Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июлу № 428
Бала асырап алган кызматкерлерге
өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 149-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 “Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |