 52-статьясына ылайык укукка жөндөмдүүлүк каза болгондугуна байланыштуу токтотулган;
Т.Т. Азимова II топтогу майыптыгы бар, 2,0 га жер үлүшүнө ээ (кызматкердин категориясы: 100 – I, II топтогу майып) – камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган;
№ | ДФЧ мүчөлө-рүнүн аты-жөнү | ИЖН | Кызмат- кердин катего- риясы | Бардыгы | Анын ичинде | ||
Пенсия-лык фонд | ММКФ | МПТФ | |||||
1 | А.А. Азимов | 22104198100471 | 001 | ОАЭнин 6 % | 3 % | 1 % | 2 % |
2 | Б.Б. Азимова | 11605198600578 | 001 | ОАЭнин 6 % | 3 % | 1 % | 2 % |
3 | К.А. Азимов | 21506196700443 | 003 | 0 | 0 | 0 | 0 |
4 | М.А. Азимова | 11203197500698 | 999 | 0 | 0 | 0 | 0 |
5 | Т.Т. Азимова | 13112197800446 | 100 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Эгерде ДФЧнын мүчөсү 1 гектардан аз жер үлүшүнө ээ болсо, анда ал “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясынын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдөн жана төлөөдөн бошотулат.
Эгерде ДФЧнын мүчөсү 16 жашка толо элек болсо, ал тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдөн жана төлөөдөн бошотулат;
2) 2017-жылдан тартып 2025-жылдын июнуна чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө:
– юридикалык жакты түзбөстөн ДФЧ үчүн жана жер үлүшү жана/же участогу бар жеке жактар үчүн 2017–2025-жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары боюнча (сом/га) төлөнөт (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2017-жылдын 5-январындагы № 2 редакциясы);
– шаарларда жана калктуу конуштарда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жакын жайгашкан административдик райондор үчүн колдонулуучу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары боюнча белгиленет;
– калктуу конуштарда, жайгашкан жерине карабастан аймагында ошол калктуу конуш жайгашкан район үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери колдонулат;
– көлмөлөрү бар адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тийиштүү райондун сугат жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет;
– насостук станциялар менен сугарылуучу жерлери бар адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тийиштүү райондун кайрак жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет;
– токой фондунун участоктору үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн көп жылдык өсүмдүктөр үчүн каралган жер салыгынын базалык ставкаларына теңештирилет;
– 2017–2025-жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн мисалы:
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашаган, 5 адамдан турган Азимовдордун үй-бүлөсүнүн (мындан ары – Азимовдордун үй-бүлөсү) юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧнын 19,5 гектар жери бар. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн ДФЧнын ар бир мүчөсүнүн категориясы аныкталат:
№ | ДФЧ мүчөлөрү | ИЖН | Кызматкердин категориясы |
1 | Азимов А.А. | 22104198100471 | 001 – негизги |
2 | Азимова Б.Б. | 11605198600578 | 001 – негизги |
3 | Азимов К.А. | 21506196700443 | 003 – пенсионер |
4 | Азимова М.А. | 11203197500698 | 999 – каза болгон |
5 | Азимова Т.Т. | 13112197800446 | 100 – II топтогу майып |
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тарифтердин ставкалары боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы Азимовдордун үй-бүлөсү үчүн төмөнкүдөй түрдө эсептелет:
№ | ДФЧ мүчөлөрү | Сугат жерлер – 400 сом/га | Кайрак жерлер – 74,2 сом/га | Көп жылдык өсүмдүк-төр – 213 сом/га | Чабынды-лар/ жайыттар – 15 сом/га | Бар-ды-гы, га | Бардык эсептел-ген кам-сыздан-дыруу төгүм-дөрү (сом) | ||||
га | эсептел-ген кам-сыздан-дыруу төгүм-дөрү (сом) | га | эсептел-ген кам-сыздан-дыруу төгүм-дөрү (сом) | га | эсептел-ген кам-сыздан-дыруу төгүм-дөрү (сом) | га | эсептел-ген кам-сыздан-дыруу төгүм-дөрү (сом) | ||||
1 | Азимов А.А. | 2,0 | 800,0 | 1,0 | 74,2 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 3,0 | 874,2 |
2 | Азимова Б.Б. | 0,5 | 200,0 | 0,0 | 0,0 | 10,0 | 2130,0 | 0,5 | 7,5 | 11,0 | 2337,5 |
3 | Азимов К.А. | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 1,0 | 0,0 | 0,5 | 0 | 2,0 | 0,0 |
4 | Азимова М.А. | 1,0 | 0,0 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 1,5 | 0,0 |
5 | Азимова Т.Т. | 1,0 | 0,0 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,5 | 0 | 2,0 | 0,0 |
6 | Бардыгы | 5 | 1000 | 2 | 74,2 | 11,0 | 2130,0 | 1,5 | 7,5 | 19,5 | 3211,7 |
Азимовдордун үй-бүлөсүндө чарба мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат: Азимов К.А. – пенсионер, Азимова М.А. – каза болгон, Азимова Т.Т. II топтогу майыптыгы бар, буга байланыштуу Азимов К.А. жана Азимова Т.Т. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясынын 2-пунктуна жана 111-статьясына ылайык, Азимова М.А. – Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 52-беренесине ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдөн жана төлөөдөн бошотулган.
Төлөө үчүн жалпы сумма 3211,7 (үч миң эки жүз он бир) сом 70 тыйынды түзөт;
3) 2015–2016-жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө:
2015–2016-жылдар үчүн юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧ жана жер үлүшүнө жана/же участогуна ээ жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү мурдагы календардык жылы республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын тарифтеринин ставкалары боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
– 2 гектарга чейин жер үлүшүнө ээ болгондор – ай сайын, 2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин – 0,5 пайыз;
– 2 гектардан 10 гектарга чейин жер үлүшүнө ээ болгондор:
ай сайын, 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейин – 1 пайыз;
ай сайын, 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин – 1,5 пайыз;
– 10 гектар жана андан ашык жер үлүшүнө ээ болгондор:
ай сайын, 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейин – 2 пайыз;
ай сайын, 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин – 3 пайыз.
Юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧ башчылары жана мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөн суммалары фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
– Пенсиялык фондго – 90 пайыз;
– Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз.
Мисал:
| ДФЧ мүчөлөрү | ИЖН | Кызматкердин категориясы |
| Азимов А.А. | 22104197500471 | 001 – негизги |
| Азимова Б.Б. | 11605197900578 | 001 – негизги |
| Азимов К.А. | 21103200000443 | 003 – пенсионер |
| Азимова М.А. | 11203197500698 | 999 – каза болгон |
| Азимова Т.Т. | 13112197800446 | 100 – II топтогу майып |
19,5 гектар жерге ээ болгон Азимовдордун үй-бүлөсүнө 2016-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй түрдө эсептелет:
№
| ДФЧ мүчөлө-рү | Сугат жер-лер (га) | Кай-рак жер-лер (га) | Көп жыл-дык өсүм-дүк-төр (га) | Чабын-дылар/ жайыт-тар (га) | Бар-дыгы (га) | Камсыз-данды-руу төгүм-дөрүнүн тари-финин ставка-сы (сом) | 2016-жыл-дын 1-жа-рым жыл-дыгы үчүн, 2014-жыл-дагы орто-чо эмгек акы (сом) | 1 айга эсеп-телген кам-сыз-данды-руу төгүм-дөрү (сом) | Ай-лар-дын саны | 1-жа-рым жыл-дык үчүн эсеп-тел-ген кам-сыз-дан-ды-руу тө-гүм-дөрү (сом) |
1 | Азимов А.А. | 2,0 | 1,0 | 0,0 | 0,0 | 3,0 | 1,5 | 9640 | 144,6 | 6 | 867,6 |
2 | Азимова Б.Б. | 0,5 | 0,0 | 10,0 | 0,5 | 11,0 | 3,0 | 9640 | 289,2 | 6 | 1735,2 |
3 | Азимов К.А. | 0,5 | 0,0 | 1,0 | 0,5 | 2,0 | 1,5 | 9640 | 144,6 | 4 | 578,4 |
4 | Азимова М.А. | 1,0 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 1,5 | 0 | 0 | 0 | 6 | 0 |
5 | Азимова Т.Т. | 1,0 | 0,5 | 0,0 | 0,5 | 2,0 | 0 | 0 | 0 | 6 | 0 |
| Бардыгы | 5 | 2 | 11 | 1,5 | 19,5 |
|
| 578,4 |
| 3181,2 |
Азимовдордун үй-бүлөсүндө чарба мүчөсү Азимов К.А. 2016-жылдын мартында 16 жашка толду, 2016-жылдын январь, февраль айларында ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдөн жана төлөөдөн бошотулган.
Ошондой эле Азимовдордун үй-бүлөсүндө II топтогу майыптыгы бар чарба мүчөсү Азимова Т.Т. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдөн жана төлөөдөн бошотулган.
2016-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн төлөөгө жалпы сумма 3181,2 сом (үч миң бир жүз сексен бир сом) 20 тыйынды түзөт.
2015–2016-жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы ушул мисалга окшош эсептелет;
4) 1998–2014-жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө:
1998-жылдан тартып 2014-жылга чейин юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧ жана жер участогуна (үлүшүнө) ээ жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн салык мыйзамдарында белгиленген жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүндө төлөгөн.
Мисал:
19,5 гектар жерге ээ болгон Азимовдордун үй-бүлөсү үчүн 2014-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй түрдө эсептелет:
№ | ДФК мүчөлө-рү | Сугат жерлери үчүн жер салы-гынын базалык ставка-сынын өлчөмү – 400 сом/га | Кайрак жерлер үчүн жер салыгынын базалык ставкасы-нын өлчөмү – 74,2 сом/га | Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн жер салыгынын базалык ставкасы-нын өлчөмү – 213 сом/га | Жайыт үчүн жер салыгы-нын базалык ставка-сынын өлчөмү – 15 сом/га | Бар-ды-гы, га | Бардык эсеп-телген кам-сыздан-дыруу төгүм-дөрү (сом) | ||||
Га | Эсептел-ген кам-сыздан-дыруу төгүмдө-рү (сом) | Га | Эсеп-тел-ген кам-сыз-дан-дыруу төгүм-дөрү (сом) | Га | Эсеп-тел-ген кам-сыз-дан-дыруу төгүм-дөрү (сом) | Га | Эсеп-тел-ген кам-сыз-дан-ды-руу тө-гүм-дөрү (сом) | ||||
1 | Азимов А.А. | 2,0 | 800,0 | 1,0 | 74,2 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 3,0 | 874,2 |
2 | Азимова Б.Б. | 0,5 | 200,0 | 0,0 | 0,0 | 10,0 | 2130,0 | 0,5 | 7,5 | 11,0 | 2335,4 |
3 | Азимов К.А. | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 1,0 | 0,0 | 0,5 | 0 | 2,0 | 0,0 |
4 | Азимова М.А. | 1,0 | 0,0 | 0, 5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 1,5 | 0,0 |
5 | Азимова Т.Т. | 1,0 | 0,0 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,5 | 0 | 2,0 | 0,0 |
6 | Бардыгы | 5 | 1000 | 2 | 74,2 | 11,0 | 2130,0 | 1,5 | 7,5 | 19,5 | 3209,6 |
1998–2013-жылдар мезгилинде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 2014-жылдагы эсепке окшош эсептелет. 2014-жылы төлөө үчүн жалпы сумма: 3209,6 (үч миң эки жүз тогуз) сом 60 тыйынды түзөт;
5) 1997-жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсеби:
юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧлар, жер участогуна (үлүшүнө) ээ жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү “Кыргыз Республикасынын 1997-жылга республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тарифтердин ставкалары боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө эсептелет:
– чарбанын бир мүчөсүнө 0,05 гектардан 0,15 гектарга чейин жер үлүшүнүн өлчөмүндө – ар бир эмгекке жарамдуу мүчө үчүн бир минималдык эмгек акынын 23 пайызы;
– чарбанын бир мүчөсүнө 0,16 гектардан 0,25 гектарга чейин жер үлүшүнүн өлчөмүндө – ар бир эмгекке жарамдуу мүчө үчүн эки минималдык эмгек акынын 23 пайызы;
– чарбанын бир мүчөсүнө 0,26 гектардан жогору жер үлүшүнүн өлчөмүндө – ар бир эмгекке жарамдуу мүчө үчүн үч минималдык эмгек акынын – 23 пайызы.
Эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
№ | ДФЧ мүчөлө-рү | Жер үлүшү-нүн өлчө-мү (га)
| Минимал-дык эмгек акы (МЭА) | Камсыз-дандыруу төгүмдө-рүнүн тарифи-нин ставкасы (%)
| Бир ай үчүн эсептелген камсыз-дандыруу төгүмдөрү (сом) | Бир жыл үчүн эсептелген камсыздан-дыруу төгүмдөрү (сом)
| ||
1-жа-рым жыл-дык (сом) | 2-жа-рым жыл-дык (сом) | 1-жа-рым жыл-дык (сом) | 2-жа-рым жыл-дык (сом) | |||||
1 | Азимов А.А. | 0,05тен 0,15ке чейин | 75 | 90 | бир МЭАнын 23 % | 103,5 | 124,2 | 227,7 |
2 | Азимова Б.Б. | 0,05тен 0,15ке чейин | 75 | 90 | бир МЭАнын 23 % | 103,5 | 124,2 | 227,7 |
3 | Азимов К.А. | 0,16дан 0,25ке чейин | 75 | 90 | эки МЭАнын 23 % | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
4 | Азимова М.А. | 0,16дан 0,25ке чейин | 75 | 90 | эки МЭАнын 23 % | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
5 | Азимова Т.Т. | 0,26дан жогору | 75 | 90 | үч МЭАнын 23 % | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
| Бардыгы |
|
|
|
| 207,0 | 248,4 | 455,4 |
;
6) 1996-жылдагы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсеби:
юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧлар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү “Кыргыз Республикасынын 1996-жылга республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тарифтердин ставкалары боюнча ай сайын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө менен минималдык эмгек акынын үч эселенген өлчөмүнөн 23 пайыз өлчөмдө эсептелет.
1996-жылдагы камсыздандыруу төгүмдөрү жер үлүшүнүн санына карабастан эсептелет:
№ | ДФЧ мүчөлөрү | Минималдык эмгек акынын 3 эселенген өлчөмү (сом) (*) | Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин ставкасы (%) | Эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом) | |
бир айда | бир жылда | ||||
1 | Азимов А.А.
| 225 | 23 | 51,75 | 621 |
2 | Азимова Б.Б.
| 225 | 23 | 51,75 | 621 |
3 | Азимов К.А.
| 225 | 23 | 51,75 | 621 |
4 | Азимова М.А.
| 225 | 23 | 51,75 | 621 |
5 | Азимова Т.Т.
| 225 | 23 | 51,75 | 621 |
| Бардыгы
|
|
| 258,75 | 3105,0 |
(*) 1996-жылдагы камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн минималдык эмгек акы – 75 сом.”;
6) 33, 34, 35-пункттарда “32-пунктунда” деген сөздөр “29-пунктунда” деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 47-пунктта:
– 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма кызматкерлер (бирдиктүү салыктын негизинде жалпы салык режими боюнча салыктарды төлөгөн текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер тарабынан жалдангандарды кошпогондо);”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 12–14-пунктчалар менен толукталсын:
“12) Жогорку технологиялар паркынын жана/же Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары катталган жеке жактар;
13) учурдагы жана/же келечектеги мезгилге камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен жеке камсыздандыруу эсебин ыктыярдуу негизде толуктоону каалаган, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу, такси кызматын жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрдү заказ кылуу үчүн колдонулуучу маалыматтык системаны пайдалануу менен иш жүргүзгөн жана киреше алган жеке жактар;
14) дайыма багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон баланын жана/же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын жеке ассистенти.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Жеке ишкерлерге жана жеке жактарга отчет берүү же камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн кошуп эсептөөгө жана төлөөгө тандоо укугу берилет. Тандоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө кайрылуу аркылуу каттоо параметрлерине өзгөртүү киргизүү менен жылына бир жолу жүргүзүлөт.”;
8) 49-пунктта:
– үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Электрондук камсыздандыруу полиси ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ишкердик жүргүзгөн жери боюнча же жеке ишкердин, жеке жактын жашаган жери боюнча берилет, ошондой эле салык төлөөчүнүн жеке кабинети жана үчүнчү жактардын (коммерциялык банктардын, мобилдик байланыш операторлорунун ж.б.) санариптик платформалары аркылуу ыйгарым укуктуу орган бекиткен формада, мөөнөттө жана тартипте сатып алынат.”.
– төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү – он биринчи абзацтар менен толукталсын:
“Патенттин негизинде ишкердик жүргүзгөн жеке ишкерлер, жеке жактар патентти колдонуу мөөнөтүнө камсыздандыруу полистерин сатып алат.
Патенттин колдонуу мөөнөтүнө сатып алынуучу камсыздандыруу полисинин наркын аныктоо үчүн анын бир айлык суммасын айдагы 30 күнгө барабар күндөрдүн санына бөлүү жолу менен 1 күндүк камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы эсептелет. Андан соң камсыздандыруу төгүмүнүн бир күндүк суммасы патент берилген мөөнөттүн күндөрүнүн санына көбөйтүлөт.
Мисал:
Жеке ишкер Э. Касымов 2024-жылы Бишкек шаарында 15 (он беш) күндүк мөөнөткө “Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: а) 1 стол/такта үчүн акы төлөнүүчү стол үстүндөгү оюндар (теннис, шахмат, нарда жана башка стол үстүндөгү оюндар)” иштин түрүнө патент алат. Ал үчүн тарифтин ар айлык ставкасы орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6 % кем эмес өлчөмдө белгиленген. 15 (он беш) күн үчүн төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы төмөнкүдөй эсептелет.
Орточо айлык эмгек акы, орточо айлык эмгек акынын деңгээли бүтүндөй республика боюнча орточо эмгек акынын деңгээлинен 50 % ашкан ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эсепке албаганда, Бишкек шаары боюнча 2022-жылга 2024-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн 20390 сомду түзөт.
20390 сом * 6 % / 30 күн * 15 күн = 612 сом.
Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык төлөгөн (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алган), берилген лицензиялардын негизинде иштеген, ошондой эле гонорар (сый акы) алган жактар үчүн үчүн полис айдагы календардык күндөрдүн числосуна берилет.
Мында камсыздандыруу полиси ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин отчеттук ай үчүн же кийинки айдагы отчеттук ай үчүн сатып алынышы мүмкүн.”;
9) 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“53. Ушул Нускаманын 29-пунктунда көрсөтүлгөн төлөөчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мөөнөттөрү ушул жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен белгиленет.”;
10) 72, 73-пункттарда “32-пунктунда” деген сөздөр “29-пунктунда” деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
12) жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде “Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү” деген сөздөр “Камсыздоочунун региондук органынын начальнигинин аты-жөнү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
14) жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемесинде “Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү” деген сөздөр “Камсыздоочунун региондук органынын начальнигинин аты-жөнү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) жогоруда аталган Нускаманын 5-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом 2024-жылдын 16-декабрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 7-пункчасынын тогузунчу абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |